Forbes’тун тизмесине кирген LAY

«2020-жыл оор жыл болду. Бирок биз эртең бүгүнкүдөн жакшы болот деп үмүт кылып жашашыбыз керек. Антпесе баары артка кетет. Келечекке болгон ишенимди жоготпойлу. Кыялданууну, бактылуу болууну унутпайлы. Үй-бүлөбүзгө көбүрөөк көңүл бөлөлү, жакындарыбызды баалай билели»,- дейт «ЕХО» тобунун ырчысы Лэй. Дүйнө жүзүн каптаган пандемияда элдин көңүлүн көтөрүп, жаркын келечекке жетелеген талант тууралуу кенен маалымат берүүбүздү окурмандар көп суранышты. Анда эмесе, бүгүнкү k-pop каарманыбыз – музыкант, актёр, композитор, модель – Лэй.

Аты-жөнү – Чжан Исин

Псевдоними – Лэй

Туулган жери – Кытай, Чанша шаары

Туулган жылы – 1991-жыл, 7-октябрь

Бою – 177 сантиметр

Кесиби – «EXO» («EXO-М») тобунун солисти, ырчы, музыкант, композитор, актёр, модель

Лейбл – S.M. Entertainment, Zhang Yixing Studio

КЕДЕЙ, БИРОК БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТУУЛГАН

Учурда Лэйдин сырдашы, негизги колдоочусу да апасы. Бирок балалыгында апасы менен чогуу өткөргөн көз ирмемдери аз эле. Кичинекей Чжан Исинди, карыган ата-энесин багыш үчүн ата-эне көпчүлүк убактысын жумушта өткөрүшчү. «Ата-энемдин үйдө көп болбогонун сезчү деле эмесмин. Чоң ата, чоң энем мени ата-энемден көбүрөөк эркелетишчү. Эмне кааласам аткарышар эле. Жетелешип алып сейилдечүбүз, чогуу ойночубуз. Кечинде баарыбыз чогулганда бака-шака түшүп, мен ырдап, бийлеп, тамак ичип, айтор, абдан көңүлдүү отурчубуз»,- дейт балалыгы тууралуу эскерген ырчы. Чжан Исиндин үй-бүлөсү бакыт – байлыкта эмес, сүйүү, сыйлоо, мээрим, ынтымакта экенин далилдегендей.

КОРЕЙ САХНАСЫНАН ТАПКАН ИЙГИЛИК

Эң алгачкы чыгармачылыкка болгон кадамы 6 жашынан башталган. Кытай телеканалдарынын биринде көрсөтүлгөн ток-шоуго Чжан Исиндей таланттуу, тайманбаган балдар керек эле. Кичинекей болсо да камераны жактырган бала келечекте артист болорун ойлоп койгон. Бир нече жылдар аралыгында ал майда-чүйдө музыкалык сынактарга катышып, ар кандай берүүлөргө тартылып көрдү. Бирок ал күткөн ийгилик жок эле. Ошо кезде корей толкуну дүйнө жүзүн каптап жаткан. Өзүн корей сахнасынан сынап көрүүнү чечип, S.M. Entertainment агенттиги уюштурган сынакка катышып, өтүп кеткен. Анда Чжан 17 жашта эле. Стажёрлор өткөн окуудан, бардык кыйынчылыктардан өтүп, чыйралып чыккан жигит 2012-жылы «ЕХО» тобунун курамында дебют жасаган.

КЫТАЙ МУЗЫКАСЫН ЖАЙЫЛТКЫСЫ КЕЛЕТ

Топтун дебюттук "XOXO" альбому миллиондогон нуска менен сатылып, ырчылар бир заматта популярдуулукка көмүлүп калышкан. «ЕХО’нун» курамындагы Лэйди көпчүлүк бийчи катары баалашчу. 2014-жылы өзүнүн калемине таандык "I'm Lay" ырын ырдап чыкканда аны ырчы, композитор катары да тааныгандар көбөйгөн. 2015-жылы Лэй Кытайда «Zhang Yixing Studio» музыкалык студиясын ачып, эки мамлекетте бирдей карьерасын алып кеткен. 2016-жылы Кытайда анын жеке өзүнө таандык дебюттук «Lose Control» музыкалык альбому жарык көргөн. «ЕХО’нун» айрым мүчөлөрү аскердик кызматын өтөп жүрүшөт. Топ качан толук курамда сахнага чыгары али белгисиз. Бирок Лэй жеке ырчы, актёр, модель, продюсер, алып баруучу катары тынбай эмгектенип келет. 2020-жылы ырчынын «Lit» альбому чыкты. Корей музыкасы сыяктуу эле кытай музыкасын да дүйнөгө тааныткысы келет. Анын ырларын уксаңыз, кытайлардын улуттук музыкалык аспаптарынын коштоосунда, фольклордун элементтерин да уга аласыз.

БАЙ, ИЙГИЛИКТҮҮ, БОЙДОК...

Кумурскадай тынбай эмгектенген Лэй учурда дүйнө жүзүнө таанымал адам. Жакында эле Forbes 2020-жылдагы Кытайдагы эң бай атактуулардын 100дүгүн тизмелеп чыкты. Анда биздин бүгүнкү каарман 5-орунда турат. Эгер дагы да жигердүү иштей берсе, жакынкы жылдары бул тизменин алдыңкы сабынан да көрүп калышыбыз толук мүмкүн.

Мындай бай, ийгиликтүү жигит эмнеге бойдок? Бул суроону Лэй да көп угат. «Үй-бүлө жөнүндө сөз болгондо мен али жашмын да деп ойлоном. Бирок карасам 30га чукулдап калыптырмын. Мен курактуу досторум алды балалуу болуп, арты үйлөнүп калыптыр. Маңдайга жазылса баары өз убагында болот. Келинчегимди жөнөкөй, күйүмдүү, назик жан болот деп элестетем»,- дейт ал.

ЖЕКИ ЧАН МЕНЕН БИР ТАСМАДА

Лэй кайсы тасмаларда роль жараткан? Эң алгач «Менин кошуналарым «ЕХО» дорамасында роль жараткан. Бул сериалда топтун бардык ырчылары тартылып, ар ким өзүнүн ырчы катары ролун ойношкон. Сериалдан кийин Лэй «Эң мыкты жаш актёр» наамын алып, кошумча саундтректи мыкты аткарган ырчы катары жогорку баага арзыган. Андан сырткары «О, Кудай, ай», «Сырдуу 9дук», «Операция – «Сүйүү», «Армиянын негизделиши», «Кумдуу деңиз», «Алтын көз» жана башка сериал, тасмаларда образ жараткан.

Атактуу актёр Жеки Чандын бардык эле тасмаларын көрсөңүз керек. 2018-жылы чыккан «Кудайдын курал-жарагы-4: Байлык издөө» ("Доспехи Бога 4: В поисках сокровищ") тасмасынан Лэйди көрдүңүз беле? Байкабай калган болсоңуз, кайра бир жолу карап коюңуз. 2019-жылы Лэй Кытайдын мен-мен деген актёр-актрисалары менен биргеликте тарыхый «Императрица Мин» тасмасына тартылган. Алдыда дагы ар тараптуу образдарды жараткысы келген Лэй жөнүндө макалабызды ушуну менен аягына чыгармакчыбыз, окурман.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан