НАРК СЫЙЛАГАН БЕЙШЕНБЕК БЕКЕШОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Бейшенбек Бекешов деген ысым кыргызга эң оболу "Коломто" телеберүүсүнөн улам жакшы тааныш. Кыргыз наркы, салт-санаасы, маданияты деп эчен жылдык өмүрүн теле жаатына арнады. Кыргыздын эртеңи деп күйүп-бышып жашады. Ошол чыгаан журналист 27-декабрь күнү 61 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Нарктуу сөзү, салмактуу ойлору, жасаган иши менен көпчүлүккө үлгү боло алган инсанды коомчулук өкүнүү менен жоктоодо. Макалада журналисттин кызынын, жакын санаалаш, кесиптештеринин эскерүүсүнө орун бердик.

“АТАМДЫН ӨЗҮНҮН ЖАШОО МҮНӨЗҮ ЭЛЕ БИЗГЕ ЧОҢ САБАК ЭЛЕ”

Кызы Мэри Бекешова атасы тууралуу буларды эскерди:

– Атам үй-бүлөдө чыныгы демократ болчу. Бизди өз каалообузга, көңүлүбүзгө карап тарбиялады. Ойногонго, саркеч кийингенге, эс алганга, ар кандай ийримдерге барганга чектөөлөрдү коюп “антпе, минтпе” деген жок. Мен мектепте окуп жүргөндө тырышып комуз ийримине бара берчүмүн. Музыкалык жөндөмүм жок экенин көрүп-билип турса дагы тандоону өзүмө калтырган. Башка багыттарда да ушундай эркиндиктерди берди. “Өзүңө жагып жатса, албетте, аракет кыла бериш керек. Калганы Кудайдын буйругуна жараша болот” дечү.

Жакшы алган бааларыбызга, бир тууган инимдин фортепиано боюнча республикалык сынактарда алдыңкы орундарды алганына, балдарынын, неберелеринин окуудагы жетишкендиктерине абдан кубанып, “мени тартыпсыңар” деп барбаңдап мактанып калар эле.

Жаңы нерсени үйрөнүп, өздөштүрүп ишке ашырганды аябай жакшы көрчү. Бир белгилүү адам “Бекешов менин идеяларымды ишке ашырып жатат” десе, атам “идея итте дагы бар, аны ишке ашырыш керек” деп тамашалаган экен.

Атамдын мүнөзү эле бизге чоң тарбия болчу. Кайраттуулугу, мээнеткечтиги, чынчылдыгы, ак көңүлдүгү, айкөлдүгү баарына байкалып турчу. Анын чалкалап эс алып жатканын көргөн эмесмин. Бала кезде үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө эс алганы барганда жээкке кумдан сепилдерди укмуш жасап, сынак уюштурчу. Тоого чыксак дарактын куураган тамырларын чогултуп, ар кандай фигураларды жасачу. Балдарга жаа жасап, жыгачтан чатыр тигип, көлмө куруп, таштан пристань куруп берип такыр жаны тынчу эмес. Жасаган ишинин жыйынтыгын карап ырахат ала турган.

Мен кичинекей кезимде атам экөөбүз “Сделай сам” деген дүкөндөн ДВП тактайларын 42-автобус менен алып келип, подъездде элде жок ашкана эмеректерин жасаганбыз. Мен кармашып, чай берип, жанында тегеренип жүрө берер элем. Түнү менен жасап, эртең менен ишке кетип калчу. Атам балдарынын ичинен мени баарынан жакшы көрөт деп ойлочумун. Көрсө, инилерим, сиңдилерим дагы өздөрүн гана жакшы көрөт деп ойлочу экен. Үйдө дайыма жакшы маанай тартуулап, көңүлдү ачып турар эле. Журналистикадагы жетишкендиктерин калың эл жакшы билет деп ойлойм.

Жакын арада бир таанышым “атаңыз дүкөнчү болуп кеткен ээ?” деп сурап калды. Мен таң калымыш болуп:

– Кайсы дүкөн? Дүкөнү бар беле? дедим.

– Ой, жанагы “Айыл азыгы” деген дүкөн бизнеси бар го?

– Аа, ошолбу. Ал бизнес эмес, атам элге жайылтам деген идеология. Элге табигый таза тамак жегенди, кыргыз даамдарын, наркын элге жайылтууга багытталган терең идеология,- дедим.

Ал келген адамга сөзсүз кымыз, ысык курут берчү. Достору, кесиптештери ал дүкөнгө баарлашып кымыз ичкени барышчу. Мен соода кылганы барсам белектерин берип узатчу. Бул улуу нарк эмей эмне? Дүкөндүн үстүңкү кабатын талкуулоо клубу кылам деп жаткан.

Буга чейин 2 жолу жүрөгү кармап ооруп, айыгып кеткен эле. Кийинкисинде ушинтип арабыздан алып кетти... Атамдын көзү өтөрдөн бир күн мурун тойдо жолукканбыз. Экөөбүз отуруп узак сүйлөштүк. 2 жарым жаштагы кызым таятасы менен ойноп жүрдү. Ал мага “сен кызыңды аябай жакшы тарбиялап жатасың, негизи балдарды жакшы тарбиялайсың, такыр урушпайсың. Баланы 5 жашка чейин ушинтип тарбиялаш керек” деген. Ушул акыркы сөзү мага керээз да болду. Мага ушундай ата бергенине, ушундай инсандын кызы болгонума Кудайга миң мертебе ыраазымын.

“БЕЙШЕКЕМДИН ДАЛАЙ КЕП-КЕҢЕШИН УГУП, ЖАКШЫ САПАТТАРДЫ ҮЙРӨНДҮМ”

Шакирти, кесиптеши, замандашы Шайырбек Абдырахманов эскерет:

– Бейшеке менин ага досум, агамдай жакын адамым болду. Жамандык-жакшылыкта дайыма өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон инсан эле. Качан барба көңүлүбүздү алып, мээримин берген асыл адамдардын бири болчу. КТРге жаш кезимде келип, 10 жылдан ашуун агай менен чогуу шакирти катары иштешип калдым. Ал мага “Шайыр, сен менин туубай тапкан баламдайсың” деп көп айтып калчу. Кайраттуу, тайманбаган, эр жүрөк мүнөзү бар эле. Мен Бейшекемдин далай кеп-кеңешин угуп, жакшы сапаттарды үйрөндүм.

Анын ичиндеги деминен, баскан-турганынан, кайраттуу мүнөзүнөн көп жашайт деп ойлогом. “Дагы көп сырдашабыз, көп басабыз, сүйлөшөбүз” деп үмүт кылчу элем. Көрсө, ал киши бардык жамандык-жакшылыкты жүрөгү менен кабыл алчу экен. Бизге жүрөгүнөн мамиле кылчу тура. Анын бул дүйнөдөн көчүп кеткенин угуп ушунчалык жаман акыбалда калдым. “Жанында көбүрөөк отуруп сүйлөшүп, пикирлешип калбай” деп өкүндүм. Быйыл бир топ мыкты инсандарыбыз бул дүйнөдөн өтүп кетти. Мына ушундай адамдарды жоготуп алганыбызга абдан кейип турам. Каза болорунан эки күн мурун чай үстүндө айта жүрчү күлкүлүү кептерин тыңдап, кыргыздын келечеги тууралуу нарктуу сөздөрүн угуп, бир топ жаштар менен батасын алып кайттым эле. Ошол берген батасы, жакшы тилек, асыл ойлору анын акыркы сөзү болгон экен.

“КОЛУНАН КӨӨРҮ ТӨГҮЛГӨН УСТА ДА БОЛЧУ”

Санаалашы, досу, кесиптеши Нургазы Мусаев:

– Бейшенбек Бекешовду “Кыргыз көчү” аттуу телеберүүсүнөн көрүп “ушу киши менен таанышсам, көрсөм” деп кыялданчумун. Анын “Коломто – рух ордосу” телеберүүсү убагында аябай популярдуу болгон. Мындай телеберүү КТРдин тарыхында болгон эмес жана мындан ары да болушу кыйын. Бул элдик телеберүү болду. Аны чогуу даярдашып, командировкаларга чогуу барып, өмүрүнүн акырына чейин ал киши менен катышта болдук. Айрыкча 2015-жылы ЭлТРдин ошондогу жетекчилиги менен келише албай жумушсуз калды. Ушундай чоң талант 3 жылдай жумушсуз жүрүп калды.

Бейшекем сүйлөгөндө укмуш сүйлөчү. Төгөрөгү төп келген инсан эле. Сүйлөп жатканда угуп эле отура бергим келчү, нукура кыргыз тилинде сүйлөчү. Ошол эле учурда аябай кызыктуу теле баяндарды жасачу. Биз ал киши менен Ютуб каналына кышында бээ сааган Тагай деген киши тууралуу берүүнү чогуу даярдадык.

“Кыргыз наркы” деген китеп чыгарды. Ар бир кыргыздын үйүндө туруп, наркты, тарбияны билели деп кыялданып чыгарды эле. Китепте биздин санжырачылар, маданият, адабиятта, коомдук иштерде жүргөн эң көрүнүктүү адамдардын ойлору жазылган. Атасы ээр чапкан чоң уста болуптур. Ошонун өнөрү Бейшекеге өтүптүр. Колунан көөрү төгүлгөн чоң уста да болчу.

Бейшенбек Бекешовдун мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу журналисттин үй-бүлөсүнө жана жакындарына "Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-01-04 12:30:01
Жаткан жери жайлуу болсун.Жакшы адам эле...
+4
munduz2016
2021-01-09 17:02:27
Жакындарына Аллах сабыр берсин,жаткан жериңиз жайлуу,топурагы торколуу болсун !!!
0
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан