"ЖОЛДОШУМ ТАШТАП КЕТТИ" ДЕГЕН КЕЛИНГЕ КҮЙӨӨСҮ ЖООП КАЙТАРДЫ

Гезитибиздин өткөн санында “төрт балам менен жолдошум таштап кетти” деген Самара Юсупова аттуу келиндин маеги чыккан. Андан кийин кайненеси жана жолдошу байланышып, алимент төлөөгө даяр экендиктерин, балдардан эч убакта баш тартпай тургандыктарын айтып өз пикирлерин билдиришти.

“БАЛАМ АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨДӨН КАЧПАЙТ”

Келиндин кайненеси Кандалат айым төмөнкүдөй пикирин билдирди:

– Уул-келиним өздөрү табышып баш кошушкан. Бири-бирине арка-жөлөк болуп жашап кетүү да өздөрүнөн көз каранды эле. Мен бирин эле күнөөлөбөйм, экөөндө тең бар. Бирок аял бала менен күйөөнү байлап алам деп ойлосо жаңылышат. Күйөөгө дагы жакшы мамиле, жылуу сөз керек да. Кечке эле ажылдап урушуп, итче кубалай берсе күйөөнүн көңүлү калат. Акча алып келген күнү киши болуп үйгө кирсе, акчасы жок күнү укпаган сөздү угуп куулса, балам деле тажайт да. Балдарды ара жолдо калтырбаш үчүн ата дагы, эне дагы ойлонушу керек. Бул улуу келиним, келин болуп келгени үйгө келип бир кызмат кылган жок. Айылга турбайм деди, ага дагы макул болгонбуз. Жамандык болобу, жакшылык болобу, айылга бир келип койгон жок. Жайына койгом, киришчү дагы эмесмин. Келин менен жаман-жакшы айтышканым жок. Эне катары анын ушул тагдырга туш болуп калганына жаным кейип турат. Балдарыма дайыма жардам берип келгем, дагы деле жардам бере берем. Өзүбүздүн неберелерибиз, биз алардан баш тартпайбыз. Улуусу кичинекейинен менин колумда. Эгер неберем өзү кааласа апасына бергенге макулбуз. Бага албайм, алгыла десе, баарын бакканга да даярмын. Экинчи неберемдин сабагына сарсанаа болуп класс жетекчиси менен байланышып турам. Балам алимент төлөөдөн качкан жок. Бардык документтери ал келинде болчу, эми документин колуна бербей жатат. Ошол себептүү уулум сотко катыша албай келет. Анан дагы нике күбөлүгүн жокко чыгарууга каршы болуп жатса алимент кантип төлөнөт эле? Биз балдар үчүн жашагыла дедик, болушкан жок. Экөөнө тең бакыт каалайм. Келиниме күчтүү болуп балдарды чачыратпай бир түндүктө карма дегенден башка эмне дейт элем?

“АЗЫРКЫ КЕЛИНЧЕГИМ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕН”

Самара Юсупованын жолдошу Улан мырза өз оюн билдирди:

– Таштап кетти деп бир беткей мени жектеп жатышат. Бирок мындай учурда аялдын эле эмес, эркектин деле укугу корголушу керек да. Беттен алып урушуп үйдөн кубалай берди. Иш болбой калып акча жок барсаң киши катары көрбөйт. Мен анын жоруктарына чыдап 13 жыл балдар үчүн жашадым. Жамандыкка же жакшылыкка барбай дос-туугандын баарынан алыстап бүттүм. Мен жыргаганымдан башкага үйлөнгөн жокмун. 5 күндүк кыска өмүрдө мен деле сый сөзгө татып, тынч жашашым керек да. Үй-жайы бар келинге кетти дегени чындыкка дал келбейт. Биз батирде эле турабыз. Анын кеби эле кеп боло береби? Бирок мен балдарымдан баш тартпайм. Кабар алып, жардам берип турам. Ата-энем да жардамын аябайт. Төрт балабыз бар. Улуусун кичинекейинен ата-энем багып чоңойтушту. Үчүнчү баламды уулум жок деп кайнатам багып алган. Колубузда экинчи жана кичүүбүз бар. Алимент төлөөдөн дагы качпайм. Алар менин балдарым. Менин бардык документтерим Самарада болчу. Менин өздүгүмдү тактаган бир дагы документим жок болгондуктан сотко катыша албай жатам. Ал эми менин кийинки келинчегиме өзү келип кол көтөрүптүр. Ошондо бул да ызаланып милицияга арыз жазган. Ал деле соттошуп жүрүүнү каалаган жок, тосмо арыз жазып берген.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
ika8086
2020-12-21 11:31:04
мына сага,канткен кезде да аялдын чыр болгону эркеке коз каранды.Мейли жаман болсун,жакшы болсун баарибир биринчи турмуш биринчида.Журогунор баарибир талпына берет балдарындын апасына.Жаман мунозун ойлобой жакшы мунозун кобураак ойлсонор балким журогунорго жылуу нерсе кирет беле.Карга деле баласын аппагым дейт,энеси жооп кайтарбай эле койбоптурда каап...качандыр бир куну келин деле бала деле бири бирин кечиришип калат.Бирок экинчи аял болуп тийген келинге деле оңой эмес,ал дагы жарылат бир куну
+8
Balam_bakytym
2020-12-21 12:45:55
Kagyp suiloi berse erkektin konulu kalatta. Tuugan urukka jakyndatyp je alystatyp turgan aial kishi. Kuioomo kattuu suilop alsam ozum korkup turam konulun kaltyryp albaimynby dep. Bir jaktuu ele karagan bolboit. Birok kantkende da aial kishi sabyrduurak anan bir tepkich tomon turushu kerek dep oiloim
+9
nurka_85
2020-12-21 13:01:34
Азыр жатып ичер күйөөлөр кобойгон. Кайненеси эмнеге чыкты сулуу чымчык болуп. Эгерде ата энеси тирүү эркектин үй бүлөсү бузулса, ата- энесинде көбүрөөк айып. Баласын эркек кылып тарбиялай алган эмес . Ушул күнгө чейин баласына болушуп. Энеси болушчаактын баласы ыйлаак. Менин дагы кайын журтум, күйөм дагы алимент толошпойт, кабарлашпайт, каралашпайт. Россиядан жүрүп чогуу салышкан үйдө уялбай жашап атышат. Балдарын сурап да коюшпайт.
Буга окшогон арам тамактарга кудай коргозсун.
-1
sezima93
2020-12-21 13:21:47
nurka_85,аны сиз сотко берип балдарыныздын акысын албайсызбы уйду дагы болуш керек канча баланыз болсо баарынарга,а буларга келсек бироонун жашоосу бироого чытырман токой дейт бул эже сулуу чымчык эмес эле жакшы эже мен коргонмун,ошол эженин ордуна озунордун апанарды койуп койуп коргуло буту ооруп аран басып баратса эзилбей баттан баспайсынбы деп урушуп жатса жакшыбы?мени ойлобогула булар тарапта экен деп просто мен коргонумду айтам и Самараны да эн жакшы тааныйм
+1
nurka_85
2020-12-21 13:55:41
sezima93,
Балким чындыгы бардыр, бирок, жаман келинди же аялды 4 бала торогучо неге кармап отурат? Келип келип эле ким көчөдө балдары менен калды? Ким жаман аял жаман. Эркек тажаган имиш. А мага келсек, меники өмүр бою иштеген эмес, дагы деле ата энесинин колтугунда бекинип жатат. Аялы иштеп тапкан акчага баары кожоюн.
Кой деп 4 балам үчүн деп баарына чыдап жашап жүрүп оорукчан болуп калышыма аз калды. Мен көргөн күндү душманыма да каалабайм. Дөңгөлөк илип сабаган бул жакта эле калч
-3
sezima93
2020-12-21 14:32:21
nurka_85,эже ошону суйлошуп сотко берсениз болбойбу,сиздин эмгек акынызды кайтарып бериш керек уйунор болсо аны да 6адамга болуш керек сотко кайрылыныз,а Самарага келсек мен мунун кайын журт тарабынан эмес набаорот Самара жактан болом бир жылы менда ушинтип какшаганмын себеби ушул Самаранын эжеси турмушумду бузган Аллах баарыбызга тараза эми оздорунун башына келиптир ким эле куйоосун тепсе кайненесин кагып силксе чыдап жашасын,эми балдарына эле кыйын болду балдарына боорум ооруйт
+2
nurka_85
2020-12-21 14:58:25
sezima93,
Сотко берген менен эшегинен чому кымбат экен. Үйдү баалатып болдургону 10-15 % госпошлина төлөш керек экен. Ар эшикти каккылап чуркаш керек экен. Бирөөнүн мээнети бирөөгө аш болмок беле, кудай бар. Калган куч кубатты өзүмө, бир туугандарыма берсин. Балдарым ошолордун тарбиясын албай чоңоюп жатканына шүгүр. Калганына кудай тараза!
+2
nurka_85
2020-12-21 14:03:40
Үйлөнөм ЗАГСты кырктырып бер мен Гос пошлина тологудой акчам жок дегенинен бактылуу бол деп кырктырып бергем. Алиментке бергенмин 2жылга 4 балага 7000 сом төлөдү болгону. Кайненем иштебесе кантип төлөйт деп болушуп жүрөт баласына. Хотя баласы аларга деле жакшы күн коргозбосо деле, карга баласын аппагым дейт болуп. Эгер аттарын, айылын атай турган болсом айылынын, тааныгандардын баары билишет алардын кандай адамдар экенин.
+1
Aituwas
2020-12-21 14:14:36
Кеткен катынды ким жакшы дечи эле...
+5
nurka_85
2020-12-21 15:06:41
Негизги себеп бир бузуку аялдын айынан. Ал аял өзү Ноокаттан болот, Өзгөндө жашап, Өзгөндөгү военный частта повар болуп иштеп жүргөн, азыр декреттеги бирөөнүн ордунда башка должностто убактылуу иштеп жаткан АБЖАПАРОВА СҮЙҮМКАН деген 3 кызы бар аял. Күйөөсү Россияда Раев Борон деген киши экен. Күйөөсү менен жашап жүрүп ушундай иштерди кылган. Менде запистери бар.
0
sezima93
2020-12-21 15:37:42
nurka_85,ошондо сиздин уй булоонузду бузган аялбы?
0
nurka_85
2020-12-21 18:13:23
sezima93, Ооба, негизги себеби ушул болгон. Башка кылык-жоругуна чыдап келгенмин.
0
sezima93
2020-12-21 19:39:06
nurka_85,Куйоонуз Озгондукпу?
0
nurka_85
2020-12-21 20:22:48
sezima93,
Ноокаттын Шанкол деген айылынан болот.
0
sezima93
2020-12-21 21:01:32
nurka_85,аа тушунуктуу ооба мындай акылы жок аялдар да эркектер да кобойду азыр
+1
MAKALAK
2020-12-23 09:02:32
nurka_85,Мага тиесинби алайын
-4
sezima93
2020-12-25 15:24:31
nurka_85,эже сиздин куйоонуз уйлонбой эле журот экенго
+1
janym_balam
2020-12-22 20:14:16
Кудай сактасын!!!
0
Nursul
2020-12-22 20:56:29
Азыр бир көзүн экинчи көзүнө душман көрмөйүнчө бирин жаман бирин жакшы дей албайт экенсиң. Эми ушунча 4 балалуу болгуча чыдап анан чыдай албай калгандары жаман экен аялды алгандан кийин тамак аш ким кече менен камсыз кылуу биздин милдетибиз аялды иштеп өзү үйдө жатып алган болбойт аял киши иштеп акча кармап калганда өзүмчүлдүк пайда болот берекеси да жок болот ошон үчүн вазир жакшы хан жакшы деп бекер айтылган эмес да аял жакшы мүнөздүү болсо эри да ошондой болот.
+2
nazira...
2020-12-23 21:32:14
Бвр го аялдар күйөөсүнө үстүндү бала менен көөмп коем каяка барат элен деген.Көбүн көрдүм,эркек да тынч жашагысы келет экен,чыдап көрөт анан дагы эле ошол бойдон өзгөрбөсө 6 баласы менен деле таштагандар бар.Аялдар көп ажылдап мээсин жегенди токтотуп,балдарынын атасыбы ага поддержка кылалы.Бварына сабыр кылалы,балдардан жакшылыктарды көрөлү.Он балам болгуча осурак чалым болсун деген сөз бекеринен айтылган эмес.Үстүндү бала менен көөмп коем деп төрөй берип байкуш балдарды орто жолдо калтырып коес
+3
sezima93
2020-12-25 02:51:29
nazira...,ооба аял киши баардык жерде сабыр кылып жашаш керек деп ойлойм менда,бирок уруп сабап тепкилеген эркектин жанында жашап кереги жок мага десе он балан болсо да ошол эле сыяктуу эркектерда болгонун таап келип аялынын балдарынын оозуна салып багып жатса урбаса сокпосо ошондо да тапканына аялы нааразы болуп жемелеп урушуп сыйлабаса андай аялдын данында жашап да кереги жок
+1
Kari
2020-12-25 21:47:39
4 балалуу болгуча ойлонбодубу?Нике куболугун жокко чыгарбай туруп деле алимент толосо болот ко.Созсуз кыркып ЗАГТы анан алимент толо деген эмес ко.Аял качан ажаан болот? Эркеги камсыз кыла албаса.Мумкун аял балдарыга коп убакыт болуп,кечке психический ,физический чарчап,куйоосуно жакшы соз суйлогонго мумкунчулугу калбаса керек.Аталары балдары менен 2 кун жалгыз калса ,аялдын ажылдаганын тушунмок.Кандай болгон кундо да ата озуну ойлогон,балдарынын тагдырын эмес.
0
Bak.taalai
2020-12-25 22:44:17
Кайнене солдуроп суттон ак болбосунчу шумдук болуп атсан эмнеге айылна барбай коймок эле ушу кайненелердин тилдери куйгузот да эл алдында апакай болуп чыга келет. Кептин баары башынан кайненеден башталат
0
Akjas
2020-12-26 10:30:08
Экинчи тараптын ой-пикирин күтүп жаттым эле. Мына чыкты. Менин түшүнүгүмдө ажырашууга аял көбүрөөк себеп болуптур
+2
nazira...
2020-12-26 20:33:10
Akjas,көрүнүп эле турбайбы дап даана, бирок кайненеси сүйлөбөй эле койбоптур. Дабасы жокко не кылат даба издеп, жаман мүнөз адамдын өлүгү менен кошо кетет, өзгөртүш өтө кыйын го. Эми балдарынын шору, ошолорду туура тарбиялаш керек таштабай.
-1
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан