Күмүшай Абдыкеримова, окурман: «КАНИКУЛДА МУРУНКУ ГЕЗИТТЕРДИ ОКУП ЧЫГАМ»

«Супер окурман» рубрикабыздын кезектеги коногу Күмүшай Абдыкеримова. Ал «гезитти окуп, керектүү беттерди кесип чогултуу – менин хоббим» дейт.

«КЫЗЫКТУУ МАТЕРИАЛДАРДЫ САБАКТАРГА КОЛДОНОМ»

– Мен Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айылынан болом. 30 жылдан бери айылдык мектепте мугалиммин, «Эл агартуунун отличниги» наамын алгам. 2006-жылдан бери «Супер-Инфо» гезитин окуп келе жатам. Мага жаккан беттерди кесип, файлдарга салып чогултуп келем. Гезиттин өзүн дагы чогултам. Башталгыч класстарга сабак бергендиктен «балакай», «билип ал» деген рубрикалардагы кыска, кызыктуу материалдарды сабактарга колдоном. Гезит ар тармактуу, окуй турган маалыматтар көп. Пайдалуу кеңештер, тагдырлар, ден соолукка байланыштуу материалдарды чыгарып турганыңар жакшы. Тамактардын кантип даярдалышын жеңил тил менен тизмектеп бересиңер. Ашкана, пайдалуу кеңеш, ден соолук жазылган беттерди кесип, өз-өзүнчө папкаларга салып коём. Кээде ошолорду алып чыгып пайдаланабыз. Эски ырлар, алардын жаратуучулары жөнүндө көп жазсаңыздар.

Почтага жазылгам, гезитти аптасына почточу алып келип берет. Сериалдарды окуйм, кийинки санда эмне болот деп кызыгып күтмөй. Гезит келгенде жумушту таштап коюп окуп чыгам. Дайыма үзгүлтүксүз окуп жүргөн гезит колуңа тийбей калса жаман болот экенсиң. Карантин учурунда чыкпай калганда абдан санааркадым. «Супер-Инфону» сатып алуу, чогултуу, өзүмө жаккан, кайрадан пайдаланууга боло турган беттерди кесип файлдарга салып чогултуу – бул менин хоббим десем болот. Сканворддорду калтырбай толтурам. Мурун жолдошум экөөбүз сканворд бетти талашып толтурчубуз. Жолдошумдун көзү өтүп кетти. Балдарым, келиндерим, кызым дагы гезит окуйт. Үйдө эч ким гезитти айрыбайт.

«ОНЛАЙН САБАК БАЛДАР ҮЧҮН ПАЙДАСЫЗ БОЛУП ЖАТАТ»

– Өзүм Ысык-Көл облусунда төрөлүп-өскөм. Учурда 55 жаштамын. Мамлекеттик ишмер Жумагул Сааданбеков агам, жазуучу Байма Сутенова эжем болот.

Мугалим катары айтат элем, адам китепти көп окушу керек. Колго кармап окуган жугумдуу болот. Көп нерсени үйрөнөсүң, китеп аң-сезимди өстүрөт. Телефонду тиктеп эле отура берген болбойт. Телефондон канча жаңылык окуба, гезиттеги маалыматты окусаң канааттанып каласың. Интернетке такталбаган маалыматтар чыга берет. Гезиттен так, чындыкка дал келген маалыматты ала аласың. Өзүм телефонго кызыкчу эмесмин. Онлайн сабак өтүп жаткандыктан кароого туура келип жатат. Онлайн сабак балдар үчүн пайдасыз болууда. Кээ бир балдарда телефон, үйүндө телевизор жок. Сабакка катышпаган окуучулар бар. Бул балдардын тагдыры эмне болот деп кейийсиң. Балдардын окуусун көзөмөлдөбөй кайдыгер караган ата-энелер кездешет. Мындай мамиле баланын келечегине терс таасирин тийгизет.

«Супер-Инфо» бир жылдары аймак-аймак кылып лотерея ойноткон. Анда мурунку сандардагы материалдардан суроолор берилчү. Ошондон тартып кызыгып чогулта баштагам. Мектепте каникул учурунда үйгө отуруп мурунку гезиттерди окуп чыгам.

Урматтуу окурман, эгерде сиз "Супер-Инфо" гезитинин туруктуу окурманы болсоңуз жана гезитке байланыштуу кызыктуу окуяларыңыз болсо 0770 88 27 18 номерине байланышсаңыз болот.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан