Медина Эдилбаева, биринчи топтогу майып: “МЕНИ УНААСЫ МЕНЕН СҮЗҮП, ТЕБЕЛЕТИП КЕТКЕН АЙДООЧУ ЖАЗАСЫЗ КАЛДЫ”

34 жаштагы Медина Эдилбаеваны эки жыл мурун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн унаа сүзүп кеткен. “Мени сүзгөн кишинин “бутуна тургузуп берем” деген сөзүнө ишенип тосмо арыз жазып бердим эле, эми минтип жарым жан боюнча таштап койду”,- дейт ал.

“УНААНЫН ДАЛ ТУШУНА ЖЕТКЕНДЕ АЙДАП ЖИБЕРДИ”

– 2018-жылы 6-сентябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматов Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 80-100 метрдей ары жөө жүргүнчүлөргө арналган өтмөктөн мени унаа сүзүп кетти. Чыгыштан батыш тарапты көздөй өтүп бараткам. Айтматов кең көчөсү менен ылдый кеткен эки тилкедеги унаалар мени өткөрүп жиберишти. Өйдө кеткен тилкенин ортоңку бөлүгүндө Lexus үлгүсүндөгү унаа катуу келе жатыптыр. Мындай жол тандабас айдагандар тоготушпайт эмеспи, өтүп кетсин деп мен ага жол бошотуп, ортодогу сызыкка туруп калдым. Унаа катуу келип, дароо тормоз басканга жулкунуп токтоду. Өтмөктө жалгыз мен эле болчумун. Ал мени көргөн. Токтоду деп мен жолумду уланткам. Унаанын дал тушуна жеткенде айдап жиберди. Аралыгыбыз бир метрдей болчу. Эки кадам таштап, жол жээгине чыгып кеткенге жетишпей калдым. Көзүм караңгылай түштү. Жерде жаттым, баарын сезип, турайын деп ойлоп жаттым, бирок белден ылдый эч жерим кыймылга келбей койду. Ооруканага барганда эс-учумду жоготтум.

Айдоочу ата-энеме “сүзгөндөн кийин нес болуп, үстүнөн тебелеп кеттим” деп айтыптыр. Бел омурткаларым сынган, фиксатор коюлган. Денемдин 13 жеринен жаракат алдым. Жүлүндүн 90 пайызы жабыркаптыр. Азыр биринчи топтогу майып болуп отурам. Дааратканага өз алдымча бара албайм, катетер менен жүрөм, ал дагы кебер басып чыкпай калат. Урологдун үйгө келишин күтүп жалдырап отурмай. Жаракаттарымды жууп, таңуу менен күн кечирем. Ашканага эмгектеп араң жетем.

Мен өзүм Талас облусунун Кара-Буура районунан болом, 34 жаштамын. Юридикалык академияны бүтүргөм, кесибим боюнча иштеген жокмун. Кафе-ресторан, бильярд клубдарда администратор болуп иштеп жүрдүм. Турмушка чыккам, бир кызым бар. Азыр ата-энемдин колунда. Жолдошум менен кызым төрөлгөндөн кийин эле ажырашып кеткем. Кызымды эч нерседен кем кылбай бакканга кудуретим жетчү. Азыр кызыма бир байпак алып бергенге чамам жок.

“ДЕНЕМДИН, БУТУМДУН СЫЗДАП ООРУГАНЫНАН БИР МҮНӨТ КӨЗ ИРМЕБЕЙ ТАҢ АТЫРДЫМ”

– Мени сүзгөн киши жакындарыма “кызды дарылатам, кандай болсо ошондой бутуна тургузуп берем, колумдан келген аракеттин баарын жасайм” дептир. Убакыттын өтүшү менен мени кароосуз таштап, “мындан ары карабайм” деди. Ал 100 пайыз күнөөлүү, мен өтмөктөн өтүп кеткенче от алып алды, сүзгөнү аз келгенсип үстүмдөн тебелетип кетти. Кырсык болгон учурда баарын моюнуна алган киши эми “мен сени көргөн эмесмин, сен менин алдымдан чыга калдың” дейт. Мен кантип алдынан чыкмак элем, ага чейин мени ылдый кеткен эки тилкенин унаалары токтоп өткөрүп жатпайбы. Эки жыл каралашып жүрдү. Батир акысын төлөдү, 5000-2000 сомдон берип турду. Дары-дармектерди алып берип жатты. 4 жолу Воронцовкага алып барды, мамлекеттик камсыздоо боюнча биринчи топтогу майыптар бир жылда бир жолу бекер дарылануудан өтө алат экен. Эки жолкусуна ал киши алып барды. Ал жакта деле дарылоо укмуш эмес, мени жакшы клиникаларда дарылатса бутум жанданып, басып кетет белем? Минтип убакытты созду да, артын карабай качты. Эми “бутуна тургузам деген эмесмин, жардам берем дегем. Ал өзү күнөөлүү” деп, айткан сөздөрүн жокко чыгарып отурат.

Биодаараткана, майыптардын арабасын алып бердим деп мага чоң сыйлык бергенсип санап отурат. Мен кандай азап тарттым, денемдин, бутумдун сыздап ооруганынан бир мүнөт көз ирмебей таң атырам. Жүгүрүп жүрүп эле баса албай калсаң кандай жаман? Кабагым түйүлүп депрессияга түшүп кеттим. Азыр бир буттап ходунокко туруп калганыма каниет кылып калдым. 3-кабаттан эч жакка түшө албайм, өз алдымча эч нерсе кыла албай ар кимдин көзүн карап үйдө жалгыз отурам. Апамдар, туугандарым айылдан келип, кошуналарым тамак алып келип турушат. Өзүм кээде эптеп сүйрөлүп столго жетип, отуруп алып тамак жасайм.

Воронцовкага барганда бир эже менден эмне болуп бул акыбалга түшкөнүмдү сурап калды. Айтып бердим, ошол эженин уулу мени сүзүп кеткен Lexus’тун артында келе жаткан экен. “Балам ошол күнү купкуу болуп келген “бир кыз ак сызыкта турган, алдыбыздагы Lexus катуу бараткан, токтоп жатып эле жүрүп кетип ошол кызды сүзүп, үстүнөн тебелеп өттү. Тирүү калган жок го” деп келген. Ошол кыз сен турбайсыңбы”,- деди.

“ҮЧ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ БОЛДУМ”

– Мени сүзгөн Темирбек Чодураев – Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин экология жана туризм факультетинин деканы. Учурунда кылмыш иши ачылган. “Карайм, бутуна тургузам” деп тосмо арыз жаздырып алган. Операцияга кирерде “сүзгөн кишинин кебетесин көрөйүн” деп чакырттым. Палатага киргенде жер жумшак болсо кирип кетчүдөй байкуш болуп турган кебетесин көрдүм. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөшүп жатсам да бир жаман сөз сүйлөгөн эмесмин. Мындай даражалуу, билимдүү адам менен соттошпой эле коёлу. Андан көрө бутума туруп кетейин дегем.

Жайында белимдеги темирлер сынып, териден чыгып кетерде тезинен операция жасатыш керек болуп, байкеге чалсам кетенчиктеп жатып араң келди. Үч жолу тең операцияны Сабырбек Жумабеков жасаган. Баары Кудайдын колунда, убакыт, жакшы реабилитация керек деген. Бутум сырттан эч нерсе сезбегени менен, ичинен аябай катуу оорутат, чымырап, кысылып ооруганда ыйлайм. Эки жылдан бери бутумдун ичтен ооруганы мени жеп салды. Бутумдун башы кыймылга келбейт, манжалар кайрылып калган. Канча калың кийсем дагы жылыбайт, муздак бойдон турат. Укалоо жасатып турганда жакшы болчу. Өзүм колумдан келишинче ушалаганга аракет кылам. Бирок менде күч жок, бутума жакшы жетпейм, белим оорутат.

5000 сом жөлөк пул алам, ал эч нерсеге жетпейт. Ата-энем карапайым эле адамдар. Колундагы малын сатып батир акысын төлөп жатышат. Батир акысы 15 миң сом. Арзан башка батирге чыгайын дейм, бул абалымда эч жакка чыга албасам кантип арзан батир табам? Мендей майып немени да эч ким батирге албайт экен.

10-сентябрда Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгына, 14-сентябрда прокуратурага арыз жаздым. Прокуратура 30-сентябрда ишти кайра жандандырып берген. Бирок иш алга жылбай турат. Жактоочу алганга шартым жок. Азыр “мен күнөөлүү эмесмин” деп миң айтканы менен, укук коргоо кызматкерлери ошол учурда күнөөсүн толук моюндаганын тастыктаган документти көрсөтүштү. Адилеттикти талап кылам, минтип мени майып кылып таштап кетпей бутума тургузсун, карасын. Болбосо камалып жазасын алсын.

“КЫЗДЫ КӨРҮП, ЧОЧУП КЕТИП ГАЗДЫ БАСЫП АЛДЫМ”

Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин экология жана туризм факультетинин деканы Темирбек Чодураев менен байланышып, иштин чоо-жайын билдик.

– Мен Чыңгыз Айтматов көчөсү менен өйдө ортоңку тилкеде бара жаткам. Өтмөктөн токтогом, сол тарапта киши жок болчу. Оң тараптагы арчалардын арасынан киши чыга калбасын деп карасам эч ким жок. 20-30 метрдей алдыда жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер турган. Тормозду коё берип эле маңдайымдагы кызды көрүп чочуп кетип газды басып алдым. Ошентип кырсык болду.

Операциясынан тартып бардык керектөөлөрүн моюнума алдым, эки жыл колумдан келген жардамымды бердим. Батирдин ижарасын төлөдүм, багуучу жалдадык. Керек-жарагын бүт эле алып бердим. Воронцовкага алып барып дарылатып жаттым, массажга алып бардык. Кыз ходунок менен жүрө баштады. Айтканынын баарын эле кылып жаттым. 2 миллиондой каражат жумшалды. Өзүм мугалим болсом, кээде акча таппай каласың дегендей. Үй-бүлөнү да багыш керек. Мен жардам бербейм деген жокмун, дагы деле жардам берет элем. Бир аз кечигип калсам жаман сөздөрдү айтып, мени, бала-бакырамды каргап-шилеп, сенин түбүңө жетем деп эле чала берет. Мамиле түзүү мүмкүн болбой калды. Айла кеткенде жок кылсаң жок кыл, сот чечсин дедим. Арыз жазды, суракка барып жатам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
serche
2020-11-30 13:06:12
Кудайым озу сактасын кырсыктан. 2 миллион кетти деп эсептебей жардам бере бериш керек. Кыздын абалы оор, ошондуктан каргап-шилегенин тушунсо болот.
+4
Aimani
2020-11-30 22:47:23
Экөөнү тең түшүнсө болот. Кырсык болуптур. Эми бутуна туруп кете албаса өмүр бою багууга туура келет, же соттолуп отуруп чыгууга туура келет.
+9
Pankration_MMA
2020-12-01 12:12:32
Деканга 2млн акча эместа. Сен 100% күнөөлүүсүң, таза адамды майып кылыпсың!
-1
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан