АЯНТТАГЫ ТОЛКУНДООНУ "101" ЖАНА "103" БАЯНДАЙТ

Бишкектеги 5-6-октябрда орун алган толкундоодо бир катар объектилер талкаланып, зыянга учурады. Мындан тышкары жаракат алган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн барган “Тез жардам” кызматы, өрт өчүрүү кызматы да запкы жеп, жаракат алышты. Ансыз да материалдык-техникалык жактан “өлбө жаным өлбө” болуп иштеп жаткан куткаруу мекемелеринин күйүтүнө кулак салсак.

“УЧУРДА ИШКЕ ЖАРАМДУУ УНААЛАРЫБЫЗ ЖОККО ЭСЕ”

ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов өздүк курамдын коопсуздугун ойлоп, өрт өчүрүүчү унааларды сурап келген жарандардын кысымынан улам техникабызды берүүгө аргасыз болдук дейт.

– Митинг башталганда бизге “таштанды челектер өрттөнүп жатат” деген чакыруулар келип түшө баштады. Бирок биз элдин агрессиясына кабылып калбайлы деп жөнөбөй турдук. Бир аздан соң “аянтта унаа өрттөнүп жатат” деген маалымат келип түштү. Өрт өчүрүү кызматынан бригада чыгууга аргасыз болду. Ал күнү күйүп жаткан унаага жетип-жетпей жолдон чоң массага кабылып, чогулгандар өрт өчүрүүчү техниканы таш бараңга алып, кызматкерлерге жаракат келтиришти. Ошондо айдоочу алган жаракатына карабай техниканы чоң топтун ичинен айдап чыгып, башкаларды аман-соо алып калды. Алар кайтып келип бөлүмгө жайгашып, жаракат алган айдоочу ооруканага жеткирилгенден жарым саат өткөн соң эки кичи автобус менен 50-60тай адам колдоруна арматура, таш кармай келишип, “машинаны бергиле” деп коркутушту. Бизди “бул мамлекеттик мүлк, жарандардын коопсуздугун камсыз кыла турган техника” деп түшүндүргөнүбүзгө карабай, “бербесеңер мекемеңерди өрттөп кетебиз, талкалайбыз” деп кысымга алышты. Мындайда өздүк курамдын коопсуздугу бийик болуп, унааны берүүгө аргасыз болдук. Ошентип биринчи техниканы айдап кетишти. Арадан эки саат өткөндөн кийин кайра келип, экинчи машинаны алабыз деп чыгышты. Биз каршы болуп, мушташканга чейин бардык. Бирок кызматкерлердин саны аз болгондуктан көпкө туруштук бере алган жокпуз, алар экинчи унааны да айдап кетишти. Биринчисин тосмо кулатуу үчүн колдонушуп, акыры бакты сүзүп салышыптыр. Экинчиси да Ак үйдүн тосмосун кулатуу үчүн пайдаланылып, арыктын ичине киргизип ийишиптир. Үчүнчү техникабызды Ленин районундагы Сыдыгалиев көчөсүнө өрт өчүрүү үчүн барганда ошол жерден эл кол салып, талкалап салышты. Бирок кол салууга карабай, талкаланган унааны эптеп айдап келишиптир. Кийин ошол эле унаа менен Ак үйдөн чыккан өрттү өчүргөнү барганда ошол жерден аны да өрттөп жиберишти. Жыйынтыгында биздин 3 унаа талкаланып, өрттөлдү. Анын ичинен экөө таптакыр жарактан чыккан. Кайра калыбына келтирүү иштери каралууда. Азыркы тапта чыгымдар эсептелип жатат. Учурда ишке жарамдуу унааларыбыз жокко эсе. Биздин техникалардын абалы буга чейин эле жакшы эмес болчу. Бул кырдаал биздин абалды ого бетер начарлатты. Негизинен унааларды сатып алууга жана оңдоп-түзөөгө мамлекет тарабынан акча бөлүнүп, сатып алышыбыз керек. Тилекке каршы, ага каражат табылбай, ар кандай эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында унаа менен камсыз болуп келгенбиз.

“БАШЫМДАН ЖАРАКАТ АЛДЫМ, КОЛУМ ДА СЫНДЫ”

Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлерин кол салгандардан куткарып калган айдоочу Мирзат Эсен уулу учурда алган жаракатынан улам үйүндө дарыланууда.

– Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа өрттөнүп жаткан экен. Биз 6 кызматкер менен чыгып кеттик. Чүй көчөсү менен бара жатып, Ибраимов көчөсүнө жеткенде эл көп экенин көрүп, Киев көчөсүнө кайрылдым. Ал жерде дагы топтолгондор көп экен. “Биз өрт өчүрүү үчүн бара жатабыз!” деп үн күчөткүч менен кыйкырдык. Эл бизди акырындан коё бере башташты. Абдырахманов көчөсүнө жеткенде элдин көбүнөн улам жайлап калдык. Ошол учурда бир-эки киши машинанын терезесине таш ыргытып жиберишти. Аңгыча болбой таштар жапырт жаай баштады. Кызматкерлер баштарын катып эле ылдый болушту. Мага маңдайкы айнектен эч нерсе көрүнбөй калды. Кичинекей тешиктен шыкаалап алып айдап жөнөдүм. Мен жак терезе күбүлүп түшкөн экен. Ошол жерден башыма, колума таш тийип жатты. Бирок рулду коё берген жокмун, айдап кете бердим. Ал топтон чыккан соң Эркиндик бульвары тараптан дагы бир топко туш болдук. Көрсө, алар милиция кызматкерлери экен. Ошол жерден мурдумдан кан кетип, өзүмдү жоготуп коюптурмун. Жанымдагылар “Тез жардамды” күтпөй, жолдон машина кармап ооруканага салып жиберишти. Башыма бир нече ирет таш тийгендиктен баш мээм чайкалыптыр. Сол колум сынды. Учурда акырындан жакшы болуп келатам. Азыр ошол бригададагы балдар телефон чалып, рахматын айтып жатышат.

“БИЗДЕ АДАМДАРДЫ БӨЛҮҮ ТҮШҮНҮГҮ ЖОК”

Ушундай эле зыянды “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери жана техникалары да тарткан. Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Ыкчам иштер боюнча башчысынын жардамчысы Болотбек Абдылдаев ал күндү мындайча эскерди:

– 5-октябрда кечки саат 8ден өтүп калган убакта “Ала-Тоо” аянтынан көп чакыруулар түшө баштады. Биз ошол учурдан тарта жаракат алгандарды ооруканаларга ташый баштадык. Бирок аянтка чогулган айрымдар “Тез жардам” кызматына дагы кол салды. Мунун кесепетинен биздин 6 машина талкаланды. Бир “Тез жардам” унаасы таптакыр жарактан чыкты. Бир машинага кол салган учурда айдоочусу качып кетиптир. Аны төрт саат издедик. Бир фельдшер кызыбыздын башына таш тийип, азыр ооруканада жатат. Андан сырткары бир айдоочубуз менен врачыбызга кол салышып, экөө амбулатордук дарылануудан өтүп, үйлөрүнөн дарыланып жатышат.

Бизде адамдарды бөлүп кароо деген түшүнүк жок. Биз жаракат алган адамдарга бирдей жардам беребиз. Ал ким? Солдатпы, жөнөкөй кишиби же депутатпы баары бирдей. Ушуну түшүнбөй, бизге кол сала башташты. Ошол күнү бизде 36 “Тез жардам” унаасы иштеди. Түрдүү жаракат алган 107 кишини ооруканага алып бардык. Кырдаалга байланыштуу үйүндө эс алып жаткан кызматкерлерибиз дагы жумушка чыгышты. “Тез жардам” унаасы аз болгондуктан, айрым кызматкерлер биздин кеңседе иштешти. Анткени айрым жаракат алгандарды жакындары өздөрү алып келип жатышты.

“АЙНЕКТЕРГЕ ЦЕЛЛОФАН ЧАПТАП АЛЫП ЭЛ ТАШЫП ЖҮРДҮК”

Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттыкты сактоо кызматынын автобазасынын башкы инженери Кеңешбек Каратаев мындайча маалымат берди:

– Төңкөрүш күнү биздин 7 машина талкаланды. Көпчүлүгүнүн айнектери сынган. Бирөө таптакыр жарактан чыкты. “Тез жардам” унаасы жетишсиз болгондуктан, сынган айнектеринин ордуна целлофан чаптап берип, кайра 3 “Тез жардам” унаасын ишке чыгардык. Таптакыр жарактан чыккандар азыр токтоп турат. Булардын аккумулятор сыяктуу тетиктерине чейин чыгарып кетишкен, фаралары сынган. Бул “Тез жардам” унаалары негизинен Япониядан келген, сапаттары жакшы болчу. Мамлекет тарабынан сатылып алынган унаалар дагы талкаланды. Бизде буларды оңдоп-түзөө үчүн каражат жок. Биз акт түзүп, мэрияга жөнөтөбүз. Алар бул маселени карап чыгышат. Учурда чыгымдарды эсептеп жатабыз.

“БИЗ КУРАЛ-ЖАРАК ТАШЫГАН ЖОКПУЗ”

"Мен “Тез жардам” унаасын башкарып бара жатканда терезеге таш тийди" деген айдоочу Таалайбек Исмаилов буларга токтолду:

– Ызы-чуу болгон күнү кечки саат 23:30да чакыруу түштү. Унаада үч адам болуп Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишин көздөй Фрунзе көчөсү аркылуу бара жатканда таш ыргып келип айнекке тийди да, артта отурган фельдшер кыз жыгылып калды. Унааны артка айдап, кызды төртүнчү ооруканага жеткирдим. Учурда ал кызматкер дагы деле ооруканада дарыланып жатат. "Башка органдардын кызматкерлери “Тез жардам” унаасы менен курал-жарактарды ташышкан" деген маалымат чыгыптыр. Ошондуктан эл бизди курал ташып жүрүшөт деп ойлоду окшойт. Айрымдар бизге “Тез жардам” унаасы менен курал-жарак ташып жатасыңар” деп ачык айтып, бизди текшерүүгө алышты.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mira28
2020-10-19 11:48:59
Адам деп атай албайм бул акмактарды. Таш ыргыткан колуна сынсын. Кимге зыян кимге пайда келди. Ушул макаланы митинге баргандар кайсы табактай бетинер менен окуйсунар. Бийлик алмашты, силерге муштумдай алтын бердинби. Алган 1000сомунар 2 кунго жетпей кара курсагынардан анан туалетинерден орун тапты. Пайдасы 5 6 жаны орунга жетишкен чондор алды да калды. Мына эми чандайып жеп жыргашат. Куру эле соз беруу менен алдап коюшат, а кечээги оз байкесине таш ыргытып,оз карындашынын башын жарып, бир инисин
+3
mira28
2020-10-19 11:53:16
Олумго тосуп берген кыйкырыкчы уятсыз, намыссыз айбандарга эшектин тезеги да тийбейт. 5 жылдан кийин дагы 1000сомдон иштейби деп ай караган текедей отургула.Уйунор ортонуп,орт очургуч келбейт-мамлекетке асыласынар. Ден соолугунар начарласа тез жардам келбейт-мамлекет куноолуу.Кыргызстан каранкы калкы менен онолбой жатат.
+1
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан