МАЙЫП ЖАРАНДАРДЫН БАГУУЧУЛАРЫ КОЛДООГО МУКТАЖ

3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга өлкөдө жетиштүү камкордук жок экени талашсыз. Андан тышкары алардын багуучуларынын абалы, көйгөйү да өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Мисалы, жоопкерчилик алып, майып жакынына бир өмүр байланган адамдардын үнүн укчулар барбы? Төмөндөгү макалада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын багуучуларынын көйгөйлөрүнө орун бердик.

МУКТАЖДЫКТАН УЛАМ АТА-ЭНЕЛЕР ТАРАБЫНАН ТҮПТӨЛГӨН АССОЦИАЦИЯ

Тамара Жумабекова Бишкектеги майып балдардын ата-энелери ассоциациясынын негиздөөчүсү. Өкмөттөн жардам болбогон соң майып балдарын психологиялык кризистен коруу максатында ата-энелер өздөрү ар кандай уюмдарга кайрылууга же аны түзүүгө аргасыз болушат дейт ал.

– Биз бул уюмду 1995-жылы 2-декабрда түптөгөнбүз. Анткени өзүмдүн кызым ДЦП болгон. Учурунда мен кызымды бала бакчаларга орноштура албай койгом. Мисалы, көчөгө алып чыгайын десең майыптар арабасы менен троллейбуска, дегеле коомдук транспортторго түшүрчү эмес. Аны кароо үчүн ата-эненин бирөөсү сөзсүз үйдө отурушу керек болот. Каржылык жактан да тартыштык жаралат. Көпчүлүк ата-энелер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кантип тарбиялашты же кантип өстүрүштү билишпейт. Аларга карата мамлекет тарабынан эч кандай колдоо жок. Ата-энелер айла жоктон балдарын майыптыгы бар балдардын интернатына берүүгө аргасыз болушат. Ушул сыяктуу балдар коомдо кадимки балдардай жашаганга мүмкүнчүлүк алышсын деп ассоциацияны түзгөнбүз. Биздин ассоциацияда жалаң гана балдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелер мүчө. Алар балдарын борборго алып келишет, өздөрү тарбиялашат, акыл-эсин өнүктүрүшөт, мындан улам майып балага кам көрүүчү катары атайын сертификаттарга да ээ болушат. Майып баласы бар энени же атаны ушундай көйгөйү бар адам гана жакшы түшүнөт.

Өкмөт тарабынан 2018-жылдан баштап оор формадагы майыптыгы бар балдарды караган 7000ден ашуун ата-энеге кызматкер катары айлык акы төлөнүп берилип жатат. Муктаж болгон адамдарды сыйлап, алардын көйгөйлөрүн чечип берген өлкө өнүккөн өлкө боло алат.

Бүгүнкү күндө майыптыгы бар балдардын 18 жашка чейинкилери (18 жашка чейин топко бөлүнбөйт) 4000 сомдон жөлөк пул алышат. 1-топ эмгекке жараксыз болгондуктан 4000 сом алат, 2-топтогулар 3000 сом, 3-топто болсо 2700 сом алышат. Бул жылуулук, коммуналдык төлөмдөргө эле араң жетет. Кийим-кечени айтпаганда, нанга, чайга да жетпейт. Дары-дармегин айтпай эле коёлу.

“ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН АДАМДЫН ЖАНЫНДА ТАКАЙ БИРӨӨ БОЛУШУ КЕРЕК”

Замира Тайлакованын жолдошу Акылбек Акматалиев мындан 19 жыл мурун кырсыктап омурткаларынан жаракат алган. Кырсыктан улам белинен ылдыйкы бөлүгү шал болуп, 2 буту баспай калган. Акматалиев жана аны карап баккан жубайы тууралуу 2016-жылы да макала даярдаган элек. Быйыл каармандарыбыздан кабар алалы деп байланыштык.

– Мен жолдошумду 19 жылдан бери карап келем. Ортобузда бир кызыбыз бар. Кызым учурда студент. Күйөөм 1-топтогу майып, баспайт. Пенсиясы болсо 7000 сомго жакын акча. Бул акча чындыгында эч нерсеге жетпейт. Мисалы, жолдошум такма жалаяк киет. Ал деле кымбат турат эмеспи. Денесинин ар кай жери оюлуп жара болуп кеткен. Кыймылсыз жаткан адамдыкы айыкпайт экен. Ал үчүн канчалаган дары-дармек каражаттарды алабыз. Мен жолдошумду эч жакка жылбай карайм. Анын жанында карап турууга бир адам сөзсүз керек. Жаракаттарын жууп, дары сүйкөп таңгандан тышкары клизма жасайм, ваннага көтөрүп кирип жуунтам. Түйшүгү оор.

Майыптарды карагандарга мамлекет тарабынан жардам берип, колдоо көрсөтүлсө жакшы болмок. Коммуналдык жана башка төлөмдөргө жеңилдиктер жок. Мамлекет тарабынан кошумча жөлөк пул алуу үчүн барсам толтура документтерди чогултуш керек экен. Жолдошум жаш кезинде иштеп жүргөн, фирмалардан алган айлык-маянасынын көлөмүн көрсөткөн маалымкат керек экен. Азыркы учурда ал фирмалар жоюлуп кеткен. Анан бул документтерди жыл сайын даярдоо зарыл. Буга убакыт коротуп жүргөндө Акылбекти үйдөн ким карайт?

Жакшы адамдар бар экен, Кудайга шүгүр. Элдин жардамы менен жашап келе жатабыз. Багуучу катары кварталына чектетип өкмөттөн жылына 2000 сом алам. Майыптар күнүнө жылына 500 сомдон берет. Ооруканага деле жакшы кабыл албайт. Ооруса өзүм ийне сайып, өзүм деле врач болуп калдым окшойт.

“АУТИСТ БАЛА ЧОҢОЙГОН САЙЫН АЗАБЫ ДА ЧОҢОЁТ ЭКЕН”

Асия Кулубекова УКМКнын жатаканасында вахтада 12 жылдан бери иштейт. Учурда 68 жашта, 14 жаштагы аутист небересин багат.

– Батирден батирге көчүп бир топ кыйналып жүрдүк. Азыр УКМКнын жатаканасында турабыз. Кызымдын жолдошу каза болуп калып, 2 баласы менен менин колумда калды. Неберемдин мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып. Ал 2006-жылы төрөлгөн. 2 айлык кезинен тартып азап менен чоңойттум. Диагнозу аутист. Атасынын кыркы өткөндөн кийин үйгө алып келгем. 1 жашка чейин жакшы эле болчу. 1 жаштан өткөндөн кийин ыйлап, башкача боло баштады. Андан бери көп эле түйшүгүн тарттык. 6 жашка чейин дарыгерлерге көрсөттүк, молдолорго алып барып жүрдүк. 7-8 жашка чыкканда өзгөрүп, жүрүм-туруму ого бетер оорлой баштады. Ошондон кийин аутист экенин билдик. Атасы жок болгондуктан, жарым жетим жана майыптыгы үчүн 4900 сом жөлөк пул алабыз.

Жашым өткөн сайын мага да кыйын болуп жатат, жашаганга үйүбүз жок. Кызым үйгө аракет кылайын деп баланы мага таштап коюп Орусияда иштеп жүрөт. Неберем чоңоюп баратат, чоңойгон сайын азабы да кошо чоңоёт экен, карап багыш оор. Неберем сүйлөбөйт, бирок жуунганы, өзүнө караганы жакшы, таза. Кошумча реабилитациялоочу уюмдарга алып бара албайм. Логопед жалдап сүйлөп калса деген тилегим бар. Бирок шарт жоктугунан үйдө эле карайм. Телефону бар. Атайын неберем үчүн үйгө интернет койдургам. Интернетке киргенди билет. Ал жактан Мирбек Атабековдун, Нурлан Насиптин ырларын угуп обонун салып ырдаганга аракет кылат.

“ЖЫЛ САЙЫН МАЙЫПТАРДЫ КОЛДООНУН 1 АЙЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛӨТ”

Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын багуучуларына кандай жеңилдиктер жана колдоолор каралган? Бул суроо менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылып көрдүк. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева:

– Учурда өлкөдө 193 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, алардын 32 миңи 18 жашка чейинки балдар болуп эсептелет. Мамлекет тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ай сайын социалдык жөлөк пул төлөнүп берилет. Алардын өлчөмү 1000 сомдон 4000 сомго чейин. Андан сырткары 5 жылда бир жолу санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо алышат. 1-топтогу майыптыгы бар адамдарга бекер, 2-топтогуларга 50 пайыз жеңилдик, ал эми 3-топтогу адамдарга 30 пайыз жеңилдиктер каралган. Ошондой эле 5 жылда бир жолу бекер кресло-коляскалар берилет.

Министрликке караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси майыптыгы бар жарандарга протездерди (кол, бут), ортопедиялык бут кийимдерди, корсет, бандаж жана башка керектүү буюмдарды даярдашат. Мекеменин экинчи кабатында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору жайгашкан. Ал жерден 10 күн бекер дарыланууга шарттар түзүлгөн. Жер-жерлерде социалдык кызматкерлер жалгыз бой ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйлөрүнөн тейлешет. Тактап айтканда, негизги турмуштук муктаждыктарын канааттандыруу үчүн акысыз негизде социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Мисалы, үйлөрүн жыйнап берүү, дары-дармектерин сатып келүү, коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөп берүү (үйүнөн тейленген жарандын эсебинен) жана башка ушул сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт.

Белгилей кетчү жагдай, жыл сайын 15-ноябрдан 15-декабрга чейин "Биз биргебиз!" аттуу бир айлык иш-чара өткөрүлөт. Анын алкагында бардык мамлекеттик, мамлекеттик эмес, эл аралык уюмдар, кайрымдуулук фонддор, жарандар тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптуу колдоолор жүргүзүлөт.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aizireshka1998
2020-12-10 02:16:42
Мумкунчулугу чектелген жарандардын ГРУППАСЫНА карап,эн оор жагдайдагылардын кароочуларына кошумча акты толонуусу керек деп эсептейм.Анын айлыгы кадимки мамлекетте жумушта иштеген адамдардай эле болсо.Албетте 3-4мин эмес,7-8миндин коломундо.Анткени алар ошол Адам менен Байланып жумуш жасай Албай отуратда.Коншу Казакстанда мумкунчулугу чектелген адамдар такай кароого муктаж болсо анын багуучусуна 80мин тенге толонот ай сайын.80 мин тенген примерно 16мин сом.Бизге хотя жарымын берседа болмок...
0
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан