Бишкекте жүргүнчү ташыган айдоочулар: «ДОЛЛАРГА ШЫЛТАП, ЖОЛ КИРЕДЕН БАШКАНЫН БААРЫ КЫМБАТТАДЫ»

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочулары жол кирени кымбаттатууну талап кылууда. Жакында иш таштоого чейин барышты. Алардын жол кирени 15 сом кылуу талабы орундуубу? 10 сомдук тариф чыгымды актабай калды деген кеп негиздүүбү? Айдоочулардын 1 күндүк ишине аралашып, абалды байкоого аракет кылдык.

“ДОЛЛАР КӨТӨРҮЛДҮ ДЕП БААРЫ КЫМБАТТАП, ЖОЛ КИРЕ ОРДУНДА КАЛДЫ”

Кезектеги иш жуманын башы адаттагыдан өзгөчө башталды. Жумушумду таң эрте 139-маршруттук таксиге чыгып, айдоочуну кепке тартуу менен баштадым. Калың кийинген, кышкы суукта үшүп аялдамада турган замандаштар улам кол көтөрүп, "бусикти" токтотуп жатышты. Киев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен чыгып 1 сааттан ашык жол жүрүп, каттамдын экинчи чекити болгон Ак-Ордо-2 жаңы конушуна келип жеттик. Каттамдын кезегин күтүү үчүн айдоочу вагондо жайгашкан ашканага кирди, аны жандай мен да кирдим. Маршруттук таксинин айдоочулары менен пикир алышып, алардын тапкан каражаты, чыгымы, көйгөйлөрү тууралуу сурадым. Аталган маршруттук каттамдын айдоочусу Маматжан Машаев буларды айтып берди:

– Мен 20 жылдан ашуун убакыттан бери айдоочулук кылып келем. 6 жылдан бери шаар ичинде маршруттук такси айдайм. Айдоочулардын жол акыны көтөрүү боюнча талабы реалдуу эле. Анткени биз унаанын тетиктерин алмаштырабыз, күн сайын 25 литрден кем эмес май куябыз, салык төлөйбүз. Түшкү тамакка 150 сомдон беребиз. Биз 204, 192 номурлуу каттамдын маршруттук таксилери менен атаандашып иштейбиз. Унаанын тетиктери болсо кымбат.

Жол кире эмес, азыр даараткананын баасы деле 10 сом болуп кетти го. Ал эми солярканын баасы 2 сомдон ашык кымбаттап кетти. Тапканыбыз өзүн актабай калат. Жаңы конуштарда жолдор жаман. Унаалар шарактап тез эле жарактан чыгат. Мисалы, 1 рессор сынса, жаңысы 3000 сом турат. Коюп берүү акысын кошкондо жалпы 4000 сомду түзөт. Мындай көйгөйлөрүбүзгө эч ким башын оорутпайт да. Эртеден кечке бир чекиттен экинчи чекитке ар кандай адамдарды салып алып жол жүрөсүң. Иштеп тапкан акчаңдын жарымына май куясың. Ошентип кечинде 600-700 сомдой акчаны үйгө алып барасың. Жакшы тапкандары 1500 сомдой табышат. Алар эл көп түшкөн 1-категориянын каттамында иштегендер. Бизге окшогон 3-4-категориядагыларга андай каражат түшпөйт. Биз деле коомдун бир катмарыбыз, ушул кызмат менен нан таап, үй-бүлө багабыз. Биздин деле бала-чакабыз, тиричилигибиз бар. Доллар кымбаттады деген шылтоо менен тамак-аштын баасы көтөрүлдү, унаанын тетиктери бүт кымбаттады. Анан жол киреге келгенде эле бул маселе токтоп калды.

“1 АЙЛЫК ЧЫГЫМ 22 800 СОМ”

Ак-Ордо-2 конушунан чыгып, Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине келип түштүм. 101-маршруттук каттамга отуруп акыркы аялдамасы болгон Чоң-Арык айылына бардым. Айдоочулар менен ошол жердеги ашканага кирип түштөнгөнчө пикир алыштык.

Жүргүнчү көп түшөт деп айтылган, айланма каттамдагы 101-маршруттук каттамдын айдоочусу Урмат Асаналиев азык-түлүк, унаа тетиктеринен тартып күйүүчү майга чейин бүт кымбаттап жатканы оорчулук жаратууда дейт:

– Өзүңөр көрүп тургандай, пандемиядан кийин чек аралар жабык. 500 сомдук унаанын тетиги 1000 сомго чыкты, тамак-ашка болгон баа көтөрүлдү. 1 литр өсүмдүк майы мурда 90 сом болсо, азыр 140-150 сом турат.

Нааразы болуп, бизди каргап-шилегендердин көпчүлүгү пенсионерлер. Мисалы, 2012-жылы 3000 сом пенсия алган киши азыр 10-11 000 сом алат. Алардын пенсиясына жыл сайын 300-400 сомдон кошулат. Ага шүгүр эле деш керек. Буга кошумча алар маршруттук каттамга белгилүү бир убакытка чейин арзандатуу менен жүрүшөт. А биздин 5 сомго жол кирени кымбаттаталы деген сунушубуз үчүн ызы-чуу кылып жатышат. 2012-жылдан бери жол кире 10 сомдон көтөрүлбөй келет. 18 саатка чейин иштейсиң. Бул арада 3 маал тамактанасың. Таңкы 5тен кечки 21:00гө чейин жумуш. Кээ бирлери 12ге чейин жүрүшөт. Менин эсептегеним боюнча, айдоочу 1 айда жалпы 22 800 сомго чыгаша болот экен. Буга дагы дөңгөлөктөрдү кошкон жокмун. Күнүнө орточо 1500 сомдон таптык дегенде, 1 айда 36 000
сом болот экен. Ошондо 13 200 сом бизге таза калат. Ушул биздин 1 айлык акыбыз. Техника бузулбайт деп ким кепилдик бере алат? Унаанын бир эле тетигин 13 000 сомго ала албай каласың. Биз го мейли, менчик унаа менен жүрөбүз. Арабызда кичи автобусту ижарага алгандар бар. Алар күнүнө 1000-1200 сомдон ижара акы төлөшөт.

“АЙДООЧУЛАРДЫН КӨБҮ УНААЛАРЫН САТЫП КЕТИП КАЛЫШТЫ”

Сыргак Кабаев, 101-маршруттук каттамдын айдоочусу:

– Маршруткага ар түрдүү адамдар түшөт. Кээ бирлери жол киресин да бербей, унчукпай отуруп алат. Унаага түшөрдө “акчам жок эле” деп айтып койсо түшүнүп, “кир” деп эле канчасын салып алам. Унчукпай отуруп алганына жиниң келет да. Мисалы, мен азыр 120 сомго тамактанып жатам, эртең менен 100 сомго тамак ичкем. Түшкө чейин эле 220 сом кетип жатат. Кечинде дагы тамактанып, ошону менен түнкү саат 11ге чейин иштейбиз. Кыскасын айтканда, маңдайыбыз жылып деле кетпейт. Көпчүлүк кичи автобустун айдоочулары унааларын сатып, иштен кетип калышты. Жалпы Бишкек боюнча 4000 маршруттук таксиден 1800ү калды. Күн жылып, чек аралар ачылса Орусияга качышат. Эл биздин чыгымды эске албай эле, берген акчаларын эсептеп жатышат.

“ТҮШКӨ ЧЕЙИН ИЖАРАГА ЧЫГАРСА, АНДАН КИЙИН ӨЗҮНӨ ИШТЕЙТ”

Диспетчер Шейшембек Мухамбетов унааларды ижарага алып иштегендердин көйгөйлөрүнө токтолду:

– 12 жыл маршруттук такси айдадым. 107, 114 азыр 101-каттамда 2 жылдан бери диспетчер болуп иштеп келем. Айдоочулардын баары эле унааларын дайыма оңдото албайт. Оңдоп-түзөөгө чындыгында көп каражат кетет. Маршруттук каттамда айдоочу болуп иштегендердин 50 пайыздан ашыгы унааларды ижарага алып айдашат. Мисалы, айрымдарынын түшкө чейин иштеп тапканы унаанын ижара акысына кетсе, түштөн кийин тапканы гана өзүнө чыга баштайт.

“МАСЕЛЕНИН ЧЕЧИЛИШИ МАЙ АЙЫНА ЧЕЙИН БАРЫШЫ МҮМКҮН”

Жогорудагы айдоочулардын пикири. Коомчулукта "пандемия шартында кыйналып турган эл жол кире кымбаттаса ого бетер чайналат" деген да пикирлер айтылууда. Андан тышкары жол кирени кымбаттатуу талабынын артында жүргүнчү ташууну тейлеген фирмалардын жеке кызыкчылыгы бар деген да сындар бар. 19-январда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев калкты тейлеген транспорттук компаниялардын жетекчилери, айдоочулар менен жолугуп маселе быйыл май айында чечилиши ыктымал экенин айтты. Жол кире 15 сом болору күтүлүүдө. Учурдан пайдаланып шаарды кичи автобустардан тазалап, шаарга автобус, троллейбустарды алып келүү керектигин сунуштагандар да арбын. Айтор, азырынча жол кирени кымбаттатуу маселеси ачык бойдон калууда.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
vikidiki
2021-02-08 16:53:30
Туура эле айдоочулардын айтканы.
+1
Taalaibek.
2021-02-09 21:46:34
Мен 31 жылдан бери айдоочумун алган айлыгым 4000 мин сом. Айдоочулар силер шугур кылсанар болот экен. 13200 сом деген эн сонун айлык да. Менден 3 эсе коп алат экенсинер. Бул жерде 15 сомго которуш эмес, куйучу майдын тушурулушу керек, (томондошу керек) ошондо анан калыбына келет.
0
Suuluwka9686
2021-02-10 15:10:37
Булар 15 кылып анан май арзандаса деле жол кире арзандатпайт. Мисалы жай мезгилинде май арзандады Таласта 28сомго чейин тушту жол кирени тушурбой эле айдашты таксилер кундузу 15 кечинде 19.00кийин 20 сом шаар ичи
0
Nursul
2021-02-13 19:27:55
Бизде өзү арзандаган күн болобу бир кымбаттаса кайра арзандабайт. Маршруткага түшсөм ашыкча деле берип кетип калчумун анан эле бир күнү эки сом жетпей калып эки сом жетпей калды десем тим эле ызылдап алган ошондон бери жаман көрүп калдым ошолорду.
0
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан