ӨЛКӨНҮ, ЭЛДИН ЖАШООСУН АЛДЫДА ЭМНЕ КҮТӨТ?

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө көп өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да экономикалык жактан көп жоготууларга дуушар болду. Өлкөдөгү соңку саясий окуялардын да экономикага таасири тиет дешет адистер. Кыргызстанда учурдагы экономикалык абалды тез арада кантип турукташтыруу керек жана алдыда элдин жашоосу кандай болот? Ушул сыяктуу суроолорго жооп алуу максатында серепчилердин пикирин уктук.

Эмиль Уметалиев, “KYRGYZ CONCEPT” компаниясынын негиздөөчүсү, мурдагы экономика министри: “БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ КИРИП, ДҮЙНӨЛҮК ӨНҮККӨН ЭКОНОМИКАДАН ЧЕТТЕП КАЛДЫК”

– Акыбал оор. Көпчүлүк секторлор толугу менен иштей элек. Элдин башка өлкөлөргө болгон кыймылы же болбосо эл аралык кыймыл менен байланыштуу болгон туризм сектору, авиакомпаниялар, ири транспорттук компаниялар жана мейманканалар дагы деле болсо толук түрдө иштеп баштай элек. Ошентип, кээ бир секторлор иштебей, кээ бирлери эми араң ишин жандантып жатышат. Жакшы иштеп жаткан секторлор да бар, бирок алардын саны аз. Пандемиянын таасири оор тийди. Көп ишканалардын экономикалык абалы 2019-жылдын башындагыдай калыбына келүүсү 2022 же 2023-жылга туш келет деген күтүүлөр бар. Эгерде пандемия уланып кетчү болсо, бул деле кечеңдеши ыктымал. Биздин экономикабызга терс таасирин тийгизген бир эле пандемия эмес, 2011-2012-жылдардан баштап, өзгөчө 2013-2014-жылдары бажы биримдигине киргенибиз болгон. Анткени Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) эрежелери бизге абдан ыңгайсыз болуп, биздин жергиликтүү ишканаларыбызга зыянын келтирген. Биздин улуттук кызыкчылыкты коргобой, Орусиянын демилгеси катары кайсы бир саясий кызыкчылыкты көздөп кеткен. Ошентип, дүйнөлүк өнүккөн экономикадан четтелип калдык. Өзүбүзгө керектүү буюмдар кымбаттап, Орусия, Беларусь, Казакстандын импорту менен эле жашап калдык. Бул нерсе экономикабыздын өнүгүшүнө түрткү болбой, тескерисинче, бизди алсыратып келди.

Мындан ары да оор абал күтүлөт. Өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдүн сөзсүз түрдө таасири тиет. Эң негизгиси, өлкөнүн багытынан көз каранды. Эгерде биз кайра эле көбүрөөк Орусияга ыктай берсек бул, албетте, терс таасирин тийгизет.

Саясий өзгөрүүлөрдүн таасири же болбосо бюджетте акча жетишпей жатат деп бизнестер куугунтукка алынып, алардан ашыкча салык тартылып алынса бул экономиканы уратат, башкача айтканда, бакты өсө элегинде кыйып салгандай же мөмө быша элегинде эле чогултуп алгандай кеп. Мунун баары өлкөбүздөгү саясий өзгөрүүлөрдүн багытына байланыштуу. Эгерде биз ишкерликти коргойбуз, менчик ишканаларды коргоп беребиз, ишкерлердин эркиндигин орнотобуз, дүйнөлүк соода мамилелерди кеңейтебиз деп ошонун негизинде иш алып барсак, ички дагы, сырткы да инвесторлор көбүрөөк кызматташып, экономикабыз жанданып кетиши мүмкүн.

Улуттук кызыкчылыгыбызды коргоп, элибиздин көйгөйүн көбүрөөк ойлонуубуз зарыл. Орусия бизге жакын, тарыхы тамырлаш өнөктөшүбүз. Алардын маданиятын, элин, албетте, урматтап-сыйлайбыз. Бирок биз алардын жүргүзгөн саясатын, мыйзамдарын түздөн-түз көчүргөндү токтотушубуз керек. Аларга кошулуу же биригип кетүү деген ойлорду жуктурган саясатчыларды бийликтен алыстатып, эгемендүү саясатыбызды жүргүзүүбүз керек.

Жакынкы жылдары жеңил турмуш болбойт. Чечкиндүүлүк кылып, өзүбүздүн, элибиздин кызыкчылыгын коргой турган мыйзамдарды, эрежелерди ошол эле Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде коюп, талашып, аракеттерди жасай алсак... Ошол эле учурда дүйнөлүк соода уюму менен карым-катнашыбызды кайрадан бекемдөөгө аракет жасаганыбыз оң. Соодада достук жок дегендей, маданиятта достук мамилебиз болгону менен, соодада жана саясатта элибиздин көйгөйүн өзүбүз чечүүбүз зарыл. Өлкөбүздүн кызыкчылыгына багытталган саясий чечимдерди кабыл алып, ишкерлерибизге көбүрөөк эркиндик бере турган эрежелерди кабыл алышыбыз керек.

Кубанычбек Идинов, экономика илимдеринин доктору: “МҮМКҮНЧҮЛҮК БОЛСО, ОРТО ЖАНА ЧАКАН БИЗНЕСКЕ ЖАРДАМ БЕРИШ КЕРЕК”

– Эксперттер ички дүң продукция 7 пайызга түшөт деп ойлоп жатканбыз. Балким, 10 пайызга чейин төмөн түшүп кетүүсү ыктымал. Азыр ишти ылдамдатпасак болбойт. Ички дүң продукциябыз кечиге тургандай болуп турат. Экинчи бир чоң маселе бюджет маселеси болуп жатат. Бюджеттеги жетишсиздик 30 миллиард сомго чыгып кетиши күтүлүүдө. Жыл сайын бюджетти бекитерде салт боюнча 20 миллиард сом жетишпей калчу. Быйыл оор болуп турат. Садыр Жапаров келип, жаңы өкмөт түзүлүп, пандемиядагы акчалар кайда кеткени текшериле баштады. Пандемияда желген акчаларды кайтарса бюджетте кичине болсо да алдыга жылыш болор эле. Келечегибиз азыркы келген бийлик ишти кандай алып кетеринен көз каранды. Эки ай калды.

Элдин абалы чын-чынына келгенде оор. Алган айлыгы, тапкан акчасы айына жетпейт. Эл карыз сурап, эптеп оокат кылып биринин шапкесин бирине кийгизип, айландырып жашап жатат. Мүмкүнчүлүк болсо, орто, чакан бизнестегилерге жана элге жардам бериш керек. Бирок банктар да жогорку пайызда насыя беришет. Доллар көтөрүлүп кетти. Учурда доллар 80 сомдон ашып кетти, муну көзөмөлдөө керек болчу. Биздин резервдик фонддо 3 миллиард доллар бар эле. Азыр 2 миллиарды калды деп жатышат. Жок дегенде быйылкы жылы ошол акчанын 1 миллиардын коммерциялык банктарга сатып доллардын кунун ылдый түшүрсө болот эле.

Мыкты, таза, эл үчүн күйгөн, кесипкөй, жүрөгүндө жалыны бар жаштарды алып келип, ошол жеген-ичкендердин эсебинен бюджетти да, ички дүң продукциясын деле толтурса болот. Кытайдын карызы төлөнбөй турат. Биз азыркы учурда экономикалык жактан Казакстандан 10 эсе, Өзбекстандан 3 эсеге жана Армениядан 3 эсе артта калдык.

“СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨМДӨРДҮН ФОНДУНДА ТАРТЫШТЫК ЖОК”

Биринчи орунда калктын жашоосу турат. Учурда жөлөк пул, пенсия убагында берилеби деген суроолор жаралууда. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кыдыралиева маалымат берди.

– Биздин министрликте эч кандай кыйынчылыктар жок. Социалдык төлөмдөр өз убагында берилип жатат. Биздин бюджетте жылдын аягына чейин баары каралган. План боюнча баары өз ордунда. Биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөлөк пулдары өз убагында жетип жатат. Мисалы, балага сүйүнчү алуу мурда 1-2 айга чейин кечиктирилип келсе, азыр баары жөнгө салынган. Жаңы балалуу болгон үй-бүлөдөн бизге арыз келсе ал 2-3 күндүн тегерегинде каралып чыгып, балага сүйүнчү пулун өз убагында алып жатышат. Бардык төлөмдөр кечиктирилбестен төлөнөт.

Биздин министрлик башкаларга салыштырмалуу бир топ алгылыктуу иштерди жасады. Санариптештирүү боюнча көп иш-чаралар аткарылып жатат. Мисалы, бизде атайын портал бар. Онлайн түрдө арыз берсе болот жана сайтыбызда электрондук калькулятор иштелип чыккан. Анда жаран сайтка кирип, анын жөлөк пул алганга укугу болобу, кандай учурда ала алат жана башка ушул сыяктуу суроолордун баарына жооп таба алышат. Ошондой эле эл арасында нааразычылыктар болбошу үчүн жөлөк пул, пенсия алгандардын тизмеси жайгаштырылган.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aigesha1511
2020-10-29 14:28:00
Жолок пул алууга кайсыл сайтка кирип арыз жазса болот?билгендер айтып коюнуздарчы.
0
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан