«Нумонжон Юсупов АФКнын машыктыруучулук «А» лицензиясынын ээси жана ошондой эле футбол боюнча Тажикстандын спорт чебери. Аны менен 1+1 келишими түзүлдү. Нумонжон Юсупов буга чейин Тажикстандын белгилүү «Истиклол» жана «Худжанд» клубдарын машыктырган»,- деп билдирди ал.
«Алай» клубу былтыркы сезондогу Өлкө кубогунун финалында канттык «Абдыш-Ата» клубун 1:0 эсебинде утуп, чемпион аталып, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) тайпалык баскычына жолдомо алган.
Жумабай Акимов