Автандил Апитаев: “МАЙЫПТАРДЫ ЭЧ КИМ ЖУМУШКА АЛБАЙТ. МЕН ӨЗҮМДҮ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙМ”

Кол күрөш боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону Автандил Апитаев ДЦПдан жабыркап келет. “Ден соолугумда маселе бар” деп эч убакта өзүн чектебеген каарманым спорт менен машыгып, ар кыл жумушта иштеп, бизнес жаатында дагы өзүн сынап көргөн. Изденүүдөн тажабаган Автандил мырза учурда эмерек жасаган чакан цех иштетип келет.

“5 ЖАШЫМДА БАСТЫМ”

– Мен 36 жаштамын. Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлүп-өскөм. Учурда Токмок шаарында жашайм. Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетине тапшырып, окуумду бүтпөй 4-курста Москвага иштегени кетип калгам. 2005-жылдан 2010-жылга чейин Москвада иштедим. Ал жак мага аскерге барып келгендей эле болду. Көрбөгөндү көрүп, иштебеген ишим калган жок, көп нерсени үйрөндүм. Сантехник, электриктин ишин өздөштүрдүм. Курулуш иштеринде стропальщик болуп иштеп жүрдүм. Москвадан келгенден кийин телемунараларда электрик болуп да иштедим. Электр жабдыктары боюнча сынак тапшырып, 5-разряд алгам.

ДЦП менен жабыркаарымды ата-энем 1 жарым жашымдан баштап билишкен. Менин басып кетишим үчүн алар көп аракет кылышты. Баспай жүрүп, 5 жашымдан тартып кичинеден баса баштагам. Эптеп дубалдарга сүйөнүп бир-эки кадам шилтегенде эле жыгылчумун. Башында мектепке бара алчу эмесмин. Мугалимдер үйгө келип окутуп жүрүштү. 2-классымда бир таякем мени ээрчитип алып көп бастырып салды. Келгенден кийин бутум аябай ооруп эки күн жатып калдым. Бирок мунун пайдасы тийди, ушундан кийин бутума күч кирип жыгылбай баса баштадым. Анан классташтарыма кошулуп ойноп, тоого да чыга баштадым. Аларга кошулуп спорттук оюндарды ойноп, кийин бокско жазылып алдым. Ал жактан көнүгүүлөрдү жасап, чуркап, башка балдарга тең тайлашып машыгып жүрүп ден соолугум жакшы болуп кетти. Мурун бүктөлүп турчумун, негизи ДЦП менен ооругандардын тарамыштары тартылып турат да. Спорт менен алектенип жүрүп бара-бара тарамыштарым жазыла баштады. Баса алганым менен, баары бир кадимки адамдардыкындай күч, рефлекс жок. Учурда 2-топтогу майыпмын.

“КОЛ КҮРӨШ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ЧЕЙИН БАРЫП КЕЛДИМ”

– Колум күчтүү, мектепте балдар менен кол күрөштүргөндө баарын жеңчүмүн. Башында шаар, анан облус аралык мелдештерге кол күрөштөн катышып жүрдүм. Кийин республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып, 3-4-орундарды алып жүрдүм. Чемпион болушум керек деп колума көнүгүүлөрдү жасап, көбүрөөк машыга баштадым. Үзүрүн көрдүм, мелдеште оң-сол, эки кол менен күрөшүүгө чыгып, ар жылы бир колум чемпиондукту берчү эмес. Азиянын күмүш медалчысымын, Дүйнө чемпиондугуна барып 5-орунду алып калгам. Анда 60 килограмм салмакта чыкчумун. Азыр 70 килограмм салмак ченинде Өлкө чемпионумун.

2011-жылы үйлөнгөм, эки уулум бар. Апасы менен ажырашып кеткенбиз, уулдарым өз колумда, апам багышат. Улуу баламды онлайн окутуп жатабыз, кичүүсү эмдиги жылы окуйт.

“ИШТИ БАШТАГАНДА ПАЙДА ТАПЧУ ЭМЕСМИН, ЧЫГАША ЭЛЕ БОЛДУ...”

– 2019-жылы жазда Токмоктон Бишкекке келе жатып жол кырсыгына кабылгам. Алдымдан Фура чыга калып катуу урундум, машинам жарабай калды. Башыма кан уюп калыптыр, операция жасалды, жамбашым 2 жеринен, кабыргам 4 жеринен сынды. Берки айдоочу күнөөсүн моюндап, акча берип мени дарылатканы менен, ден соолугум баары бир мурункудай болбойт экен. Дарыгер “6-7 айсыз баса албайсың” деди. Чын эле баса албай каламбы деп корктум. Ооруканада бир айдан ашык кыймылсыз жаттым. Өзүм тырмышып кыймылга келүүгө аракет кыла бердим. Бутума турсам сынган жерлер оорутат. Жарым айдай майыптардын арабасында жүрдүм. Кыйналганда “кой, мен басышым керек, турам” деп ходунок менен баса баштадым, акыры таякка өттүм. Кайсы бутума күч келип кетсе, ошол жакка таяк таянып басып жүрдүм.

Жашоо токтобойт. Ансыз да майып деп эч жерге ишке албайт, колум билбесе бир жөн, колумдан бардык иш келет. Өзүмдү-өзүм жумуш менен камсыздасам эмнеге болбосун дедим да, интернетти карап издене баштадым. Акыры таза жыгачтан эмеректерди жасоого токтолдум. Материалы кымбат болот, бирок мен элге ыңгайлуу баада эле жасап берем. Кайың жыгач, фанераларын алам. Алар суу тийсе көөп кетпейт, бекем болот. Чакан орунду ижарага алып, жабдыктарды орноттум. Башында трансформер столдорду жасап баштадым. Ал столдор кийим үтүктөй турган тактай же шаты болуп калат. Алгач Бишкектеги базарларга, көчөлөргө чыгып сатып жүрдүм. Башында чыгаша эле болду, ага карабай кардар топтогонго аракет кылдым. Бир күнү бир эже келип “өзүң майып экенсиң, менин балам дагы майып, ага отургуч жасап бербейсиңби” деп калды. Ал эженин баласы ДЦП менен ооруган балдардын мектебинде окуйт экен. Мен жасап берген отургучту ошол жакка алып барыптыр. Ошондон көрүп, бири-биринен угуп буюртма бергендер көбөйдү. Азыр көпчүлүк буюртмаларды майып балдардын вертикализатору, атайын креслолор түзөт. Өзүм ДЦПдан жабыркагандыктан, алардын кандай кыйналарын жакшы түшүнөм. Мага буюртма беребиз дегенде барып баланын абалын көрүп кетем. Балким, бири башын же белин кармай албайт, бири түз отура албайт. Ошого карап ылайыктап анан курларын, тирөөчтөрүн жасайм. Майыптарга вертикализатор, атайын креслолорду Орусиядан 40-50 миң сомго чейин алдырышса, мен 5 миңден 11 миң сомго чейин жасап берем. Андан тышкары топчан, беседка, отургуч, селкинчек, керебеттерди жасайм. Эмерек жасаган цехти ачканыма бир жарым жыл болду. Убакытка такмын, кардарлардын буюртмасына олуттуу мамиле жасайм. Убадалашкан саатка бүтүрүп берем. Өз көйгөйүмдү аларга айтып убакыт создуктуруп жүрө берген мага жакпайт.

“БАШЫМДА БИЗНЕС КЫЛЫШЫМ КЕРЕК ДЕГЕН ОЙ АЙЛАНЫП КАЛГАН”

– Бизнесте башында пайда эмес, чыгаша болот экен. 1-2 айда "болбойт экен" деп жаап салсаң эмгегиң бекерге кетет. Алгач жеке ишимди Таш-Көмүрдө терезе парда сатуудан баштагам. Москвадан келгенден кийин эмне иш кылсам деп базарды карасам, Таш-Көмүрдө парда саткан жер жок экен. Ижарага дүкөн алып, пардаларды тиктирдим. Башында такыр соода болгон эмес, кечке акыйып эле отурчумун. 2 ай соода болгон жок, анан эл келе баштады. Ишим жакшы жүрүшүп кетти. Кийин Бишкекке келип, “Мадина” базарында да парда саттым. Казактар келип дүңүнөн эле алып кетишчү. Казакстанда “Хоргос” базары ачылгандан кийин соода солгундап калды. Анан дөңгөлөк сатууга өттүм, бизге начар дөңгөлөктөр көп келет экен. Жараксыздар чыга берип киреше ошого эле жумшалып кетип жатты. Анын үстүнө атаандаштык күч. Такыр банкрот болуп калбайын деп аны токтоттум. Ал ортодо такси, курьер кызматын көрсөтүп иштеп жүрдүм.

Жумушка кирүү үчүн кайсы жерге барбайын жакындаткылары келишпейт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды негизи жумушка алышпайт. Көбү майып экен, колунан эч нерсе келбейт деп ойлошот. “Сен иштей албайсың, сен эмес, ден соолугу чыңдар иштей албай жатат” деп айткандар көп болду. Бул сөздөргө чыдап иштей бергенимдин пайдасы тийди, колум бардык ишке жөндөмдүү болуп чыга келди. Москвада жүргөндө “Бай атам, кедей атам” деген китепти окугам, ошондон кийин башымда бизнес кылышым керек деген ой айланып калган. Мен “бирөө кыла алабы, анда мен дагы кыла алам, бирөө кыла албаса, анда мен биринчи кылам” деген ураан менен жашайм.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aimani
2020-11-16 13:29:19
Азаматсың. Ден соолугу жакшы бирок жумуш жок деп шылтоолоп жүргөндөр канча. Иштерине ийгилик, өзүңө ден соолук!
+2
Mubarak
2020-11-16 21:07:04
Азаматсыз чындап адамдар Ден соолуктары чын болуп туруп жашоого ыразы болгонду билбейбиз мына улгу алсак болот кыйналдым дебей
+2
Melitta-24
2020-11-17 09:13:29
Азаматсыз, ушунуңуздан жазбай алга умтула бериңиз
+1
Anarik87
2020-11-19 09:58:26
Азамат кыйын адам экен ,сен иштей албайсың деген адамдарды жек көрөм,ишине ийгилик.
0
rola
2020-11-19 19:09:10
Мен да ушундай ураанга отойун азамат экенсин.Ден-соолукта бол.
0
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан