БИШКЕКТИ КАПТАГАН КАРА ТҮТҮН

Кыш киргенде эле Бишкекти каптаган ыш, кара түтүн маселеси көтөрүлүп, абанын булгануу көрсөткүчү чегинен ашып, эшикке чыгып дем алууга оор болуп калат. Бул көйгөй учурда абдан курчуп турган маал. Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы акыркы жылдары кооптуу чектен эселеп ашып кеткенин көрсөтүүдө. Бул көйгөй Бишкектин ар бир жашоочусун тынчсыздандырат. Биз көйгөйдүн келип чыгуу себептерин жана булганыч абанын ден соолукка тийгизген таасирин иликтеп көрдүк.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КӨМҮРДӨН ЧЫККАН ТҮТҮН ЗЫЯНДУУБУ?

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо артыкчылык катары жергиликтүү көмүр колдонулат. Тагыраак айтканда, Кара-Кеченин көмүрүнө ылайыкташылганы айтылат. Бирок аталган көмүрдүн сапаты боюнча талаш-тартыш жүрүп, бул Бишкекти каптаган түтүндүн бир себеби катары каралууда. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы билдирүүсүндө, эң негизги деп Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү керектигин айтты. Газга өтүү менен абаны каптаган түтүн 50-60 пайызга азая турганын баса белгилеп, аны менен кошо Кара-Кече көмүрүн Бишкекке алып кирүүгө жана шаардын чет-жакасындагы жаңы конуштарга колдонууга тыюу салууну сунуштаган. Түлөбаев бишкектиктерди мэриянын демилгесин колдоого алып, борбор калаадагы кара түтүн маселесин чечүү үчүн өкмөткө кайрылууга чакырган болчу.

8-январда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков экологдор менен жолугуп, ыштан арылуунун жолдорун талкуулашты. Новиков Бишкектеги 22 от казанды газга өткөрүү жана ал үчүн 200 миллион сом талап кылынарын айтты. Ал белгилегендей, абанын булганышына байланыштуу көйгөйдүн кыска убакытта чечилишин күтүүгө болбойт. “Бул көйгөйдү бир жылдын ичинде чечүү мүмкүн эмес, бардыгы түшүнүшү керек, бирок булгануунун деңгээлин акырындык менен төмөндөтүүгө болот”,- деп жыйынтыктады Новиков.

“КЫРГЫЗ КӨМҮР”: “ЖЭБ КӨМҮРДҮН САПАТЫ НАЧАР ДЕСЕ АРТКА КАЙТАРЫП ЖИБЕРСИН”

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы да өз кезегинде жергиликтүү көмүрлөрдүн сапаты тууралуу билдирүү таратып, Кара-Кеченин көмүрү сапатсыз дегенди четке кагып, абанын кирдешине таасирин тийгизбейт деп келишимди жарыялады: “ЖЭБ менен болгон келишимде жазылып турат: эгерде көмүрдүн сапаты начар экени аныкталса, аны ЖЭБ тарап кабыл албай артка кайтарып салууга укугу бар же аны өзүнчө төктүрүп, текшерүү жүргүзүлүшү керек. Анда кыргыздын көмүрү сапатсыз болсо, эмне үчүн көмүрдү артка кайтарып жибербейт? Андан тышкары ЖЭБдин лабораториясынан өткөн текшерүүдө кыргыздын көмүрү нормага ылайык деген тастыктама турат”,- дейт билдирүүдө.

“СМОГ АЙРЫКЧА ӨПКӨ ООРУЛАРЫН КОЗГОЙТ”

Шаардагы булганыч аба адамдын ден соолугуна канчалык деңгээлде зыяндуу экенин адистерден сурап көрдүк. Улуттук кардиология жана терапия борборунун инфекциялык көзөмөл боюнча дарыгери Дастан Кубатов буларды айтты:

– Таза эмес кир аба менен дем алуу, албетте, ден соолукка зыяндуу. Бул өнөкөт ооруларды, анын ичинен айрыкча өпкө ооруларын козгойт. Хобл (өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу), бронхиалдык астма менен ооруган кишилердин өнөкөт оорулары болсо ошолорду козгойт. Абадагы тыгыздык (концентрация) өпкөгө кирип калдык болуп, анын айынан жакшы дем ала албай, кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөр көп. Ал эми дени сак адамдар учурунда абанын зыянын сезбей-билбей жүрө берип, кесепетин кийин тартышы мүмкүн.

Кичинекей балдарга да кийин зыянын бериши мүмкүн. Анткени биз дем алып жаткан абанын курамында көптөгөн зыяндуу элементтер бар. Абадагы майда бөлүкчөлөр денеге киргенден кийин ички органдар сезгене баштайт. Алар организмде калдык болуп, бир катар өпкө ооруларын чакырышы ыктымал. Тамеки, ыш, унаалардан чыккан түтүн, булардын курамында радон деген элемент бар. Бул элемент 120 жылга чейин организмде сакталып жүрө берет. Бул элемент өзүнө радиоактивдүү заттарды сиңирип алып, анын натыйжасында аты жаман рак оорусун козгошу мүмкүн.

Эгер бул маселе чечилбей турса, негизгиси, иммунитетти көтөрүү, башкача айтканда, сүт азыктарын пайдалануу зарыл. Мисалы, сүт, айран ичүү. Андан сырткары бет кап тагынуу керек. Эпидемиолог катары айтып кетейин, бет кап менен жүргөндө да аны ар 4 саатта алмаштырып туруу керек. Антпесе эффективдүү болбойт. Бишкекте жашагандар көбүрөөк тоолуу райондорго чыгып, спорт менен машыгып, сергек жашоо образын кармансак, бул нерсеге туруштук беребиз.

“БИШКЕКТИН ЫШЫ ТАМЕКИ СЫЯКТУУ ЭЛЕ ЗЫЯНДУУ”

Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонологу Азамат Акылбеков:

– Ыш, түтүн адам үчүн аябай зыян, жаш куракка карабай бардыгына таасир этет. Кир абанын курамында кум сыяктуу микроскоптон гана көрө ала турган аябай майда бөлүкчөлөр бар. Анын эң эле зыяндуусу “РМ2.5” деп аталат. Бул чоң бөлүкчөлөрдөн айырмаланып, тоскоолдуктардан оңой өтүп адамдын организмине, денеге эң чоң коркунуч туудурат деп айтсак болот. Бул нерсе адамдын өпкөсүнө кирсе өнөкөт ооруларды козгойт. Бишкектин ышы тамекинин түтүнү сыяктуу эле өтө зыяндуу.

“ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШКАНАСЫ ТАРАБЫНАН САПАТСЫЗ ИШ АЛЫП БАРЫЛЫП ЖАТАТ”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, эколог, биология илимдеринин кандидаты, доцент Нурзат Тотубаева:

– Бишкекти каптаган смог экологиялык жактан аябай зыяндуу. Ышты азайтуу үчүн иш-чараларды аткаруу керек. Бишкекти каптаган ышка бир эле ЖЭБ күнөөлүү дегенге кошула албайм. Анткени жеке менчик сектордо сапаты начар болгон ар түрдүү отундар жагылып жатат. Кийим тигүүчү цехтерден чыккан калдыктар, синтетикалык чүпүрөк-сапырак, дөңгөлөктөр колдонулуп жатат.

Экология боюнча инспекция үймө-үй кыдырып, айрыкча жаңы конуштардагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Так маалымат берилиши керек. Мисалы, түтүндүн зыяны кичинекей балдарга өтө кооптуу. Аларда ар кандай нерв оорулары пайда болушу мүмкүн. Көпчүлүк тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды өрттөп таштандыларды азайтып жатам деп ойлойт. Бул туура эмес экенин түшүндүрүү зарыл.

Андан сырткары биз көп эле айтып жүрөбүз, шаардын ичинде жашылдандыруу иштери туура эмес жүргүзүлөт. Экологиялык жактан сапатсыз иш алып барылып келет. Мисалы, ошол чаңды, ышты соргон, абаны чыпкалаган, кирдегенине жараша ыңгайланышкан өсүмдүктөрдү, көп жылдык бак-дарактарды ортургузуу керек. Жашылдандыруу ишканасы жайында бир жылдык гүлдөрдү отургузат. Ага миллиондогон акча коротулат. Ал бир жыл гүлдөп турат. Бирок ал кооз болгону менен, экологиялык жактан абага канчалык пайдасы бар, бул өзүнчө чоң суроо. Ошондуктан жашылдандыруу иш-чараларын туура жүргүзсөк шаардагы ыштын өлчөмүн азайтканга болот. Мисалы, самшит, сирень деген өсүмдүктөр бар. Самшит зыяндуу канцерогендик заттарды өзүнө сиңирип алат. Сирень чаңды жутуу боюнча биринчи орунда турган түр. Ар бир өсүмдүктүн физиологиясына, биологиялык өзгөчөлүгүнө карап туура, сапаттуу жашылдандыруу иштерин жүргүзүү керек.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aikaademi
2021-01-19 08:26:30
Бишкекте шамалды күчөтүүчү атайын бир жагдайды карап чыкса да жакшы болмок. Түтүн уюп кетпей жатса, демек ага шамал жетишпей жатат. Акыркы убакта аркы терки курулган үйлөрдүн да кесепети болушу мүмкүн, шамалды тосуп
0
aslan_akjol89
2021-01-21 10:19:49
Нурзат эженин айтканына 100% кошулам.Жашылдандыруу ишин кучотуш керек эле.
0
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан