ЖАШТАР ГЕНДЕРДИК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ

«Гендердик зомбулукка каршы 16 күн» эл аралык маалымат кампаниясынын алкагында «Зордук-зомбулукка эч кандай актануу жок» сынагы өткөрүлдү. Сынакка 7 команда катышып, калк арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоо Кыргызстандын жашоочуларынан "гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук" тууралуу маалыматы барбы же жокпу, өздөрү же тааныштары зордук-зомбулукка туш болгонбу, кайда кайрылышканын аныктоого багытталган.

Сурамжылоого 917 адам катышты. Алардын 581и аял, 329у эркек, 7 адам жынысын белгилеген эмес. “Сиз же тааныштарыңыз гендердик же үй-бүлөлүк зомбулукка кабылды беле?” деген суроого 573 адамдан жооп алынды. Алардын 54,4 пайызы "ооба" деп жооп берди.

Сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу сынактын катышуучулары баяндашат.

Бегимай Имарова, сынактын катышуучусу:
«ЖЕЗДЕСИ ЗОРДУКТАГАН КЫЗДЫН ОКУЯСЫ ООР ТИЙДИ»

Бегимай, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Бул сынакка эмне себептен катышууну туура көрдүңүз?

– Мен БГУнун кытай тили факультетинде 4-курста окуйм. Биздин команда Сайёра Эминова жана Эркин Орозов деген жигиттен куралды. Аялзатына кылынган мамилеге кайдыгер карабаганым бул сынакка катышууга себеп болду. Мурда эле феминизмди (туура түшүнүктөгү) колдоого жана «аялга кол көтөрүү нормалдуу көрүнүш» деген сыяктуу «акылсыз» стереотиптер менен күрөшүүгө аракет кылып келчүмүн. Адамдардын укугун коргоо, муктаж болгондорго жардам берүү ар бир адамдын милдети деп эсептейм. Сынак тууралуу курбум, команданын мүчөсү Сайёра айтып калды. Бул тема бизге мурдатан бери тааныш болгондуктан, социалдык көйгөйлөргө кайдыгер карабаган досубуз Эркинге байланыштык. Эркек кишинин гендердик зомбулук темасына кызыкканы жана зомбулуктун бардык түрүнө каршы оюн билдирип келгени мактоого арзыйт. Багытыбыз, максатыбыз бир болгондуктан коомчулукка үнүбүздү жеткирип, жаштар бул көйгөйгө кайдыгер карабай тургандыгын, күрөшүүгө даяр экенин билдиргибиз келди.

Силер сурамжылоо жүргүзгөн аудитория кимдер болду? Кимдердин ой-пикирин билүүгө аракет кылдыңыздар?

– 35 жашка чейинки адамдардан сурамжылоо жүргүзүүнү туура көрдүк. Анткени зомбулукту азайтуу үчүн жаштарды тарбиялашыбыз керек. «Улуу муундун оюн эске алган жокпуз» деп да айта албайм, алардын ой-пикирин да сурадык. Жыйынтыгында биздин аудиториянын 70 пайызын жаштар, 30 пайызын улуу муун түздү.

Сурамжылоодон жана сынактан кандай жыйынтык күттүңүздөр эле? Көз караштар өзгөрдүбү?

– Чындыгында бизде баары начар экенин сурамжылоого чейин билбептирмин. Респонденттердин өзү жана алардын тааныштары үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган окуяларды айтып беришти. Айрымдары укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тартышканы өкүндүрдү. Сынак бул көйгөйдү сырттан карап отура бербөөгө дагы бир жолу ынандырды.

Көп нерсеге карата көз карашыбыз өзгөрдү. Айрыкча биздин менталитетке карата. «Уят» деген сөз көп нерсени чечип коёрун буга чейин эле билчүбүз деңизчи. Анткени ата-энебиз баарыбызды ушинтип тарбиялаган. Бирок зомбулукка жеткирип, адамдардын укугун тебелеп жатканда бул сөздүн эч кандай тиешеси жок деп так кесе айта кетейин.

Кайсы окуя жүрөгүңүздө калды?

– Ар бир окуяны эстеген оор. Окуучу кезинде жездеси тарабынан зордукталган бир кыздын окуясын айтып берейин. Ал кыз бул тууралуу эч кимге кайрылбаптыр. Ажырашып кетпесин деп эжесине, «кыз киши кыздыгы жок жүрбөш керек» деп зордоп күйөөгө берип койбосун деп коркуп ата-энесине да айтпаптыр. Өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылып жездеси кайра «кыз эмессиң» деп басынтканын акылыңа сыйдыра албайсың. Акырында ал кыз турмушка такыр чыкпай турганын, эркектерден коркуп, көңүлү калганын айтты.

Биздин коомдо гендердик зомбулукка каршы күрөшүүдө жаштардын ролу канчалык?

– Гендердик зомбулукка каршы күрөшүүдө жаштар эң чоң роль ойнойт. Анткени алар өлкөбүздүн келечеги. Аял-эркек бири-бирине кантип туура мамиле кылууга үйрөткөн ар түрдүү тренингдер, лекциялар бар. Бул жаштардын көз карашын өзгөрткөнгө себеп болот. Жаштардын гүлдөп-өсүшүнө туура билим жана мүмкүнчүлүктөр керек.

Сынактын шарты боюнча зомбулукка кабылган аялдардын окуясын чагылдырган чакан тасма тартышыңыздар керек эле. Өзүңүз ойногон каарманыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Тасмага тартылып жатканда кандай сезимдер болду?

– Тасмада келечекке дымактуу пландарды жана максаттарды койгон кыздын жашоосун баяндайбыз. Ал өзүнө эч кандай чектөө койбогон эркин болчу. Бирок максаттарын ишке ашырууда ар түрдүү эрежелер менен чектеген коомго туш болот. Ушул кыздын ролун ойноп жатып өзүмдү кем сездим. Анткени мага добуш берүү укугу берилбей, мен үчүн бардыгы мурунтан эле чечилип, кыялымды орундатууга мүмкүнчүлүк берилген жок.

Тасма аркылуу кандай ойду бергиңер келди?

– Коомдун эрежелерине баш ийбеш үчүн аны менен көнүшүү керектигин, антпесе алар сенин тагдырыңды сурабай чечип коё тургандыгын билдиргибиз келди. Ошондой эле аял кантип кийиништи, кантип жашашты, кандай жумушта иштөөнү өзү чече тургандыгын, коомдун ой-пикирине көз каранды болбош керек деген ойду жеткирүү болду.

Алтынбек Бекташов, сынактын катышуучусу:
«ЗОМБУЛУКТУ ЖОЮУ АЗЫРКЫ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА»

Алтынбек, кайсы окуу жайда окуйсуз? Эмне себептен бул сынакка катышууну туура көрдүңүз?

– Мен Борбор Азиялык эл аралык университетинин юриспруденция факультетинин 1-курсунун студентимин. Социалдык изилдөө жүргүзүүгө кызыкдар болгондуктан, бул сынак максатымды ишке ашырууга түрткү болду. Классташтарым Умида Казихожаева жана Азиз Шимаров менин пикирлеш адамдарым болгондуктан, чогулуп «Аялдар физикалык жактан алсыз, бирок моралдык жактан күчтүү» деген атылыштагы команда түздүк. Биздин команда коомго жардам берүүнү каалаган студенттерден куралды. Анткени учурда гендердик зомбулук глобалдык көйгөй болуп жатат. Биз четте тура алган жокпуз. Биздин команданын урааны – "Мүмкүн эмес эч нерсе жок!" Терең тамырлап кеткен бул көйгөйдөн арылуу мүмкүн эместей сезилет. Бирок биздин өлкөнүн жарандары биригип, гендердик зордук-зомбулукка каршы чара көрүшсө, процесс өтө тез жана натыйжалуу болот.

Сурамжылоодон кийин көз караштар өзгөрдүбү?

– 180 градуска өзгөрдү. Анткени сурамжылоого чейин айрым респонденттердин гендердик зомбулуктун кандай белгилери бар экенин билишпегени оюбузга келген эмес. Бул жарандардын аталган тема тууралуу маалыматы төмөн экенин далилдейт. Ошондуктан маалымат берүү үчүн иш-чараларды уюштурушубуз зарыл.

Өзүңүздөр үчүн кандай жыйынтык чыгардыңыздар?

«Бардыгы азыркы жаштардын колунда» деген тыянак чыгардык. Азыртан баштап кандайдыр бир чара көрбөсөк, бул көйгөй жоголбойт.

Чакан тасмада кандай окуяны чагылдырдыңыздар?

– Көпчүлүк адамдар үй-бүлөлүк, физикалык зомбулук тууралуу билишкени менен, шантаж, рэкетчилик, адам укуктарын бузуу сыяктуу көйгөйлөргө эч ким көңүл бурбайт. Бул көйгөйлөр адамдын жашоосуна эч кандай таасир бербейт деп ойлошот, бирок бул туура эмес түшүнүк. Биз "ажатканадагы шыкалоо" тууралуу тасма тарттык. Кыздын дааратканага кирген учуру чагылдырылат, ою жаман адам аны видеого тартып алат. Мындай видео аркылуу ал шантаж кылып, видеону жайылтып жибериши мүмкүн. Мунун жыйынтыгы кызды шылдыңга кабылтып, басынтууга алып келет. Кыздын психикасына доо кетип, окуу жайга барбай, достору менен катышпай калат. Бул стресске чыдай албай калса, натыйжасы мындан да кооптуу болушу мүмкүн. Мындай иш-аракеттер айрым адамдарга кадимки көрүнүштөй сезилет, бирок башка адамдардын тагдырын чечип коюшу мүмкүн. Ошондуктан жарандарды бир нерсе жасоодон мурун биринчи кезекте ойлонууга чакырабыз.

Зомбулук менен күрөшүүдө жаштардын ролу канчалык?

– Менин оюмча, гендердик зомбулукка каршы күрөшүүдө жаштар чоң ролду ойноп жатышат. Ушул мезгилде болуп жаткан ар бир нерсенин жоопкерчилиги жаштарга гана жүктөлөт.

Эмне үчүн мектептеги зордук-зомбулук темасын тандадыңыздар?

– Мектептеги көйгөйлөргө окуучулардан башка дээрлик эч ким көңүл бурбайт. Студенттер какшап келсе да, чоңдор буга олуттуу мамиле жасабайт. Бул теманы тандап алуу менен адамдардын көңүлүн ушул көйгөйгө бургубуз келди. Бул көйгөй үй-бүлөдөгү зомбулуктан кийин экинчи орунда турган көйгөй. Анткени Кыргызстанда 1 268 000 мектеп окуучусу бар. Биздин жеке байкоолорубуз боюнча, дээрлик ар бир үчүнчү окуучу мектептеги зомбулукка дуушар болушат. Бул статистиканы биз жеке байкоолорубуздан жана досторубуздун, тааныштарыбыздын тажрыйбасынан алдык. Тасма аркылуу адамдардын көңүлүн ушул көйгөйгө бурууга чакырдык.

Кандай чараларды көрүш керек деп ойлойсуз?

– Окуучуларга гендердик зомбулук деген эмне, каякка кайрылыш керектиги тууралуу маалымат берип, иш-чараларды уюштурушубуз керек. Сабакка атайын программа киргизилсе жакшы болмок.

Харун Суахунов, сынактын катышуучусу:
«МУШТУМ АЛСЫЗ ЭРКЕКТЕРДИН КУРАЛЫ ЭКЕНИН ТҮШҮНДҮМ»

Харун, командаң кимдерден куралган? Эмне үчүн сынакка катышып жатасыздар?

– Биздин «Сен жалгыз эмессиң!» аталышындагы командабызда Карлыгач Бейманжанова жана Назми Асанкожоева аттуу кыздар бар. Биз адамдарга жардам берүүдө өз салымыбызды кошкубуз келет. Ошондуктан бул сынакка катышууну чечтик. Сынак биздин коомдун эң маанилүү көйгөйлөрүн козгоп жаткандыктан четте тура албайбыз.

Сурамжылоодон кандай тыянак чыгардыңыз?

– Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук бар! Буга дуушар болгондорго жардам берүү керек. Аларга жалгыз эмес экендигин, зомбулукка чыдабоо, коркпош керектигин жеткирүү зарыл экенин түшүндүм.

Тасмада баяндалган окуя тууралуу айтып берсеңиз.

– Биздин сурамжылообузда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка туш болгон аялдын окуясы бар болчу. Ал аялдын абалы абдан оор болгондуктан жардам берүүнү кааладык. Чакан тасмабыз чыныгы турмуштан алынды. Күйөөсү Ички иштер министрлигинде иштейт. Жумуштан келген сайын дайыма аялынын укугун тебелеп, балдардын көзүнчө ур-токмокко алып, алардын психикасына олуттуу таасирин тийгизет. Бул үй-бүлөдө аялдын жашоосу өтө кыйын болгону менен, ал укук коргоо органдарына кайрылгандан коркот. Окуяны тасмабызга чагылдырып, аялдарды зомбулукка чыдабоого жана коркпоого чакырдык.

Тасмада зомбулук көрсөткөн эркектин ролун ойнодуңуз. Тартуу учурунда кандай абалда болдуңуз?

– Муштум алсыз эркектердин куралы экендигин түшүндүм. Ролду аткарып жатып өзүмдү төмөн сездим. Аялдарды уруп-согууга жол бербеш керектигин, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылган адам укуктарын бузуп жатканымды түшүндүм. Мен үчүн агрессордун ролун ойноо абдан кыйын болду. Бир нече дубль менен тартууга туура келди. Бирок жыйынтыгында көйгөйдү чагылдыра алдык.

Эмне үчүн ушул окуяны видеого тартууну чечтиңиз?

– Анткени мындай окуя көптөгөн үй-бүлөлөрдө болуп жатат. Биздин тасмабыздын каарманы зомбулукка кабылганын коомчулукка айтып чыгуудан коркот. Биздин сурамжылоодо ушуга окшош окуялар көп болду.

Материал зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында даярдалды

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан