БИШКЕК КАНТИП ЖЫЛЫТЫЛАТ? ЖЭБдин ИШИН ЧАГЫЛДЫРГАН РЕПОРТАЖ

Жылуулук электр борбору Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү, социалдык мекемелерди ысык суу менен камсыздап, кышкысын жылуулук берет. Жалпы саны 130 миңден ашуун абонентти тейлейт. Муну менен катар электр энергиясын өндүргөн эң ири станция болуп саналат. Чилде босогодо турганда кыштын алгачкы айын утурлай ЖЭБге барып, жүрүп жаткан кызуу иш тууралуу репортаж даярдадык.

Курулган жылы – 1958-жыл

Аянты – 53 гектар

Өндүрүшү – жылуулук, ысык суу, буу, электр энергиясы

Кызматкерлеринин саны – 1500 адам

Жылуулук кубаты – 1443,9 Гкал/саат

Электр кубаты – 812 МВт

“ЖЭБден ЧЫГЫП ЖАТКАН ТҮТҮН АБАНЫ БУЛГАБАЙТ”

ЖЭБдин аймагына киргенде эбегейсиз техникалар дүйнөсүнө киргендей болдум. Биз ЖЭБди бийик морлорунан алыстан гана таанып билебиз. Бирок ичине киргенде өзүңдү өтө кичинекей сезесиң. ЖЭБден чыккан түтүн шаардагы абаны булгабайт дешти. Муну Бишкек Жылуулук электр борборунун инженери Байыш Алмамбет уулу төмөнкүчө түшүндүрдү:

– Сууну Бишкек сууканал ишканасынан алып кайнатабыз, андан чыккан буу турбиналарды айлантат да, электр энергиясы өндүрүлөт. Ал эми ысык суу шаардагы турак үйлөргө жана социалдык мекемелерге жөнөтүлөт. Биз азыр электр фильтринин имаратында турабыз. Суу көмүр менен кайнатылгандыктан, көмүрдөн чыккан көмүр кычкыл газы атайын чыпка (фильтр) аркылуу чыпкаланат. Бул чыпкалар курулган мезгилден тарта эле иштеп келет. Мунун аткарган кызматы – чыгып жаткан түтүндү тазалоо. Электр чыпканын ичинде электроддор жайгашкан. Ичинде кадимкидей эле темир барактар (листтер) бар, ошол барактардан терс жана оң заряд берилет. Күлгө терс, ал эми электродго оң заряд берилгенде экөө бири бирине тартылышат. Ошондо электроддорго күл жабышат. Ичинде балкадай болгон тетик бар. Аны менен листти урганда күл чогулуп, тазаланат. Ошентип ЖЭБден чыгып жаткан түтүн тазаланып чыгып, абаны булгабайт. Эң бийик түтүк 300 метр, калган экөө 250 метрден жана жаңысы 150 метр бийиктикте.

“ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ӨНДҮРҮҮ ҮЧҮН ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНЫН СУУСУ ПАЙДАЛАНЫЛАТ”

ЖЭБдеги химиялык цехтин жетекчисинин орун басары Мырзагүл Бусурманова төмөнкүлөргө токтолду:

– Биз 2017-2018-жылдары курулган суу тазалагыч блокто турабыз. Бул суу электр энергиясын өндүрүүгө жумшалат. Суу Чоң Чүй каналынан алынып, 25 пайыз ысытылып, интегралдуу түзүлүшкө келип түшөт. Ал жерден суу тундурма жолу аркылуу тазаланып, башка бакка келип түшөт. Бактан суу ультрачыпкалоо жолу менен тазаланат. Суу керектүү параметрде тазаланып, андан кийинки бактарга барып толот. Тескери осмос деген жабдык бар. Ал биринчи жана экинчи этап менен химиялык жолдор аркылуу сууну тазалайт. Төртүнчү болуп, терең тазалоо жүрүп, суунун тазалыгы атайын текшерүүдөн өтөт. Электр энергиясын өндүрүү үчүн суу 0,2 микросименске чейин тазаланат.

Бул биздин жаңы курулган химиялык цехтин бардык операцияларды көзөмөлгө алуучу жайы. Эски химиялык цехтен жаңы технологиялык жабдыктар менен айырмаланат. Суунун курамында зыяндуу заттар аз жана баары автоматташтырылган. Учурда эски да, жаңы да цех иштеп жатат.

“СУТКАСЫНА 6 МИҢ ТОННА КӨМҮР КЕРЕКТЕЛҮҮДӨ”

ЖЭБге келип түшкөн тонналаган көмүрлөрдү кайда түшүрүшөт деген суроо жаралса керек. Баарыбызды кызыктырган суроолорго Отун транспорттук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Аманалиев төмөнкүчө жооп берди:

– Көмүр Кыргызстандын айрым аймактарынан жана Казакстандан келет. Казакстандан келген көмүрдү колдонгонубуздун себеби – ЖЭБдин 1960-жылдары, СССР убагында, түзүлгөн долбоору жогорку сапаттагы көмүрлөргө ылайыкталган. Ал эми жаңы курулган бөлүгү атайын жергиликтүү көмүрдү колдонууга ылайыкталып курулду. Быйылкы жылуулук сезонуна 1 миллион 110 миң тонна көмүр алып келүү үчүн келишим түзүлгөн. 700 миң тонна көмүр жергиликтүү ишканалардан келсе, 336 миң тонна Казакстандан келет. Учурда суткасына 100 вагондон келип жатат. Ар бир вагондо 69 тоннадан. Бир күндө 7000 тонна көмүр кабыл алып жатабыз. Отун кампабызда бүгүнкү күндө 300 миң тонна көмүр бар. Бул сан өзгөрүп турат, себеби көмүр график боюнча жазга чейин келип түшүүнү улантат. Учурда суткасына 6 миң тонна көмүр керектелип жатат. Бул кышкы жүктөмө. Күнү-түнү эки кезек менен иштеп жатабыз. Андан сырткары отту тутандыруу максатында газ жана мазут колдонулат.

“АБА ЫРАЙЫНА ЖАРАША ТЕМПЕРАТУРАНЫ КӨБӨЙТӨБҮЗ

Жылуулук жана электр энергиясын өндүргөн эки блок бар. 1961-жылы ишке берилген эски блок менен улук машинист Руслан Жумгалбеков тааныштырды:

– Биз башка-башка объекттерде иш алып барабыз. Азыр турган объектке башка турбинадан 215 градустагы суу берилет. Ошол сууну биздин от казандар көмүрдүн, газдын жардамы менен 540 градус, басымын 100 килограмм кылып ысытып, кайра эле турбинисттерге беребиз. Турбинисттер ошол буу жана басым менен электр энергиясын өндүрүшөт. Мисалы, бизге жылуулук тармактан атайын тапшырма келсе, биз аларга белгилүү температураны камсыздап беребиз. Ысык суу жыл бою берилет. Ал эми жылуулук кышкысын берилет. Сырттагы аба ырайына жараша температураны көбөйтөбүз. Азыркы тапта сууну 77 градуста ысытып, жылуулук жана ысык суу берилип жатат.

“ЖЭБ – ӨЛКӨНҮН ТҮНДҮГҮНДӨГҮ ЭҢ ЧОҢ ЭНЕРГООБЪЕКТ”

2014-2017-жылдары Кытайдан алынган 386 миллион долларга курулган жаңы блоктун иши менен Дмитрий Бажуткин тааныштырды:

– Жаңы цех 2017-жылы ишке берилген. Жаңы блоктун эски блоктон айырмасы – жабдыктардын жаңылыгы. Эски блок экөө тең бирдей эле электр энергиясын жана жылуулукту өндүрөт. Бизде өндүрүлгөн энергия атайын бир жерге топтолот. Топтолгон энергияны белгилүү өлчөмдө берип турабыз. Негизи Бишкек ЖЭБи өлкөбүздүн түндүгүндөгү эң чоң энергообъект болуп саналат. Бир суткада өндүргөн электр энергиясы бир чоң ГЭС өндүргөн электр энергиясы менен барабар. Башка ири энергообъекттер өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан.

Быйылкы кышка даярдыктар жакшы. Кудай буюрса, электр энергиясы, жылуулук, ысык суу үзгүлтүксүз берилет.


Жолдубек Качкынбаев

 Кыстарылган видео 
Бишкек ЖЭБи электр энергиясына сууну Чоң Чүй Каналынан алат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан