Күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген келин: «ЖАЛГАН ЖАЛАА МЕНЕН АБАКТА ОТУРАМ»

Быйыл жай айларында жолдошу каза болуп, анын өлүмүнө шектелип өзү камакта жаткан кош бойлуу келин редакциябызга кайрылды. Бир сүйлөмдө канчалаган оор кырдаал камтылганын баамдадыңызбы? Келин бул окуя башына кандайча түшкөнүн баяндап берди. Ал бүгүн-эртең абактан көз жаруу алдында турат. Белгилүү себептерден улам аты-жөнүн өзгөртүп беребиз.

«АЛ ӨЗҮН-ӨЗҮ САЙЫП АЛГАН»

– Атым Айнура, учурда кош бойлуумун, эртең-бүрсүгүнү көз жарып калышым мүмкүн, ай-күнүмө жетип отурам. Бирок мен СИЗОдомун. Бул жакта жолдошумдун өлүмүнө шектелип кармалып отурам. Мага жабылган жалаа кайын журтум тараптан болууда. Окуя башынан болсун.

Жолдошум Самат (маркумдун да аты-жөнү өзгөртүлдү) экөөбүз баш кошконубузга аз эле болгон. Экөөбүз тең бири-бирибизди жактырып, көңүлдөрүбүз келишип баш кошконбуз. Анын биринчи турмушунан баласы, менин да мурдагы турмушумдан 1 кызым бар, учурда 5 жашта.

Үй-бүлөсү, атасы менен урушуп, ымаласы келишпей жаткандыктан чүнчүп, акыркы учурда ичкилик ичип жүргөн. Анткени ортодо үй талаш боюнча маселе бар болчу. Күйөөм үйдүн кичүүсү, ошол себептен ал үйгө калам дечү, бирок атабыз буга каршы болуп, айтор, ортодо тиричиликке байланышкан чырлар орун алып келген. Аялмын да, ортого түшүп, «тууган-уруктан кол үзбө, урушпа, жараш, атаңдан кечирим сура» деп айтып жаман көрүнүп да жүрдүм. Бирок Самат «бул жерде атамдар менен чогуу жашай албайбыз» деп батир таап, бизди алып үйдөн чыгып кетти. Ошол маалда атам (кайнатам) ооруп, мен ага ийне сайып жаткам. Биз кеткенден кийин 4 күндөн кийин атам каза болуп калды. Бир туугандары ошондо эле бизге тиш кайрап калышса керек.

Ушул жылдын 24-июнунда жолдошум адаттагыдай кызуу абалда келип, мени жөн жерден эле кызганып уруш баштады. Кызым экөөбүз дарбыз жеп отурганбыз. Колумда дарбызды кесип жаткан бычак бар болчу. Уруш күчөп кетип, мени жулкулдата баштады. «Самат, коё тур, колумдагы бычакты коюп коёюн, бала коркуп жатат» дегиче болбой, бычакты өзүнө тартып жибергенде көкүрөк тушуна сайылып кетти. Өзү олбурлуу болчу, менин ага күчүм жетпей койду. Өзүм «Тез жардам» кызматында иштечүмүн, дароо ооруканага алып жөнөдүк. М.Мамакеев атындагы ооруканада 3 күн карап жаттым. Жаракат алган жерине операция жасалды. Ошондо туугандарынын баары келип кетип эле жатышкан. Баарына жолдошум окуяны айтып берип жатканда «өзүм күнөөлүүмүн, ичкиликтин айынан уруш чыгарып, ушундай кырсык болуп кетти» деп жатты. 3 күндөн кийин инисин чакырып, «Айнура кыйналып кетти, үйгө барып келсин, бир күн менин жанымда кал» деп инисин алып калган. Эртеси шорпо кайнатып алып кайра ооруканага келсем, абалы оорлошуп жатыптыр. Ошентип кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды, ал жакка да өзүм алып киргем. Сырттан күттүк, бирок жолдошум жандандыруу бөлүмүнөн тирүү чыккан жок.

«ДАРЫГЕРЛЕР ПНЕВМОНИЯДАН КАЗА БОЛДУ ДЕШКЕН»

– Кийин эксперттер өлүмдүн себебин аныкташканда "өпкөсү эки тараптуу пневмонияга кабылган" деп чыгарышты. Бул окуяга милиция кошо аралашып калган. Анткени «Тез жардамды» бычактан жаракат алды деп чакырганда укук коргоо органдары кошо келет экен. Ошондо жолдошумду ооруканага алып кетип жатканда милицияга дагы «окуяга өзүм күнөөлүүмүн» деп айтып берген. Бирок жолдошум каза болору менен мени Сокулук РИИБине чакырышып, болгон окуяны сурап жазып алышты. Андан кийин баштан өткөн окуялар оор тийип, боюмдан козголуп төрөт үйүнө сактанууга жатып калдым. Бир аптадан кийин үйгө чыгып келсем, мени 7-июлда Сокулук РИИБине алып келип камап коюшту. Ошентип тергөө иштери жүрдү, жактоочу жалдадык. Иш тергелип, сотко өткөндөн кийин прокурор соттон 6 жыл 6 айга эркимден ажыратылышымды сурады. Сот жагдайларды карап чыгып, 11-сентябрда мени 6 жылга кесип жиберди. Учурдагы абалыма, үйдө 5 жашар кызым бар экенине да карашкан жок. Тергөөчүлөр менин күнөөсүз экенимди көрүп турушса да сотко эмне дей алышмак эле? Алар мага айтышты, сотко менин жактоочум тарабынан кош бойлуу экендигим тууралуу билдирме, үйдө кичинекей кызым бар экени тууралуу маалыматтарды берип жүйө келтирбептир. Анткени бизде каражат тартыш болгондуктан, жактоочуга жетишерлик каражат төлөй албай калганбыз. Ошентип жөн жерден жалаа менен соттолуп, мени СИЗОго алып келип киргизишти.

«ЖАКТООЧУ ҮЧҮН КАРАЖАТ ЖОК»

– Кийинки инстанцияга арыз жазылды, туугандарым, апам, бир туугандарым эптеп башка жактоочу жалдап, азыр соттун акыйкат чечими үчүн жүгүрүп жүрүшөт. Кийинки жалданган жактоочу «биринчи кызыңарды актап чыгаралы, анан акысын сүйлөшөбүз» дептир. Азыр апамдын жактоочуга төлөй турган каражаты деле жок. Азыр менин кызымды багып жатат.

Менин камакта отурушума кайын журтум кызыкдар болуп, атайын жасап жатышат. Сокулуктун милиция кызматкерлери жолдошум ооруканада жатканда «аялыңдын үстүнөн арыз жазасыңбы?» десе, «өзүм күнөөлүү болсом эмнеге жазмак элем?» деп аларды кетирип жибериптир. Андан кийин жолдошумдун менин үстүмдөн жазган арызы орто жолдон пайда болуп, арыз Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине багытталып жазылган экен. Кылмыш болгон күндө деле, окуя Сокулук районунда болуп жатса, арыз кандайча Ленин РИИБине келип түшүп калат, түшүнгөн жокмун. Менин баамымда, кайын журтум ошол жакка өздөрү жазып эле өткөрүп коюшкан окшойт. Анткени алардын ошол жакта иштеген туугандары бар. Мындан тышкары жолдошум 3 күндөн кийин абалы оорлошуп жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган учуру да көз жаздымда калып жатат. Башта айтылгандай, жолдошумду жандандыруу бөлүмүнө алып кирип бара жатышканда врачтар "дем алуусу начарлап, дем жетишпей жатат" дешкен. Андан кийин эксперттер анын пневмониядан каза болгонун тастыкташкан. Ал тургай эксперт сотко келип, жолдошумдун өлүмүнүн себебин айтса кайнежелерим анын сөзүн калпка чыгарып, сүйлөтүшпөй, болгон жалаанын баарын мага жаап соттотуп жиберишти. Барган сайын абалым оорлошуп баратат. Ушул жактан көз жарып калсам эмне болот деп коркуп жатам. Кийинки соттук отурум эртерээк өтүп, акталып чыгышымды бийлик өкүлдөрүнөн, кайдыгер карабаган соттордон суранып, акыйкаттык издеп жаткан чагым.

Окуяны экинчи тарабынан чагылдыруу аракетин көрүп, Айнуранын кайын журтун издедик. Алардын контакттары жок болгондуктан, социалдык тармактардан таап туугандарына байланышсак, жооп болгон жок. Экинчи тарап да өз чындыгын айтууга укуктуу экенин эске алып, кийинчерээк гезит бетинен орун бермекчибиз.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
karimov.o
2020-10-12 13:28:42
Өтө аянычтуу,Кудай күч кубат берсин
+11
elgul4
2020-10-12 13:36:48
Кайнжуртун Кудай жазаласын, уяты жок адамдар экен. Байкуш келин акталып чыкса экен...
+10
rola
2020-10-12 18:03:56
Кудай сактасын,тооба кылдык
+6
ZHaziko
2020-10-13 14:10:19
Менин оюумча Келин чынын айтып жатат. Акчан болсо прокурорду сатып Алса болот эле. Акча бербей койгон учун ушундай болуп Кетти окшойт. Саляновны кичинекей баласы бар деп чыгарып жибердиго! Эмне учун карапайым адамдар учун адилет жок.Окуном КР жалан олгур соттор прокурорлор коп
+12
Asanali
2020-10-15 20:46:11
Неге камашат келинди 5 жаштагы кызы болсо,дагы боюнда болсо. Анда Аида Салянованы да камашсын, аны жаш баласы бар деп ырайым корсотпой. Мыйзам баарына бирдей болушу шарт. Акчасы жокко эле мыйзам иштей бербей. Акчалууга мыйзам жокпу не?
+9
asylym77
2020-10-18 08:31:02
Эн тура издешсин табышсын жазсын жардам бергиле
0
Omyke
2020-10-21 22:58:11
Куру дооматты эч кимдин Башына салбасын.кээ Бир тажаан адамдар бар корсода кормоксон болоберишет Алла Кубо баарына Келинге сабыр берсин
+4
Datka7777
2020-10-23 12:41:18
Сууга чоккон адам саманга жармашат
0
zamir_kgz
2020-11-29 19:10:43
Datka7777,Ушу силер бир нерсе билет окшойсунар ?
0
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан