17 ЖАШАР КЫЗ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН БАСПАЙ КАЛДЫ. “Кырсыкка себепкер адам жазасын ала элек” дейт апасы

Мындан алты ай мурун жол кырсыгына кабылган Аида Ниязбек кызынын бүгүнкү абалы өтө оор. Эгер Аида кырсыкка кабылбаганда быйыл 11-класста окуп жатмак. Он гүлүнүн бири ачыла электе төшөккө жатып калган каарманыбыздын апасы Бактыбү Кулдубаева биздин редакциябызга кайрылды.

“КЫЗЫМДЫН МЭЭСИНЕ КАН АРАЛАШЫП КЕТКЕН”

– Биз Токтогулда турабыз. Кызым Аида Ниязбек кызы 2003-жылы туулган. 2020-жылдын 20-августунда 3 курбусу менен Чычканда жайгашкан “Белек” деген кафеге барат. Ал жакка тууганыбыздын уулу үйлөнүп, тойго жардамдашып койгула деп чакырган экен. “Барбай эле койчу, кызым” дегениме карабай, мен базарга кетсем үйдөн чыгып кетиптир. Оюмда жаман нерсе жок эле “мейли, жардамдашып келсин” деп койдум. Тойдон үйгө чыгып келе жатканда 1996-жылы туулган Т.Ж. аттуу адамдын унаасына түшүшүптүр, ал мас абалында болгон экен. Арал деген айылга жеткенде каршы тилкеден машина чыгып, сүзүшүп, жол кырсыгына кабылышат. Кызымдын баш сөөгү талкаланып, буту сынып ошол жерден эсин жоготуптур. Жанындагы эки кыздын колу-буту сынган. Берки унаанын ичиндеги 50 жаштагы киши ошол жерден эле каза болуптур. Кызым Токтогул районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эки күн жатты. Дарыгерлер “колубуздан келбейт” деп Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которушту. Комадан 20 күн дегенде чыкты. Буту да сынганына байланыштуу ооруканада дагы эки ай жаттык. Андан соң дарыгерлер “кыздын мээси катуу чайкалган. Кан менен мээ аралашып кетиптир. Биз мээни ача албайбыз. Мындан аркысы колубуздан келбейт, чет өлкөгө алып баргыла” деп үйгө чыгарышты. Кызымды Токтогулга алып барып бир ай карадым. Эч кандай жылыш болгон жок. 20 күн комада жаткан учурда өпкөсү иштебей, пневмония болуп кетиптир. Ошондо кекиртегине операция жасап, түтүкчө коюшкан. Биз ооруканадан чыгып бара жаткан учурда “кекиртектеги тешик бүтөлгөндөн кийин сүйлөйт” деп түтүкчөнү алып коюшкан. Үйгө баргандан кийин бир ай өтпөй өпкөсүнө какырык толуп, тешкен жери жабылып калып, кызым дагы 15 күн Токтогулдагы ооруканада комада жатты. Эсине келгенден кийин кайра түтүкчө салып, шаарга алып келдим. Ал жерден 12 күн дарыланган соң “үйдөн дарылаңыз, болбойт” деп чыгарып беришти.

“КЫЗЫМДЫН ТАГДЫРЫН ТАЛКАЛАГАН АЙДООЧУ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРӨТ”

– Кызымды кырсыкка кабылткан баланын үстүнөн арыз жаздым. Ичимдик ичкени далилденип, иши сотко өткөн. Бирок сот ишти карабай создуктуруп келет. Айдоочунун буту сынганына байланыштуу 2 ай ооруканада жатты. Андан кийин кырсыктан каза болгон киши тараптан өкүл жок деп отурумду жылдырып коюшту. Анын машинасын төлөп беришиптир. Каза болгон кишинин аялынын айдоочуга карата эч кандай дооматы жок экен. Кызымдын тагдырын талкалаган айдоочу ооруканадан чыгып, бош эле үйүндө жүрөт. Кичине акчалай жардам көрсөтүп, бир-эки дарысын алып берип коюп жок болушту. А мен миллион сомго жакын каражат жумшадым. Өткөндө соттон балага жолугуп, “жок дегенде телефон чалып сурап койбойсуңбу? Ушу кызды жарадар кылдым эле деп кабар албайсыңбы?” десем, билмексен болуп койду. Апасы элге “жардам берип жатам, бутуна тургузуп жатам, күндө барып кабар алам” деп жалган айтат экен.

“КЫЗЫМ АЧ-ТОГУН БИЛБЕЙ ЖАТАТ”

– Учурда кызымдын абалы өтө оор. Тамак ичпейт, колу-буту кыймылдабайт, сүйлөбөйт. Тамакты түтүкчө аркылуу мурдунан куюп жатам. Ачка экенин же ток экенин билбей жатып арыктап кетти. Колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Дарылары өтө кымбат. Бүгүнкү күнгө чейин 700 миңден ашык акча сарптадык. Мен иштебей үйдө отурам. Жолдошум айдоочу болуп иштейт.

Аида беш кыздын экинчиси. Эжеси турмушка чыккан. Азыркы тапта өтө кыйналып жатам. Шаардагы ооруканаларга жакын болсун деп Военно-Антоновкадан ижарага үй таап, көчүп келдим. Кызым ооруп калса Токтогулдан келүү кыйын болот экен. Кызымды чет өлкөдөн дарылатуу керек болууда. Түркиядагы дарыгерлер менен байланышып сураштырсак, “кызыңардын абалы өтө оор экен, 40-45 миң доллар жумшалат” дешти. Анткени өздөрүнүн учагы менен келип, кызды алып кетишет экен. Азыр каражат жагынан аябай кыйналып жатам. Машинабызды саттык, үйүбүздү да сатыкка койдук. Бирок ал акча жетишсиз болуп жатат. Кызымдын өмүрүн сактап калуу үчүн элден жардам сурайм.

“АЙДООЧУ ТАРАП АИДАГА ЖАРДАМ БЕРИШИ КЕРЕК”

Кырсык болгон учурда бир унаада болгон Аиданын курбусу Нуриза Алыбаева окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

– Той берип жаткан Улан байке Аиданын туугандары болот. Улан байке Аида менен байланышып, “тойго жардам берип койгулачы” деп суранды. Биз барбайбыз деп жатканбыз. Кийин болбой айдоочу жөнөтүп жибериптир. Айдоочу бизди кафеге жеткирип, той бүткөндөн кийин кайра Токтогулга үйлөрүбүзгө алып келмек. Ошентип кайра кайттык. Анын мас экенин билген эмеспиз. Жолдон машинаны катуу айдап келе жаткан. Мен алдында отургам, артты бир карап Аида менен сүйлөшүп алдымды карасам, маңдайыбызда бир машина жакындап калыптыр. Машина токтойт деп ойлоп, жарыктан жүзүмдү жаптым. Кийин эсиме келсем машинадан сыртка чыгарып коюшуптур. Андан кийин ооруканага жеткирилдик. Кийин айдоочунун ичимдик ичкени аныкталды.

Айдоочу сөзсүз түрдө Аидага жардам бериши керек деп ойлойм. Анын кайдыгерлигинен Аида ушундай тагдырга туш болду.

“СОТТОШОМ ДЕГЕН ҮЧҮН ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ ТОКТОТТУМ”

Мас абалында унаа башкарган делген Ж.Тнын апасы Анара айым менен байланышып, кызга эмне себептен кош көңүл мамиле жасалып жатканын сурадык.

– Биз башында жардам берип жаттык. Токтогулдан Бишкекке которулуп жаткан учурда колуна 10 миң сом бердим. Бишкекте уулум экөө бир ооруканада жатты. Ал жерден кызга сайылчу дарыларын алып бердим. Томографияга түшүрдүм. Ошол учурда тергөөчү жабырлануучу тарап жазган арыздын негизинде суракка чакырып кайра-кайра тынчыбызды ала берди. Анан мен кыздын ата-энесине “арыз жазбай эле койбойт белеңер, материалдык жагын көтөрүп жардам берет элем” десем, атасы “силер мага такыр жолобогула, мен силер менен сотто сүйлөшөм” деди. Ошол учурда биздин акчабыз жаракат алган 4-5 кишиге бөлүнүп кетти. Кыздын атасы мага телефон чалганда “азырынча акчабыз жок, бир аз күтө тургула” дегем. Каражаттын айынан араздашып кеттик. “Мен аларга баары бир биздин үстүбүздөн арыз жазган экенсиңер, анда эмне акча талап кылып жатасыңар?” дедим. Ошондон кийин алар “анда соттон көрүшөбүз” деди. Балама да көп каражат жумшалды. Азыр 600 миң сом карызым бар. Кийин дагы бир ирет “акчаңды көтөрүп бизге келчү болбо” дешти. Соттошом деген үчүн жардам берүүнү токтоттум. Сот отурумунда 1 миллион 850 миң сом жана бир батир талап кылышты. Ачыгын айтканда, алардын өтүнүчтөрүн аткара албайм, күчүм да жетпейт. Аягында сотто “мен андай акча таба албайм, мыйзам чегинде чече бериңиз, башка айлам жок” дедим. Сот иши болсо аягына чыга элек.

Аида Ниязбек кызына жардам берүүнү каалагандар үчүн:

РСК БАНК:

03702643348203000007

03702417348201000323

ЭЛСОМ: 0708 111 267

Жолдубек Качкынбаев

 Кыстарылган видео 
Аида Ниязбек кызы кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Erlan_95
2021-02-01 14:36:13
Жабырлануучу тарап, бул окуя боюнча бир аял бул кыз тундо ошол бала менен шаар айланып жургон деген сыяктуу каралаган создорду жазып журот. Ошону бирдеке кылсанар. Ал акмактар силердин абалынарды силерди каралап жатышат.
+3
oopapa
2021-02-02 00:16:22
Тойго чакырган адамда да куноо бар
+1
kkkk3259780
2021-02-03 06:33:09
ичип айдаганды камаш керек эле. праваны вообще албай турган кылыш керек...
+1
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан