Жамал Абдукеримова, ырчы: “БООР ООРУСУНАН УЛАМ КУРСАГЫМА СУУ ТОЛУП КЕТТИ”

...Сени бөпөлөдүм, жолуң төтөлөдүм,

Аны сезгендирсиң, менин көпөлөгүм.

Эркем эселегим, эстүү секелегим,

Тагдыр насип кылса бактым сенде менин...

Бир учурда хит болгон “Серенада” аттуу ыр сиздин да эсиңиздедир, окурман. Бул ырдын аткаруучусу Жамал Абдукеримова учурда оор абалда. Дарыгерлердин айтымында, анын боорун тез арада алмаштыруу керек. Анткени курсагына суу толуп, абалы оорлошуп бара жатат. Учурда Түркияда дарыланып жаткан Жамал айым менен байланыштык. Ал турмуш жолундагы бир катар өзгөрүүлөрдү, ооруп калганын, чыгармачылыктан алыстап кеткенин, жолдошу менен эмне себептен ажырашканын айтып берди.

“ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМДЫ АТАМ ОЙГОТКОН”

– Алгач эле алыстан болсо да кыргыз элиме рахмат айтам. Анткени менин үмүтүм өчүп бара жатканда жашоого болгон демимди кайрып бердиңиздер. Учурунда бир ырым менен таанылганымды, элдин көкүрөгүнөн орун алганымды деле билбептирмин. Азыр кол сунган, жардам берем деген адамдардын болгону мени кубандырууда.

Чыгармачылык жолума чыйыр салган атам болду. Өзүңөр билгендей, жазуучу, акын, журналист Садыралы Абдукеримовдун кызымын. Атам кичинекей кезимде эле талантымды байкап, комуз үйрөтүп, ийримдерге катыштырып жүрчү. Өзүм дагы кичинемден ыр менен жашаган кыз элем. Эл оозунда калып ырдалып жүргөн “Серенаданын” сөзү да, обону да атамдыкы. Аны атам ырдап жүргөндө сурап алып, өзүм аткарып чыккам. Радиого алып барып таштаганымдан аз убакыт өтпөй күйөрмандарын таап кетти.

Музыкадан тышкары чет тилдерди үйрөнүүгө кызыкчу элем. Андыктан жогорку билимди ушул багытта алайын деп Жалал-Абад университетинин чет тилдер факультетине тапшыргам. Окуп жатканда жолум музыка тарапка бурулуп, Улуттук консерваторияга тапшырып, мурунку окуумду таштап койдум. Тилекке каршы, ал окууну да бүтүрө албай калдым. Ошол нерсеге аябай өкүнөм. Чыгармачыл инсандардын мүнөзү жумшак, назик болот экен. Бир нерсеге катуу берилип, ырдаганда жан дүйнөм менен ырдачу элем. Жаш кезде эч нерсени капарга албай жүрө берет экенсиң. Оорум минтип оорлошуп кетерин, жашоом мындай нукка буруларын ойлогон эмесмин.

“ТУРМУШКА ЧЫГЫП, ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАДЫМ”

– Чыгармачылыктан алыстаганыма, биринчиден, оорум себеп болду, кийин турмушка чыккан аял катары үй-бүлө менен алек болдум. Чыгармачылык жол аялзатына оор болот экен, чыдаганы алып кетет, мага окшогондор ара жолдо кала берет тура.

Оорум турмушка чыкканда күч алып кетти. Кичинемде эмдөө учурунда медайымдардын шалаакылыгынан гепатит жуктуруп алыпмын. Ооруп жүрчүмүн, бирок анда анча билинчү эмес. Оорунун айынан врачтар ичимдеги баламды 5 айлык кезинде алдыртып салды, анткени экөөбүздүн тең өмүрүбүздү сактай албай калышарын айтышкан. Кийин да аборт кылганга туура келди. Бул оорунун айынан барбаган жерим, көрүнбөгөн доктурум калган жок. Дары менен жашап калган учурлар болду. Катуу кыйналдык, көп акча талап кылынды.

Жолдошум менен 2005-жылы баш кошуп, 10 жыл чогуу жашадым. Ошол убактарда эч кандай жаман сөз айтпай мени колдоп жүрдү. Ортодо бала, ден соолук маселелеринен улам эки башка жолго түштүк. Жолдошума, кайын журтума такыр нааразы эмесмин. Бул жашоо мыйзамы да, ал дагы балалуу болушу керек эле. Учурда ал үйлөнүп, 3 балалуу болгон. Бири-бирибизди капа кылбай, тагдырга баш ийип макулдашуу менен ажырашканбыз. Азыркы убакытка чейин кайын журтум абалымды сурап турат. Айрымдар мындай мамилебизге таң калышат.

“АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН ЧЕТ ЖАККА КЕТТИМ”

– Адам болгондон кийин үмүт үзүлбөйт экен, акча табуу максатында Түркия шаарына иштегени келгем. Ооруган кишинин иши деле туруктуу болбойт окшойт. Бир күн оору, бир күн соо болуп жүргөн убактар болду. Катуу кыймылдасам организмим туруштук бере албай калчу. Тез арада эле өнөкөт дартка айланып кетти. Азыркы учурда боордун циррозу илдетинин акыркы стадиясы менен жабыркап жатам. Боордун функциясын өт аткарып, башка органдарымды акырындап өлтүрүп жатат.

2 жылда ашказаныма 2 жолу операция жасаткам. Тилекке каршы, ашказанымда варикоздук кеңейүү болуп, кан кусуп жатам. Эми дагы ашказаныма операция жасатыш керек дешти.

Курсагыма суу толуп (асцит), аны алдырып жатканыма 2 жылдан ашты. Боорумду алмаштыруу үчүн 60 миң доллар сарпталат деп жатышат. Андай акча түшүмө да кирген эмес. Азыркы учурда элден жардам сураганга мажбурмун. Бирок мен 15 миң доллар гана сурадым, себеби бул бир эле трансплантациянын акчасы. Донорду өзүм табам деген ниет менен ушул суммага токтолдум.

Ден соолук бар кезде жашоонун таттуулугун билбейт экенсиң. Бир туугандарым, апам мен үчүн санаа тартып жүрүшөт. Борборго кетпей атамдын жанында окуп, атамдын ырларын ырдап элге жайылтсам болмок экен деп көп ойлоном. Эми деле кеч эмес, жакшы болуп кетсем чыгармачылыгымды улантам деген оюм бар. Азыр иштебейм, дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн. Керектүү сумма топтолсо операция жасатам деп күтүп жатам. Үмүт деген чоң нерсе экен. Үмүтүм бар...

Жамал Абдукеримованын ден соолугуна кайдыгер карабаган инсандар үчүн:

Элсом, Медер Абукеримов – 0779685668

Зираат Банк, Түркия – 5276820275892708

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Eliza83
2020-11-23 12:42:00
Кудай аай, эч бир адам оорубасын... Аман-эсен айыгып кет...
+8
Aselim
2020-11-23 17:55:43
Тезирээк сакайып кетсе экен. Аман болсун
+6
samirabi
2020-11-23 21:48:58
Шыпаасы болуп айыгып кетишине тилектешмин.Аябай сонун ырдайт эле бул кыз.
+6
Asmat84
2020-11-24 09:47:46
Аллахым шыпаасын берсин эртерээк айыгып кет карындашым
+3
nurhan2702
2020-11-25 16:07:49
Коп тукурсо кол болот, жардам берели
+2
Aylin_sadykova
2020-11-25 17:30:33
Тезирээк айыгып кетиңиз эже.
+2
sultan_bek
2020-11-26 16:06:58
Тенирим ден соолук берсин
0
Alixan-Nookat.2015
2020-11-29 02:25:52
Аллах таалам шыпаасын берсин.
+1
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан