Аянтта каза болгон Үмүтбектин атасы: “ЭЛ КЕРЕГИНЕ ЖАРАСЫН ДЕГЕН ҮМҮТТӨ АТЫН ҮМҮТБЕК КОЙГОНБУЗ”

Баш калаанын борбордук аянтында 5-октябрдагы массалык толкундоодо кырчындай жаш өмүр кыйылды. Ал көпчүлүк жаштар сыяктуу эле адилеттүүлүк, чындык издеп аянтка баргандардын бири болгон. Ал – Баткен облусунун Лейлек районунун кулуну, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу болчу. Үмүтбектин сөөгү 8-октябрда өзү туулуп-өскөн Кара-Булак айылында жерге берилди.

“БАЛАМ ОКУУГА ДИЛГИР, ТЕХНИКАГА ЖӨНДӨМДҮҮ БОЛЧУ”

Көз жумган жигитти эскерүү иретинде атасы Алтынбек Жуматаев менен баарлаштык.

– Уулум 2001-жылы 15-июнда туулган. Элдин керегине жарасын деген үмүттө атын Үмүтбек койгонбуз. 9-класска чейин айылдагы Кара-Булак орто мектебинде окуган. Мүнөзү жакшы, өзү жөнөкөй бала эле. Мектепте жакшы окучу. “Балдардын көз карашы менен” деген долбоорго катышып, ар түрдүү техникалык шаймандарды жана өрүк, алма кагын, курут кургатуучу аппарат жасаган. Жаңы нерселерди ойлоп тапканга өтө кызыккан, жаратман бала эле. Ар тармактуу жигит болчу. Куран курсун окуп, сертификатын алыптыр, ар кайсы багыттагы толтура сертификаттары, дипломдору бар. Каза болгонго чейин Бишкекте дизайнер болуп иштеп жаткан. Колунан көөрү төгүлгөн усталык да жайы бар болчу. Мектептен ар кандай сынактарга катышып, дайыма алдыңкы орундарды алчу. Коомдук иштерге активдүү катышып, өлкө тагдырына кайдыгер карачу эмес.

Үмүтбек үй-бүлөдө балдарымдын экинчиси болчу. Ушул жылдын башында, январь айында инилүү болгон. Кыргыздын белгилүү балбаны Раатбек агабыздай болсун деп инисинин атын Раатбек деп Үмүтбек өзү койгон. Акыркы жолу үйгө бир жыл мурда келип, чөп чабыкка жардам берип кеткен. Мага чөп чапкандын ыкмаларын айтып, “ата, мындай кылсак жеңил болот” деп үйрөтүп кеткен болчу. Мен да аны алкап, “балам, акылың тунук болсун, ак иштеп, жакшы жүр” деп көп айтчумун.

“ЖАШТАР САЯСИЙ КУРАЛ КАТАРЫ ПАЙДАЛАНЫЛДЫ”

– Ызы-чуу болгон күнү келинчегиме “Бишкекте митинг болуп жатыптыр, Үмүтбекке чалып айт, митингге чыкпасын” дегем. Телефон чалып сүйлөштүк, ошондо өзүм да угуп тургам “апа, чарчадым, үйгө баратам” деген болчу. Андан кийин түн ичинде чыдап тура албай көчөгө чыгып кеткен окшойт. Үмүт ооруканага 6-октябрга караган түнү түшүптүр. Жанында жүргөн жолдошторунун айтымында, кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан жаракат алып жатып калган экен. Ошондон кийин кан көп жоготуп, ооруканадан жан бериптир.

Жаштарды саясий курал катары пайдаланып коюшту. Эң эле биринчи элибизде ынтымак болушу керек, түндүк-түштүк, аймак-шаар болуп бөлүнүп-жарылуунун бизге кереги жок. Заманыбыз тынч болсун.

“ДОСТУКТУ БААРЫНАН БЕКЕМ ТУТЧУ”

Үмүтбектин атасы күйүттөн улам уулу тууралуу узагыраак сүйлөшө алган жок. Ал окурмандар жана эл арасында жаркын элеси менен калсын деп, анын аз да болсо жашап өткөн өмүрүнө кайрылууну туура көрдүк. Мугалими, Бишкектеги №17 кесиптик лицейдин директору Иноват Ниматова окуучусу тууралуу эскерди:

– Үмүтбек биздин лицейге 2017-жылы бюджеттик негизде 10 айлык тигүүчүлүк курсуна тапшырган. Өзүн өтө таза, тыкан алып жүргөн, кабыл алуусу тез окуучу болчу. Бизде негизинен кыздар көп окушат. Бирок негедир 2017-жылы эркек балдар көбүрөөк тапшырышты. Достору менен мамилеси аябай жакшы болчу. Достукка бекем эле. Сабактарга да жакшы катышчу. Тигүүчүлүк курста 7 ай окуган соң адатта практикага чыгышат. Практикада жүргөндө иштеп, жатаканада жашап жүргөн. Курсту 2018-жылы июнда аяктаган. Кийин ошону менен калып калбай, лицейибиздин 3 айлык бычмачылык курсун да окуду. Аны бүтүрүп, шаардагы тигүү цехтеринин биринде дизайнер болуп иштеп жаткан. Ата-энеси менен жакшы байланышта болчубуз. Тарбиячысы Үмүтбектин бөлмөсү дайым таза, тыкан болорун айтчу. Лицейибиздин жалпы жамааты телефон аркылуу атасы менен байланышып, көңүл айттык. Жол алыс болгондуктан, Лейлекке бара алган жокпуз. Аябай капа болдук.

Улуу муундагы саясатчылар жаштарды колдонуп коюшту. Жаштарды курал кылган туура эмес. Мен ушул нерсеге кейип турам. Бейкүнөө балабыз жарыкчылык менен коштошуп кетти.

“ДОСУМ КҮЛҮП-ЖАЙНАП, ТАМАШАКӨЙ БОЛЧУ”

Үмүтбекти бала кезден чогуу өсүп, мектепте бирге окуган жакын досу Топчубай Жолдошов эскерди:

– Митингге чогуу жашап, иштеген балдар менен барыптыр. 5-октябрда, түнкү саат 2лерде мага чалыптыр, уктап калган болчумун. Эртең менен ушундай окуялар болуп кеткенин уктум. Биз күн сайын эле видеочалуу аркылуу сүйлөшүп турчубуз. Акыркы ирет Инстаграм тууралуу сүйлөштүк. Телефон жөндөөнү, техника дегенди мыкты билчү. Вайндарды тартып, блогер болом дечү. Ал үчүн атайын камера жана башка жабдыктарды сатып алган. Биргеликте вайн тартабыз, бизге дагы балдар керек деп издеп жатканбыз.

Үмүт дайыма маанайы ачык жүрчү, капа болуп же маанайы чөгүп жүргөнүн көрчү эмеспиз. Көп тамашалашчу. Аракетчил жигит эле, качан көрсөң “аны жасаш керек, муну жасаш керек” деп изденип, аракеттин үстүндө жүрчү. Бала кезде Үмүттүн бою башка классташ балдарга салыштырмалуу кичирээк эле. Ошого карабастан эч кимден коркпой, эч нерседен тайманбаган эр жүрөк болчу. Кийинчерээк бою өстү. Акыркы жолу айылга июнь айында келгенде Үмүттүн туулган күнүн өткөрүп, шишкебек жасап отурганбыз. Азыр Үмүтбекти эскере турган ошол күндөр гана калды.

Азыр элдин массалык чогулуулары токтогону менен, абал толук кандуу жөнгө салына элек. Ал эми Үмүтбектен тышкары аянттагы митингден башы жарылган, көзүнөн, бир колунан айрылган жарандар да бар. Эми алар өмүр бою майып болуп калышты. Алардын жасаган курмандыгы жана Үмүтбектин үмүтү акталабы? Мезгил таразалайт.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jaskaaa
2020-10-20 11:30:37
Эх ушу бийлик? Дагы кан тогулгон жок деп эле какшап жатасынар? Козунон айрылган, колунан айрылган кан тогулгонго жатпайбы? Коз коруно элди кор кылып жатасынар! Баягы эле элди курал кылып. Кыргызстандын келечеги качан курулар экен.Менимче Шайлоонун кереги жок,жон эле абага акча чачып. Азыр акчаны бош кетире турган мезгил эмес. Кимиси келсе деле баягы эле.
+2
Kurmanbekova
2020-10-22 22:05:31
Жаткан жери жайлуу болсун Аллахым бейишти Насип кылсын

0
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан