БЫЙЫЛ КЫШ ӨТӨ СУУК БОЛОБУ?

Метеорологдор “2010-2011-жылдын кышында Европада, ошондой эле Орусияда акыркы 1000 жыл ичинде болбогондой суук болот” деп билдиришти. Бул боюнча кабар алган мекендештер арасында “Орусиядагы суук бизге да келет. 1000 болбосо да, акыркы 100 жыл ичинде болбогондой суук күтүлөт, көрөсүң го” деген сөздөр жүрүүдө. Ушундай сөздөрдөн жана “кыш кандай болот?” деген кызыгуудан улам кыш кандай болору тууралуу изилдөө жүргүздүк.

ЕВРОПАДА СУУК БОЛОТ
Орусиялык метеорологдор: “Келе жаткан кыш акыркы 1000 жыл ичиндеги эң катуу кыштардан болушу мүмкүн. Тактап айтканда, убак-убагы менен -30 градус жана андан да катуу сууктун болушу күтүлөт. Ал эми -20... -25 градус суук бир апталап же 10 күндөп сакталары анык. Ал эми Орусиянын түндүгүндө мындай суук абдан узакка созулат”,- деп билдиришүүдө. Атүгүл Орусия өкмөтү катуу суукка карата аракет планын иштеп чыгууну убада кылды.
“Кыш катуу болот” деген маалыматтарды башка өлкөнүн да метеорологдору айтышууда. Мисалы, Латвиянын аба ырайын изилдөөчүлөрү -40 градус суук болорун жазышты.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КАТУУ СУУК КҮТҮЛҮҮДӨ?
Кыштын суук болушуна эмне себеп? Бул тууралуу окумуштуулардын айтымдары.

  • Польшалык окумуштуулар Европанын муздап баратышынын себебин Гольфстрим агымынын улам муздап баратканына байланыштырышат. Гольфстрим – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнөн тарала турган жылуу агым. Ал Европанын климатына түздөн-түз таасир этет. Ал эми Европанын климаты Азиянын климатына таасирин тийгизет.

“Акыркы 5 жылда жылуу агымдын ылдамдыгы эки эсеге төмөндөдү. Эгер ушинтип ылдамдыгы жайлап жүрүп отурса, акыры Европа муз алдында калат. Жылуу агымдын ылдамдыгынын жайлашына Мексика булуңундагы мунай өндүрүүчү платформанын кырсыкка учурашы себепкер. Анткени андай чоң кырсык экологияга терс таасирин сөзсүз тийгизет”,- дешет алар.
Эскерте кетсек, 2010-жылы 20-апрелде Мексика булуңундагы мунай өндүрүүчү платформада кырсык болуп өткөн. Алгач өрт чыгып, анан жарылуу болгон. Эки күндөн кийин платформа чөгүп кетип, 1,6 чакырым тереңдикте жайгашкан скважинадан мунай деңизге куюла баштаган. Күн сайын деңизге 5 миң баррель (800 000 литр ) нефть куюлуп турган.
Мунайдын деңизге агып кошулушу май айында да токтогон эмес.

  • Кээ бир окумуштуулар “акыркы убактарда суу каптоолор, жер титирөөлөр жана өрттөр көп болуп жатат. Булар аба ырайынын өзгөрүшүнө таасирин тийгизүүдө. Андыктан 2010-2011-жылдын кышы суук болушу мүмкүн” деген маалымат менен чектелишүүдө.

БИЗДИН МЕТЕОРОЛОГДОР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Кыргызстандын Гидрометеорология боюнча агенттигинин аба ырайын алдын ала жоромолдоо бөлүмүнө кайрылдык. Алар: “Жалпы кыш мезгили боюнча божомол айта албайбыз. Биз 1 айга гана жоромол жасайбыз”,- деп ноябрь айынын божомолун колубузга карматышты (таблицаны караңыз).
Негизинен, ноябрда айлык жаан-чачын нормага жакын болот. Бирок кээ бир жерлерге жаан-чачын көбүрөөк түшөт. Ал жерлер: Базар-Коргон району, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабы.

ххх

Кыш айларында аба ырайы кандай болорун билүү үчүн биз эми элдик жыл санак менен алектенгендерге кайрылдык.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
“БЫЙЫЛКЫ КЫШ СУУК БОЛОТ”
– Кыргыздарда жыл санак мындан 12 миң жыл мурун эле түзүлгөн. Демек, эл ичинде жылдыздардын жайгашуусуна карап аба ырайын алдын ала айтуучулар болгон. Мен да бул жаатында 10 жылдан бери алектенип келем. Тактап айтканда, ай календарына (качан Ай жаңырат, качан Ай толот), Тогол качан болоруна (Тогол – Айдын Үркөр топ жылдызы менен тогошкону) карап аныктайм.
Бир мисал. 2009-жылы декабрда Улуттук телеканалдан менден эмки жаздын келиши жөнүндө сурашкан. Барс (жолборс) жылында Үркөр жылдыз 14-май күнү жерге батат. Демек, жаз 20 күн кеч келип, кыштын моюну узун болот деген элем. Ошол туура келди.
Эмки 2011-жылы Үркөр жылдызы 2-майда жерге батат. Андыктан жаз убагында келет (кечикпейт жана эрте да келбейт). Быйылкы кыштын (2010-2011-ж.ж.) кары демейдегиден калыңыраак, суугу катуураак болот.

Бердигул Темирбеков, этнограф:
“КЫШТЫН КАТУУ БОЛУШУНА НЕГИЗ БАР”
– Этнограф катары жыл санакка кызыгам. Менде Барс (жолборс) жылы өкүм сүргөн жылдар ичинен 1938-жылы жайдын ысык, кыштын суук болгондугу тууралуу маалымат бар. Менин салыштыруумда 2010-жылдын буга чейинки аба ырайы (жаз, жай, күз) 1938-жылдын аба ырайына окшош чыгып келе жатат. Андыктан быйыл кышта катуу суук болот дегенге негиз бар деп айтам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aminali
2010-10-15 18:39:55
SUUK bolboso eken 40gradustu okup alip jaman bolup kettim.
0
AIZAD
2010-10-17 21:22:04
Кудай сакта!жаны конуштагылар эмне болот!!
0
kleine
2010-10-18 00:36:39
Chyn ele suuk katuu bolot okshojt.Germanjda da azyr suuk.Syrttan zhany ele keldim,kulagym bashym tonup kaldy,ali kysh kele elek...
0
ymyta
2010-10-19 16:21:35
Кудай сактасын! 2007-жылы беле абдан суук болгон,ошол кыш эсимде калды,омурумдо андай суукту коро элек элем
0
antislav
2010-10-19 18:50:49
Азыртан элди конуктуруп,отун,комур,газдын баасын асмандатышат эми.
0
ymyta
2010-10-20 19:57:05
эээй алар жаза беришет, бир кудай билет, кандай болот,Кудайга ишенсенер боло.
0
aminali
2010-10-21 02:02:16
YMYTA;KUDAIGA KIMDER IWENDEIBIZ DEP JATAT,KUDAI DA AITAT "SAKTANSAN SAKTAIM"- DEP,BUL DA BOLSO KUDAIDIN BELGISI DA.
0
tegenelik
2010-11-16 00:56:36
kirgiz TEZEKTI kopurook kamdagila kordunor kish suuk bolot eken
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан