10 ЖЫЛ КАЗАКСТАНДА КУЛЧУЛУКТА ЖҮРГӨН АЯЛДЫН ТАГДЫРЫ

Миң түрлүү тагдырлар бар. Айрымдарын угуп отуруу кыйын. Турмуштун оор сыноосуна туш болуп, бөтөн өлкөдө 10 жылдан ашык убакыт бою кулчулукта жүргөн айымды кезиктирдик. Аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранган айым башынан өткөн азаптуу күндөрүн төмөнкүчө баяндап берди.

“ЭС ТАРТКАНДАН КОРДУК КӨРҮП ЧОҢОЙДУМ”

– Мен Ысык-Көл облусунда төрөлүп, алты жашымда ата-энемден айрылдым. Атамдын бир туугандарынан кордук көрүп чоңойдум. Мени жүн сабагандай эле сабашчу. Беш бир тууган беш жакка чачырадык. Кышында жылаңаяк кар күрөтүшчү. Балдарынан бөлүп тамак беришти. Мени сабай берип, оорукчан болуп калдым. Кийин турмушка чыктым. Күйөөгө тийип деле чекем жылып жыргап кеткен жокмун. Үч бала төрөп бердим. Бирок жолдошумдун көрсөткөн кордугуна чыдай албай, акыры эки ажырым жолго түштүк.

“КАЗАКСТАНГА АЛДАНЫП БАРЫП КАЛДЫМ”

– 1995-жылы жолдошум экөөбүз ажырашкан соң Бишкекте иштеп жүрдүм. Үйдөн чыгып кеткен боюнча балдарыма кайра бир дагы жолу бара албадым. Анткени өзүмдүн да, алардын да жүрөгүн ооруткум келген жок. Өзүм алып багайын десем, же үйүм жок, же туруктуу жумушум жок. Ошондуктан балдарымдын атасында калышын туура көрдүм. Кийин Кеминде иштеп калдым. Ал жерден кыргызга күйөөгө тийген Ляля деген казак келин менен таанышып, экөөбүз талаада бирге иштедик. Кадимкидей бири-бирибизге жакын болуп кеттик. Бир күнү “Казакстанга сиңдимдин туулган күнүнө барып келели. Бүгүн барып, эртең келип калабыз” дегенинен макул болдум. Паспортум жанымда жок десем, cүйлөшүп алып кирип, алып чыгам” деди. Ошентип, 2009-жылы Казакстанга бардым.

“МАЛ САТКАНДАЙ САТЫП ЖИБЕРДИ”

– Ал аял Казакстанга барганда өзү каттоого туруу үчүн мени "иштеп берет" деп кул катары бирөөгө салып берди. Көрсө, каттоого туруп, балдарына жөлөк пул алат экен. Мени бир жерге алып барып коюшту. Ал жерден ызы-чуу салып жатып, тигил аялды чакыртып алдым. Аял мени саткан кишилерге акчасын кайтарып берип, мени алып кетти. Анан башка бирөөнүн колуна алып барды. Эми кетели десем, "макул, кетебиз" деп коюп, ошол бойдон жоголду. Телефонун өчүрүп салды. Ошол жерден эки кыргыз баланы кезиктирдим. Экөөнү да тиги аял алдап алып келген экен. Мага бирге качууну сунушташты. Бирок мен кача албай калып калдым. Экөөнү ошол бойдон көргөн жокмун.

“ТЕМИР МЕНЕН КОЛУМДУ ТАЛКАЛАЙ ЧАПТЫ”

– Ошентип Алматынын Узун-Агач деген жеринде иштеп калдым. Ал жер айыл дагы эмес, тоо, талаа. Ал жактан мал бактым, уй саадым, бирок иштеген акымды беришкен жок. Кетип калайын десем паспортум жок. Кээде кетирүү талабын айтсам уруп-сабашат. Кордукка чыдабай улам бир жерден экинчи жерге күндөп-түндөп качып жүрдүм. Кайда барсам деле ушундай эле окуялар кайталанды. Бир жерде бирөөнүн малын бактык. Мени бир койчусyна кошуп коюшкан. Ал арак ичип алып мени сабачу. Бир жолу мага “атты таштап, малды жөө айдап кел” деди. Алыс жерге кантип жөө барам деп таң калдым. Акыры макул болуп, атты сарайга киргизип чыгып бара жатсам, колго темир менен чаап жиберди. Жаным чыгып кетейин деди, талкалай чааптыр. Ошондон бери колум ооруйт. Азыр колумду араң көтөрөм. Учурда операцияга муктажмын. Ошол жерден мал бактырган жетекчибизге айтсам, эч кандай чара көргөн жок. Көрбөгөн кордугум калган жок. Аларды чыдап айта албайм. Бир жолу колумдун ийинден ылдыйкы бөлүгүн мешке басып күйгүзүшкөн. Эстесем жүрөгүм ооруйт.

“БӨЛӨК-БӨТӨН ЖЕРДЕ ӨЛҮП КАЛАМБЫ ДЕП КОРКТУМ”

– Мени саткан аял азыр деле жүрсө керек. Үйүн билем. Көкүрөгүмдө алоолонуп турган жалын бар. Барып айтайын дейсиң, бирок жалгыз барып кантип айтам? Анткени моюнга албайт. Ушунча кордукту көргөн жалгыз кыргыз мен эле эмесмин. Ал аял далай эле кишилерди сатса керек. Эгер аны кармап кысым көрсөтсө, баарын айтып берет. Бир жолу Алматыга бир жаш кыргыз кызды алып барышты. Менин жаныма коёт экен десем, аны башка базага жөнөтүштү. Кийин уксам, ошол жерден казак дагы эмес, башка улуттагы кишиге күйөөгө сатышыптыр. Андан кийин үй-бүлөсү менен алданып келгендерге күбө болдум. Алар кичинекей балдары менен кордук көрүштү. Кийин чыдабай калганда ал жерден бирге качып кутулдук. Акыры алар бир жолун таап Кыргызстанга кетишти окшойт. Мен деле качууну самап жүрдүм. Бөлөк-бөтөн жерде өлүп каламбы деп корктум. Бир жолу милицияга кармалып калдым. Паспортум жок болгондуктан камап коюшту. Кийин кожоюндарым чыгарып кетишти. Ошондон тарта сыртка да чыккыс болдум.

“БАЛДАРЫМ МЕНИ ӨЛДҮ ДЕП ТҮҢҮЛҮШКӨН ЭКЕН”

– Менин Казакстанга кеткенимди эч ким билбей калган. Бир дагы адамга айтып кеткен эмесмин. Балдарым ыйлап-сыктап 8 жыл издешиптир. Андан кийин мени өлдү деп түңүлүшкөн экен. Жолдошум үйлөнүп, бала-чакалуу болуптур. Азыркы тапта үч балам тең үйлөнүп-жайланган. Бир туугандарымдын издеп-издебегенин билбейм. Анткени өз көзүм менен көргөн жокмун. Алар сиңдим кайтып келди деп жылуу тосуп алышкан жок. Эч кимге доомду артпайм. Ар ким өз жашоосу менен жашайт.

“АКЫРКЫ КОЖОЮНУМ КЕТҮҮГӨ ӨЗҮ ЖАРДАМ БЕРДИ”

– Аягында Өскөмөн деген айылга качып бардым. Ал жерден, бактыга жараша, уруп-согушкан жок. Иштеген акымды төлөп беришкен жок, бирок тамагымды берип, кийимимди алып берип турушту. Ачыгын айтканда, мага акчанын деле кереги жок болчу. Эптеп курсагым тойсо деп калгам. Акыркы кожоюнум кетүүгө жардам берди. Ал Кыргызстанга кат жазып жөнөттү. Кимдин атына жазганын так билбейм, андан эч кандай жооп болгон жок. Кийин балдарымдын, жолдошумдун атына кат жаздык. Ал кат жеткен экен. Ошондо балдарым мени издеп табышты. Документ иштери боюнча Алматыдан бери чыкканда кыргыздарга жардам берген мекеме бар экен. Ал жактан өздүгүмдү тастыктаган документ алдым. Кожоюнум кетеринде колума сом менен 50 миң карматты. Кыргызстандын босогосун 2020-жылдын август айында аттадым. “Кызыл жарым ай” коомунун өкүлдөрү тосуп алды. Алар мага көмөк көрсөтүү үчүн убада беришкен. Бирок бүгүнкүгө чейин алардан дайын жок.

“БАЛДАРЫМДЫ КӨРГӨНДӨ ӨЗҮМДҮ ЖОГОТТУМ”

– Кыргызстандын босогосун аттаганда өңүмбү же түшүмбү деп жаттым. Деги түш болуп калбаса экен деп Кудайга жалындым. Балдарымды көрбөгөнүмө чейрек кылымдын жүзү болгон. Мен аларды тааный албай калам го деп корктум. Бирок энемин да, жакын келгенде тааныдым. Ошол жерден өзүмдү жоготуп, кайра эсиме келдим.

Балдарым жаны калбай сыйлап, дарылап жатышат. Бирок азыркы күнгө чейин көнүп кетүү оор болууда. Апалап жандары калбаса да, өзүмө чоочун жерде жүргөндөй туюлду. Эшикке кирип-чыгып, кенен сүйлөшө албай кыйналдым. Бара-бара көнүп кетем деген ойдомун. Эми-эми бир нукка түшүп бараткандайбыз. Тилим дагы казакчага өтүп кеткен. Кээде казакча сүйлөп алсам, “кыргызча үйрөн” деп күлүп калышат. “Кызыл жарым ай” коому үй алууга жардам беребиз дешти эле. Алардан жардам болсо алым-күчүм барда иштеп, өз үйүмдө жашоону каалап жатам. Мен башымдан өткөргөн кыйынчылыктарды Кудай эч кимдин башына салбасын.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
NURSAPAR
2021-01-25 10:34:43
Ляляны таап казанга салып кайнатыш керек экен.
+33
Erlan_95
2021-01-25 18:51:24
Эгер жашаган жерин билсениз, эмнеге айтпайсыз?? Канча кишинин омурун сактап калат элениз?
+12
Aimani
2021-01-25 19:25:46
Биз бауырым деп кучак жаябыз.казактар ьизди ушундай кордошот.
+17
Akoga
2021-01-25 21:28:39
Органдагылар тапкыла да адам саткандарды, чарасын көргүлө бүл не деген шумдүк тирүү адамды сатат деген.
+11
Paprikafm
2021-01-25 21:40:00
Жакында эле бизде да бир киши 19 жыл казахстанда кулчулукта журуп келди, супер инфо ошол кишиден да интервью алгылачы Чон алай району Чак айылы
+9
Sezimim...
2021-01-25 23:42:50
Кызыл ай жарым коомунан уй кутпой балдарына мээримини тогуп, ошолор менен чогулуп жашап кылганга аракет кыл да. Жакшы балдарын кабыл алыптыр...
+5
Usmanbekali
2021-01-26 00:30:51
Бул окуя жөн калбашы керек,Ляля деген итти кандай болсо да таап жазасын жакшылап бериш керек...УКМК эркек болсо ушул иштин өтөөсүнө чыгаар
+9
arimaz89
2021-01-26 06:29:38
Байкуш эже, ай. Ит көрбөгөн кордукту көрүптүрсүз, эми жараткан бактылуу карылыкты жазса экен маңдайыңызга. Адамдар жер үстүндөгү эң мыкаачы жан экени чындык. Бир да айбан адам жасаганды жасабайт
+4
munarbek.92
2021-01-26 10:33:06
кыргызда кулга дагы мындай мамиле кылган эмес
+6
Kari
2021-01-26 14:45:05
Айдын 15и карангы болсо 15и жарык.Балдарыныздын эле уйундо неберелеринизди караап,балдарынызга баш коз болунуз.Озунчо уй алганда ким менен жашамаксыз.Балдарынызга мээриминизди тогунуз,неберелеринизди жыттап,жашоодон ырахат алып жашаныз.Бул жашоодо откунчубуз
+6
Arianushka
2021-01-26 21:47:08
Иий байкуш эже акыры келипсиз да кудайым колдоп.Ляля да жазасын алат кудайдан
+6
Kg.ka84
2021-01-27 08:22:20
Ошончо кордук көрүптүрсүз эми Аллахка шүгүр келтирип эле балдарыңыздын ысык чайын ичип,небере эркелетип жөн эле ошолор менен жашай берсеңиз болмок,башка үй эңсебей.
+5
Asmat84
2021-01-27 22:17:27
Кээде озубуздукулорго деле түшүнбөй кетем да ошончо кордук көрүп 10 жыл журупсуз эже узун агач району Бишкектен 200 км аралыкта жайгашкан айыл. Болбосо Бишкек алматы трассага жакын жайгашкан айыл жолго чыгып деле кыргыз унаалар байма бай өтүп турушат ар бир 4- өткөн унаа кыргыз унаалар таксилер каттайт. Ошол айылда деле кыргыз жердештер болсо керек эле мал карамыш болуп чыгып деле качпайбы же болбосо милицияга барып кабарлабайбы. Ушундай да түнт болобузбу качыш оюңузда болгондо ар кандай жолдору
+4
nazira...
2021-01-28 09:19:15
Акыркы иштеткен казактын ыйманы бар экен да, ал жардам бербегенде дагы эле жүрө берет эле. Колуна да акча бериптир. Бул аялдын башына катуу чаап койгон окшойт, бирок баарын билет экен го. Кудай сактасын, кыйнагандар жазасын алсын кудай алдында.
+5
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан