БЫЙЫЛ КӨМҮРДҮН БААСЫ КАНДАЙ?


Күн сууктап, кыш жакындап, элдин кара алтынга болгон суроо­-талабы күчөдү. Быйыл көмүрдүн баалары кандай болот? Баалар кескин кымбаттап кетпейби? Ушул жаатта абалды иликтеп көрдүк.

КӨМҮРДҮН БААСЫН ЖӨНГӨ САЛСА БОЛОБУ?

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Айбек Мамыралиев:

– Бааларды, анын ичинен көмүрдүн баасын жөнгө салса болот. Эгерде көмүрдүн баасы 1 айдын ичинде 20 пайызга кымбаттап кетсе, Экономика министрлиги бааларды жөнгө салуу боюнча токтом кабыл алат. Атайын токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өз ишин жүргүзүп баштайт. Мындайча айтканда, ар бир облуска тиешелүү бааны коюп берет. Өкмөттүн токтомунун негизинде 90 күнгө көзөмөл жүргүзөбүз. Азыр түздөн-түз көзөмөл жок. Учурда баалар боюнча маселе Экономика министрлигинде каралып жатат.

“БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК БОРБОРУНА 1 МИЛЛИОН 110 МИҢ ТОННА КӨМҮР КЕРЕКТЕЛЕТ”

"Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева:

– Бишкек жылуулук борборуна 2020-2021-жыл­дын күз-кыш мезгилине карата 1 миллион 110 миң тонна көмүр керектелет. Биз "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзгөнбүз. Анын курамына жергиликтүү көмүр кендери кирет. Казакстандан 350 миң тонна Д, ДГ жана Г сортторундагы көмүрлөр алынып келинет. Ал эми 700 миң тоннасы БР, БЗ маркаларындагы жергиликтүү көмүрлөр. 60 миң тоннасы болсо ДСШ сортундагы жергиликтүү көмүр болуп эсептелет.

Бүгүнкү күнгө карата 350 миң тонна көмүр кошуна Казакстандан жана жергиликтүү кендерден ташылып келинди.


КӨМҮР БАЗАРДА ИШТЕГЕНДЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Быйыл көмүр былтыркыга салыштырмалуу тоннасы 200-300 сомго кымбат. Көмүр жүктөлгөн унааларды көчөнүн четине коюп алып тоннасын 4 миң сомдон сатышууда. Кара-Кечеден жүк ташуучу унааларга жүктөп келгендер көмүрүн дүңүнөн 3600-3700 сомдон баалап сатышууда.

“КАРДАРЛАР ЖЫЛДАГЫДАН АЗ ӨЛЧӨМДӨ АЛЫШУУДА”

Кубанычбек Эсенов, 8 жылдан бери көмүр ташып иштейт:

– Элде азыр акча жок. Жыл сайын 5 тонна көмүр алган кардарлар быйыл 2-2,5 тонна араң алып жатышат. Себеп дегенде жумушсуздук көп, маселенин баары акчага келип такалат. Биз негизинен Кара-Кеченин көмүрүн сатабыз. Азыркы учурда Шарбон көмүр карьерлериники жакшы сатылып жатат. Башкалардан айырмасы – жакшы күйөт, салмагы оор келгени менен, жылуулукту көпкө кармап турат. Беш-Сарыныкы да жакшы. Кара-Кече деп начар көмүрлөрдү алып келгендер жок эмес.

Бизден чоң мончолорго эксперимент катары 1 тонна алып жагып көрүшөт. Жакса алып кетишет. Адатта бул мезгилде элдин баары кышкыга көмүрүн даярдап коюшчу. Акыркы бир аптадан бери көмүр сатып алгандар азайды. Жыл сайын бул убакта 1 тоннасы 3700 сомдон сатылчу.

Көмүрдү сентябрдан апрелге чейин ала беришет. Кыргыздарды билесиз да, качан суук түшүп, үйдө тоңуп баштаганда анан камдана башташат (күлүп). Былтыр кара алтындын баасы 3500 сомдон 3800 сомго чейин болгон. Быйыл кымбат.

“ЖАКШЫ ДЕГЕНДЕ 1 КАМАЗДАН 4000 СОМ ПАЙДА КӨРӨБҮЗ”

Адилет Канатбеков, 8 жылдан бери көмүрдү алып-сатып иштейт:

– Азыркы тапта кара алтынды 3800-4000 сомго чейин сатып жатабыз. Мүшөгүн 170-180 сомдон бааланат, ал эми менде сатылган 1 капка 37 килограммдан салынган. Бизге көмүр алып келген КамАЗдар 3 жарым миңден кем сатышпайт. Былтыр өзүбүз көмүрдү 3200-3600 сомго чейин сатканбыз. Бул жылы кымбатыраак. Негизинен сентябрь, октябрь, ноябрь айларында көмүргө болгон талап көп болуп, баасы жогорулайт. Декабрда кайра баалар турукташып калат. Анткени көпчүлүк адамдар көмүрдү камдап алышат. Кээде кымбаттап кеткенинин себеби – Кара-Кечеде көмүрдүн запасы аз болуп, тазалоо иштери жүрүп жабылып калганда жүктөп алган КамАЗдар дүңүнөн бизге кымбат сатат. Эгер көмүр көп келип турса, стабилдүү эле бир баада турат.

“КАР ЖААСА БАА КӨТӨРҮЛӨТ”

Талип Саскараев, көмүр сатып иштегендердин бири:

– Тоннасын дүңүнөн 3500-3700 сомдон алып жатабыз. Бүгүн тоннасын 3700дөн алдым. Бул жылы былтыркыга салыштырмалуу 200-300 сомго кымбат. Өзүбүз 4000-4200 сомго чейин сатып жатабыз. Көмүр жүктөп, түшүргөндөргө 1 тоннасына 100 сом төлөйм. Саткан жерибизге ижара акысын төлөйбүз. Бир машинада 18-20 тоннадан келет. Ар кандай болуп калат. Кээде 3 машинаны бир күндүн ичинде сатабыз. Кээде 2 күндө сатып бүтөбүз. Азыр суук түшө элек. Кар жаап, күн сууктап баштаганда көмүрдүн баасы дагы көтөрүлөт. Кышында жол тайгалак болот. Кара-Кечеден келгенче айдоочунун чыгымдары да толтура болуп кетет, барып келиши эле азап, убаракерчилиги көп. Кочкордон баштап көмүр карьерине чейин шагыраган таштак жолдо жүрүшөт. Ошон үчүн бул жакка келгенче кымбатка түшүп калып жатпайбы. Жылдан жылга баа көтөрүлөбү, жол салынса, балким, кайра арзандайбы, азырынча эч ким айта албайт. Менин жеке оюмда, өзүбүздөн казылып алынган көмүрдү 2500-3000 сомдон эле кылып койсо жакшы болмок.

“БЫЙЫЛ КӨМҮР КЫМБАТ”

Көмүр керектөөчүлөрдүн пикир­лерин да угуп көрдүк. Бишкек шаарынын тургуну Тариель Байтоков буларды айтат:

– Менин үйүм буу системи менен жылыйт. Үйдү жылытуу үчүн жыл сайын октябрь-ноябрь айларында 5-6 тоннага жакын көмүр алам. Былтыркы жылы 6 тонна көмүрдү 3200 сомдон алгам. Быйыл баалар кымбат 4200-4500 сом болуп жатат. Бирок алигиче көмүр сатып ала элекмин, ойлонуп жатам. Негизи 4-5 тоннадай көмүр алсамбы деп жаткам. Бирок көмүр деле жакпай калабызбы деген да ой бар. Андан көрө электр энергиясына төлөп кыштан чыксак, арзаныраак түшөбү деп жатабыз.

Казакстандын Каражыра, Шабыркүл көмүрлөрүнө караганда өзүбүздүн Кара-Кеченин көмүрү жакшы. Анткени табы көпкө чейин турат. Сапаты боюнча казактардыкы деле жакшы, бирок бат күйүп кетет.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2020-11-12 17:57:37
Кыргызстанда ошончо Көмүр кени бар, ал кендерден эленип чыкканы ошончо, ошолорду эле сатып алса болотда Казактарга чуркабай!
+1
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан