Торок Момоконов: «СУМКАМДАН «СУПЕР-ИНФО» ТҮШПӨЙТ»

Балыкчы шаарынан келип редакциябызга баш баккан 72 жаштагы Торок Момоконов «Супер-Инфонун» дайымкы окурмандарынын бири. Карыя көп жылдан бери эртең менен дайыма чуркап, көнүгүүлөрдү жасап турарын айтып, окурмандарды сергек жашоо образына чакырды.

«ГЕЗИТТИ АПТА САЙЫН АЛУУ АДАТ БОЛУП КАЛГАН»

– Өзүм Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында төрөлгөм. Манасчы Саякбай Каралаев менин таякем болот. Атым торок уруусунун атынан коюлган. Азыр Балыкчы шаарында жашайм. Бишкектеги БУУнун алдындагы укук коргоо уюмунун мүчөсүмүн. Жашым 72ге келгени менен, үйдө кыймылсыз отура албайм, жаным тынбайт. «Супер-Инфону» окуп келе жатканыма көп жыл болду, кайсы жыл экенин так айта албайм. Гезитти жума сайын алуу адат болуп калат экен. Үйүбүздүн жанында гезит саткан дүкөн бар, жума сайын үйгө гезитти өзүм алып келем. Өзүңөр көргөндөй, «Супер-Инфо» сумкамдан түшпөйт. Кези келсе каалаган жерден окуп алам. Мурун окуган гезиттерди сан-сан кылып чогултчумун. Кыздарым сурайт, кантип аяйм? "Окуп келип берем" дешкени менен, кайра беришпейт да. Азыр өзүм баарын окуп бүткөндөн кийин башкаларга «окугула» деп берип коём.

«ЭСКИ ЫРЛАРДЫН ТАРЫХЫН ЖАЗАТ ЭМЕССИҢЕРБИ, ОШОНУ КЫЗЫГУУ МЕНЕН ОКУЙМ»

– Жашым улгайып калганы сканворд толтура албай калдым. Башка беттеринин баарын калтырбай окуйм. Бул гезитте саясат, ырчы, спортчу, оорулар тууралуу маалыматтын баары бар, жарнамаларды дагы таап жатпайбызбы. Ар башка гезитти окуганча баарын бир гезиттен окугандын өзү жакшы. Мен башка гезит окубайм, силердин маалыматтардын так экенине ишенем.

Өзүм ырга жакынмын, эски ырлардын тарыхын жазат эмессиңерби, ошондой макалаларды кызыгуу менен окуйм. Азыр эски ырларды жаңыртып көп ырдап жатышпайбы. Азыркы жаңы ырлар бир-эки күндө эле унутулуп, ошол эски ырлардай жүрөктө калбай жатат. Акындардан да көп-көп чыгарып турсаңар дейт элем.

«СПОРТ МЕНЕН МАШЫГЫП, КАРЫЛЫККА МОЮН БЕРГИМ КЕЛБЕЙТ»

– Окурмандарга айткым келет, жапжаш туруп эле карыдык деп карылыкка моюн сунбагыла. Мен көп жылдан бери эртең менен чуркап, көнүгүүлөрдү жасайм, велосипед тебем. Кемпирим дагы мага кошулуп көнүгүү жасап калат. Кээ бири 50 жашында эле карыдык деп отуруп калышат. 50 жаш карылык эмес. Шалдырап, ал-күчүңдөн тайып жүргөндүн эмнеси жакшы? Шайдоот болуп, өз жаныңарга тың болгула. Чуркагыла, жүрөгүңөр ачылат. Азыр жүрүп жаткан жаман оорунун да алдын аласыңар деп баарына айтып эле жатам. Илгери студент кезде бокско баргам. Журналист болмокмун, окуумду бүтпөй калгам. Азыр 72 жаштамын десем, «жашсыз го?» деп эч ким ишенбейт. «Чуркап, спорт менен жашасаңар, ушундай болосуңар» деп күлүп калам. Той-топурларда мандолина чертип ырдайм. Спорт менен машыкканымдын себеби – карылыкка моюн бергим келбейт. Адам карыбайм десе карыбайт.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан