Жалгыз бой эне: “ООРУП, БАТИР АКЫСЫН ТӨЛӨЙ АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Социалдык тармактар аркылуу “балдарым үйдө наны жок калды” деп билдирүү жасаган айымдын дарегин таап, үй-жайы менен таанышып, кабар алып келдик. Ал мындай оор акыбалга келишинин бирден-бир себебин ден соолугума байланыштуу деп түшүндүрдү. Айтымында, жолдошу мындан көп жыл мурун каза болуп калган. Каралашар эч кимиси калбаган Д.А. аттуу жалгыз бой аял тагдырын төмөнкүчө баяндап берди.

“АТА-ЭНЕМ ЭРТЕ КАЗА БОЛУП КАЛЫШКАН”

– Мен эки балам менен Бишкекте батирде турам. 39 жаштамын. Жолдошум 10 жыл мурун оорудан улам кайтыш болуп калган. Ашказанына жара чыгып, билинбей жүрүп эле залалдуу шишикке айланып кетиптир. Ошол убакыттан бери балдарымды өзүм жалгыз багып келем. Экөөнү чоңойтом деп иштебеген жерим калган жок. Кафелерде идиш жууп, ооруканаларда жана башка мекемелерде муздак сууга колумду салып пол жууп жүрүп бөйрөгүмө суук тийген экен.

Ата-энем мен 8-класста окуп жүргөн кезде каза болуп калган. Эжелеримдин колунда тарбияландым. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Бирок 1-курста эле жолдошум ала качып кеткен. Андан ары окуумду уланта алган эмесмин. Кыйналган учурда бир туугандарым колунан келишинче каралашты. Бирок бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт да. Агаң болсо жеңең жат, эжең болсо жездең жат. Алар да өз оокаттары менен кетишти. Кайын журтум жакшы эле турушат. Бирок такыр жардам беришпейт. Жолдошум көз жумганы эки баладан бир кабар алып коюшкан жок. Аларга караганда бөтөн-бөлөктөр жардам беришет. Ушуга ичим күйөт. Жолдошум сегиз бир тууган. Баары тең эркек. Кайната, кайненемдин көзү тирүү, Казарманда турушат. Эне болгондон кийин неберелерин көргүсү келет. Бирок балдары уруксат беришпейт экен. Анткени 2 баласы биринчи турмушунан, 6 баласы экинчи турмушунан. Муздак мамиленин бирден-бир себеби ушунда болуш керек. Жолдошумдун бир атадан агасы бар, ал деле жардам бербесе дагы, акыбалыбызды бир сурап койбойт.

“БӨЙРӨГҮМ ЖАРАКТАН ЧЫКПАСА ЭКЕН ДЕП КОРКОМ”

– Жолдошум каза болгондо улуу балам 3 жарым, экинчиси 2 жарым жашта эле. Эки балам кичинекей кезде үйгө камап коюп иштедим. Кошуналарга ачкычты таштап, “бир маал карап коёсузбу” деп тапшырып, күнүгө 50 сомдон карматып коём. Көрүнгөндүн ирик-чириктерин тазалап, иштебеген жерим калган жок. Эки баламды эптеп чоңойтуп алдым. Учурда улуусу 13, экинчиси 12 жашта. Экөө тең мектепке барышат. Окууларын катуу көзөмөлдөйм. Экөө тең “5” деген баага окушат. Ооруп, башымды көтөрө албай жатсам да “сабак карагыла” деп айтам. Анткени эне катары балдарымдын кыйналып жашашын каалабайм, алар билимдүү болушса дейм. Кийин бирөөнүн кызын алса, аны дагы кор кылбай татыктуу багышса экен. Кайсы кыз эле жаман турмушту кыялдансын. Балдарым да мени менен бирге оор турмушту көрүштү. Алар ачка калбасын деп бардык кыйынчылыктарга чыдадым. Азыр да жумуш чыкса жан талашып иштемекмин. Бирок бөйрөгүм ооругандан улам иштей албай калдым.

Быйыл эле ооруп калган жокмун. Үч жыл мурун дарыгерлер “жакшылап дарыланышың керек” дешкен. “Тапкан акчабыз тамак-аштан, батирдин ижара акысынан ашпайт. Мен кайсы акча менен ооруканага жатам? Балдарымды ким карамак эле?” деп дарылана алган жокмун. Анча-мынча дары ичип өзүмө келип калам, бирок көп өтпөй кайра эле оору кармап калат. Деги бөйрөгүм жарактан чыкпаса экен деп корком. Кокус мен бир нерсе болуп кетсем, балдарымдын тагдыры эмне болот?

“БАТИРДИН ИЖАРА АКЫСЫ 4 АЙДАН БЕРИ ТӨЛӨНӨ ЭЛЕК”

– Батирден батирге көчүп жүрүп тажадык. Айына 4000 сом төлөп бул үйдө жети жылдан бери жашайм. Үйдүн шарттары тууралуу айткым деле келбейт. Төлөгөн акчага жараша шарт да. Ооруп, иштебей кыйналганыма байланыштуу 4 айдан бери батирдин акчасы төлөнө элек. Кожоюндар жакшы эле адамдар, бирок “акча жок, кыйналып жатабыз” дегенди түшүнүшпөйт. Зирпилдеп келип, “эч нерсеңерди билбейм” деп ажылдап кетет. Бизди сыртка чыгарып койгон учурлар дагы болду. Бийликке келгендер карапайым элге көңүл буруп койсо болмок. Үй-жайы жок, батирде кыйналып жашагандар өтө көп. Кепедей болсо дагы үйүбүз болсо деп тилек кылабыз.

Карапайым элге ыраазымын. Мурун минтип элге кайрылчу эмесмин. Кайрымдуулук фонддор менен деле ишим жок болчу. Бул жолу наны жок калганыбыздан айла жок элден жардам суроого аргасыз болуп турам. Элди эл эле колдой турганына көзүм жетти. Карантин маалында түрдүү кайрымдуулук фонддорунан жардам болуп жатты. Ошол учурда дагы катуу кыйналгандыктан бир кайрымдуулук фонддо иштеген Жуман аттуу бала менен байланышып, абалымды түшүндүрдүм. Ал жигит мага азык-түлүк жагынан жардам берди. Бул жолу Жуман менен байланышсам, мен тууралуу социалдык тармактарга чыгарып коюптур. Бул жигитке чоң рахматымды айтат элем.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефону: 0700 77 63 56

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aiza90
2020-10-26 09:23:06
Экинчи аял алгысы келгендер ушул аялды, балдары менен камкордугуна алса, чындап акыретин ойлошсо
+7
Kamchybek-007
2020-10-26 16:14:37
Ооба десен 40 эми гана келиптир
+5
Sara1993
2020-11-01 09:16:24
Урматтуу кайрымдуу адамдар келиниздер баарыбыз 100 сомдон болсо дагы жардам берип койолу, бул жардамыбыз озубузго сооп болот.Бир жолу кафеге барып тамак ичпей койсок эч нерсе болбойт.
0
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан