«СУПЕР-ИНФОНУН» ТААНЫШУУ БУРЧУНАН ТАБЫШКАН ТҮГӨЙЛӨР

Эки адамдын табышуусу үчүн кимдир бирөө же кандайдыр бир нерсе себепкер болот эмеспи. Бул ирет дал ушул «Супер-Инфо» гезитине сан сайын жарыяланчу «Таанышуу бурчу» рубрикасы аркылуу таанышып, баш кошушкан Улан Абдыраимов жана анын жубайы Жибек айым менен баарлаштык.

Улан Абдыраимов:

«КЕЛИНЧЕГИМ МЕНЕН ҮЧ ЖОЛУ ТААНЫШКАМ»

– Мен Нарындан болом. Бир күнү теңтуш балдар болуп бир жерде отурганбыз. Жаныбызда «Супер-Инфо» гезити туруптур. Алып окуп, артындагы «Таанышуу бурчун» көрүп калдык. Ал учурда 20 жашта болчубуз. Кызык болду, ар кимге чалып көрдүк. Мирлан деген классташ балам «ушу номерге СМС жазып, номериңди калтырып койсоң гезитке чыгат экен, 25 сом алат экен» деди. Үчөөбүздө тең бирдик бар эле. Номерлерибизди калтырып койгонбуз. Анан күттүк. Кийинки эки жума алып карасак жок. «Жөн эле алдап жазып койгон номер го» деп калганбыз. Көрсө, ал жакка кезекте турган номерлер көп экен да. Ошентип биздин номер үчүнчү жумасында чыккан. Кызыктын баары ошондо башталды. Телефондун жаны тынбай калды. «Каяктан болосуң, кайсы жылкы болосуң?» деген суроолорго жооп берип жатып тажагам. Келинчегим менен үч жолу тааныштым. Чалган кишилердин көптүгүнөн кайра унутуп калам. Анан Жибек (келинчеги) үчүнчү жолу чалганда дагы тааныбай калсам, «сен менин номеримди сактабаптырсың, кийинкисинде тааныбасаң чалбайм» деди. Анан «Жибек СС» деп жазып койдум. Чалганда дароо «жумгалдык Жибексиң» дедим. Ошентип 6 айдай телефон менен сүйлөшүп жүрүп жолуктук. Кечелерге, тойлорго ээрчитип бара баштадым, бири-бирибизге жакын болуп кеттик. Сезимдер ойгонуп, баш коштук. Башында үйлөнөм деген ой жок болчу. 30га чыгып үйлөнөм дечүмүн. Күтүлбөгөн жерден «Супер-Инфонун» аркасынан үйлөнүп калгам (күлүп). Үйлөнгөнүбүзгө 11 жыл болду. Кудайга шүгүр, 3 кыздуу болдук, кичинекей бизнесибиз бар.

Номерибиз гезитке чыккандан кийин көп эле кызга жолукканбыз. Телефон чалганы андан көп. Биз Бишкекте филармония жакта жашачубуз. Кыздар каякта жашаарыбызды сураса, алыс жакты айтып коюп, аларды филармонияга чакыра берчүбүз. «Келдим» дегенде, «мен дагы жетип калдым» деп үйдөн чыга калчубуз. Ушундай кызык күндөр болгон.

Гезит болбосо таанышпай калат белек, ким билет, бул да болсо буйрук да. Ушинтип таанышып, баш кошконубузга себепкер болгон «Супер-Инфого» рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайбыз, өркүнүңөр өссүн. Эл кызматында болгула.

Жибек Жапаркулова:

«ЖОЛДОШУМ ӨЗҮҢ ЧАЛГАНСЫҢ ДЕП ТАМАШАЛАП КАЛАТ»

– Жолдошум 1987-жылы, мен 1988-жылы туулгам. Таанышкан кезде 19 жашта эле болчумун. Мектепти жаңы бүтүп, шаарга келип чач-тарачтын окуусун окуп жаткан кез эле. «Супер-Инфону» жума сайын алып окучубуз. Биз үчүн «Таанышуу бурчу» кызык болчу. Карап отуруп бир-эки номерге чалып тааныштым. Анан Нарындан деп турган номерге чалдым. Тааныштык, сүйлөштүк, кийин чалсам тааныбайт. Атымды унутуп калып, үч ирет таанышканбыз. Ошондо «дагы тааныбай калсаң чалбайм» деп айтыптырмын. Айтканым эсимде деле жок, жолдошум айтып калат. Көрсө, номер жаңы чыкканда көп кыздар чалат экен. Азыркыга чейин жолдошум «өзүң чалып таанышкансың» деп тамашалап калат. Кээде эстеп күлүп калабыз. Баары жакшы, 3 кызыбыз бар, улуусу 4-класс, кичүүсү 4 жашта.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
gilrfkg
2021-01-05 10:47:20
Kyiyn jawtar eken, men 19 jawymda ilim-bilim menen taanywuudan kol bowochu emes)
+2
vikidiki
2021-01-10 21:11:24
Куйоосу бир топ мактанып коюптур го. Альфа самец болуп өзүнчө эле.
0
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан