КЫРГЫЗСТАНДЫК СПОРТЧУ «КОЛИЗЕЙ ММА» МЕЛДЕШИНДЕ ЧЕМПИОН БОЛДУ

Кыргызстандан Орусияда өткөн мелдешке барган спортчу Нургазы Акылбек уулу «Колизей ММА» мушташ уюмунун мелдешине катышып, чемпиондук курду жеңип алды. Кезектеги “Чемпиондор таймашы” турнири Москва шаарында 18-октябрда өткөн. Нургазы Акылбек уулу 57 килограмм салмак категориясында Colosseum Team титулу үчүн октагонго чыккан. Анын атаандашы орусиялык мушкер Селам Микаилов болду. Акылбек уулу биринчи раунддун экинчи мүнөтүндө эле атаандашын жеңип алды.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан