«ЭКИ МАЙЫП МЕНЕН САРАЙДА КҮН КӨРӨМ»

Тагдырдын сыноосуна сынбай, оор кайгысын жүрөгүнө көтөрүп жүргөндөр миңдеп саналат. Үч уулу балдар үйүндө болсо, өзү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген апасы менен карындашын камкордугуна алып, өлбөстүн күнүн көрүп жаткан каарманыбыз өз тагдырын төмөнкүчө баяндап берди.

“ҮЧ БАЛАМДЫ ӨЗ КОЛУМА АЛСАМ ДЕЙМ”

– Мен, Кубанычбек Үсөналиев, Жумгал районунун Лама айылында апам жана карындашым менен жашайм. 47 жаштамын. Келинчегим менен 10 жыл жашадык. Ал Чаектен болот. Экөөбүз жети балалуу болдук, бирок үчөө чарчап калды. Учурда бир кыз, үч уулум бар. Мен жаш кезде үй-бүлөмдү багайын деп эки жакка чыгып иштеп жүрдүм. Беш жыл мурун аялымдын жүрүш-турушу бузулду. Ошонун айынан ажырашууга туура келди. Үч эркек баламды “эмне кылсаң ошо кыл” деп мага таштап, кызымды өзү менен ала кетти. Ошол кезде Орусияга иштегени кеткен. Арадан эки жыл өткөндөн кийин Кыргызстанга келди. Ортодо балдар болгондон кийин чогуу жашайлы десем болбой, кайра Орусияга кетип калды. Аялым менен ажырашкандан кийин социалдык мекемелер балдарымды балдар үйүнө алып кетебиз деп чыгышты. Мен макул болбой, өзүм карадым. Бир күнү мен үйдө жок кезде социалдык кызматкерлер Чаектеги балдар үйүнө алып кетип калышыптыр. Көрсө, айылдагылар мени тентип кетти деп телефон чалып коюшуптур. Барсам “сен балдарды бакпайт экенсиң” деп берген жок. Соттун чечими менен үч балам балдар үйүндө калды. Азыр балдарымдын улуусу 7-класс, ортончусу 4-класс, кичүүсү үчүнчү класста окуйт. Каникулда келип-кетип турушат.

“САРАЙДА КҮН КӨРҮП КЕЛЕБИЗ”

– Апам менен карындашым оорукчан. Карындашым психикалык жактан жабыркайт, киши сүйбөйт. Мени да үйдөн кубалайт. Мен жокто апам менен урушат. Мен үй-бүлөлүү кезде апам батырбай, батирден батирге көчүп жүрдүм. Карындашым балдарыма асылат. Азыр короонун ичине кепе куруп алгам. Бирок апам менен карындашымдын жанында болууга да туура келет. Үйүбүз бир бөлмөлүү, ал да убагында туура эмес салынып калган. Азыр үй урап, сарайда күн көрүп жатабыз.

“АПАМ КАРЫНДАШЫМДЫН АРТЫНАН ЖҮРҮП ЧАРЧАДЫ”

– Карындашым 20 жашка чыккандан кийин психикасы жабыркап, ооруп калды. Бир нерседен катуу корккон окшойт. Кошуналардын үйүнө кирип, идиш-аяктарын талкалап баштаганда ооруганын билдик. Апам да карындашымдын артынан жүрүп чарчады. Өткөндө Чаектеги ооруканага алып баргам. Ал жактан психикалык оорулар менен жабыркагандардын ооруканасына жөнөткүлө деген сунуш болду. Карындашым аны угуп калып, бир нерсе болсо эле “мени ошол жакка жөнөткүлө” деп кыйкырып калат. Апам да “алып барсаң алып бар” деп жатат. Азыр ойлонуп жатам. Карындашым менен апам биригип 7000 сомдун тегерегинде пенсия алат. Ал тамак-ашыбыздан ашпайт. Айдан айга дүкөнгө карыз болобуз. Бош учурда түрдүү кара жумуштарда иштеп акча табам. Кышында үйдөгү майда жандыктарды карайм. Мен жокто карындашым “пенсиямды бергиле, мен кетем” деп апамды жулмалайт экен.


“БАЛАСЫНЫН ДА МАЙЫПТЫГЫ БАР”

Каарманыбыздын жашоо турмушун коомчулукка чыгарган “Боорукер жүрөк” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Самара Мамышова буларга токтолду:

– Биз Кубанычбек Үсөналиевдин жашоосу тууралуу айылдаштарынан угуп, жардам берүү максатында жашоо шарты менен таанышып келдик. Алар жашап жаткан кепеде күн көрүү дээрлик мүмкүн эмес. Бир короонун ичинде энеси менен кызы өзүнчө бир тамда, байке бөлөк бир тамда турат экен. Карындашы психикалык оору менен жабыркагандыктан батышпайт. Апасы да майып экен. Учурашып коёюн деп үйгө кирсем, экөө караңгы жерде отурушуптур. Жарыкты күйгүзөрү менен карындашы кыйкырып кирди. Апасы ага кошулуп кыйкырып жатты. “Апам менен карындашымды Чым-Коргонго өткөрүп салуумду айылдаштарым сунушташат, бирок менин ага дитим барбайт. Аларды андай жерге ыраа көрбөйм”,- деди. Бирок кийин оюн өзгөртүшү мүмкүн. Бул аз келгенсип улуу баласынын да майыптыгы бар. Аны дарыгерге көрсөтүп, “өзүм багам” деп жатат. Өзү айыл ичинде кара жумушчу болуп жалданып иштеп, бир аз азык-түлүк таап келет. “Үй салып алсам, үч баламды өзүмө алып тарбияласам” дейт. Биздин кайрымдуулук фонд айыл өкмөтү менен биргеликте Кубанычбектин жашоосун чагылдырган видеону жарыялагандан кийин 100 миң сомдон ашык акча топтолду. Топтолгон акча үч бөлмөлүү үй салууга жумшалат. Карапайым элдер да колунан келишинче тамак-аш жагынан жардам көрсөтүп жатышат. Бир кирпич болсо да кайдыгер карабаган инсандардан жардам сурайбыз.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом: 0709 777 077

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kkkk3259780
2021-02-15 11:41:38
жин кирип кеткен го. срочно дем салдырыш керек. Шайллобек уркунбаевге барсын. башка болбойт.сураныч жеткизип койгула..
+1
ulua
2021-02-15 13:35:53
kkkk3259780, Шайлообек Уркунбаев деген ким ,кайсы адресте турат, толук маалымат берип коесунарбы? Жаш балдарды карайбы?
Телефон номери барбы?
+1
kkkk3259780
2021-02-16 06:11:26
ulua, +996 5020254444
0
Nursul
2021-02-15 19:38:45
Саламатсыздарбы! Аябай окунучтуу экен кайсы облуста? район кайсы? айылы атын толук билгендер жазып койсонор уй башталса баралы
0
Baha.A
2021-02-15 21:50:11
Nursul,Жумгал району,Лама айылы деп туратко
0
Nursul
2021-02-16 09:17:41
Baha.A, "Боорукер жүрөк" кайрымдуулук фонду берген комментарийди эле окуган элем кечиргиле.
0
ma2as
2021-02-16 20:18:37
Кээбир психикалык оорулар ген кууйт , ата-энесинен балага отот. Андай адамдарды балалуу болуга уруксат бербесе деле жакшы болмок . Майып торолгон балдары да кор болот .
+2
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан