Теңирберди Мамыткожоев, окурман: “ГЕЗИТКЕ ЧЫККАН МАСЕЛЕЛЕРГЕ БИЙЛИК КӨҢҮЛ БУРУП, ЧЕЧСЕ...”

“Супер окурман” рубрикабыздын кезектеги коногу 73 жаштагы Теңирберди Мамыткожоев. Ал “Супер-Инфону” үзбөй окуп, айрыкча сканвордду бат эле толтуруп коёрун айтат. Кээде билбей калган сөздөрүн жазуу үчүн атайын сөздүк даярдап алган. Анда эл билбеген толтура сөздөр бар дейт. Каарманыбыз гезитибиздин өткөн санындагы сканвордду туура толтуруп, 2-орунду алды.

– Кесибим боюнча дарыгермин, 73 жаштамын. Бишкекте турабыз. Учурда шаардагы 5-бейтапканада ден соолукту чыңдоо боюнча атайын үгүт жүргүзүү бөлүмүндө иштейм.

“Супер-Инфо” чындыкты жазган гезит деп эсептейм. Бирок ар ким ар кандай айтышы мүмкүн, бул менин жеке оюм. 2010-жылдан бери гезитти такай окуп келем. Ага чейин деле гезитти негиздеген Кылычбек Султанов менен тааныш болчумун. Гезит ар тармактуу, окуй турчу маалыматтар көп. Мен айрыкча сканворд толтурганга кызыгам. 2012-жылы сканвордду биринчилерден болуп толтургандарга бирдик салып беришчү. Көп эле жеңүүчү болуп жүрдүм. Кээде гезитти убагында сатып ала албай калганда ошол санын издеп окуйм. Сатыкка бейшемби күнү чыкса, ошол күнү эле сатып алам. Иштеген жеримдеги гезит саткандардын баары менен жакшы таанышмын. Кээде 2-3 гезит саткан жерде калбай баратса өзүнчө мен үчүн катып алып коюшат. Үй-бүлөм бүт окуйт. Үйдөгүлөргө ашкана боюнча чыккан материалдарды көп сунуштайм. “Муну окусаңар кызыктуу экен, окугула” деп жүрүп, азыр мен окуган гезитти үйдө баары окушат. Гезитти чогултуп да жүрөм.

Сканвордду толтуруп жатканда айрым учурларда сөздөрдү издеп, энциклопедия жана башкалардан таппай каласың да. Таппай калган татаал, көпчүлүк билбеген сөздөр үчүн атайын сөздүк даярдап алгам. Аны кол менен китепче кылып жасап койгом. Кыргыз тилин жакшы эле билем деп ойлойм. Иштеген жеримде орусча-кыргызча котормочу кылып алышат тамашалашып.

Акыркы күндөрү гезит жакшы чыгып жатат. Мен негизинен саясий, элдин пикирин чагылдырган темаларды абдан кызыгып окуйм. Мурда гезитке чыккан маселелер такталып, иликтенип, тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынан көңүл бурулуп чечилип, аягына чыкчу. Азыр дайым эле андай боло бербейт. Өзгөчө сын көз карашта чыккан маселелердин жыйынтыгы чыкпайт. Ушул мени өкүндүрөт. Гезитке макала асмандан алып даярдалбайт да, коомдогу көйгөй ачык көрсөтүлөт. Алардын чечилишине тиешелүү жактар көңүл бурушу керек.

Маек соңунда окурманга эркин микрофон сундук:

– Жалпы гезиттин жамаатына, ишиңерге ийгилик каалап кетем. Кырыз элибизде тынчтык, аманчылык, ынтымак болсун! Жаңы ажо шайладык. Өлкө башчыбыз өзүнүн ага-тууганын кызматтарга койгон, өз көмөчүнө күл тарткан эмес, эл үчүн иштеген, эл кызыкчылыгын көздөгөн инсан болсун. Менин тилегим ушул.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан