Жалгыз бой эне: “КЫЗЫМ БООРУН АЛМАШТЫРУУГА МУКТАЖ”

Редакциябызга 47 жаштагы жалгыз бой эне Махабат Сейдалиева кайрылды. “Энемин, тим тура албайм. Кызымдын боорун алмаштыруу керек. Каражатыбыз жок, элдин жардамына муктажмын” дейт ал.

“БООРДУ АЛМАШТЫРБАСА БОЛБОЙТ”

– Мен Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылынын тургуну болом. Жалгыз бой энемин, 6 балам бар. 47 жаштамын, балдарды жалгыз тарбиялап-өстүрүп келем. Тоок багып, жер иштетип, курак курап акча тапчумун. Минтип балдарым чоңоюп калды деп жатканымда кызым ооруп калды. Ал учурда 24 жашта. Колумда жок болгондуктан жогорку окуу жайда окута алган жокмун.

2014-жылы Ош облустук ооруканасында альвеококк диагнозу менен боорунан операция болгон. Ошондон бери жылда УЗИге түшүп турчу. Акыркы жолкусунда “боордо ак бир нерсе турат” дешти. Боордун оорусу билинбей жүрүп өтүшүп кетет тура. Ошко алып барып көрсөтсөм, “биз эч нерсе кыла албайбыз” деп Бишкекке жөнөтүштү. Бишкекте республикалык ооруканада текшерилүүдөн өттү. Врачтар “Индияга алып барып, боорун алмаштырбаса болбойт. Эки ай ичинде жасатып калсаңар жакшы. Боордогу өт жолдору жабылып калыптыр” дешти. Жалпы
40 миң доллардай каражат сарпталат экен. Каражатты топтоп, документтерди даярдасак, Индиядагы клиника менен келишим түзүп беришет экен. Энемин, кызымдын өмүрүн сактап калгым келет. Он гүлүнүн бири ачыла элек. Эл-журтумдан жардам суроого аргасызмын.

“КҮЙӨӨМ БИЗДИ ТАШТАП КЕТКЕН”

– Жолдошум салып жаткан үйүбүздү бүтүрөм, бизди багам деп Орусияга иштегени кеткен. Бир жыл байланышып, акча салып жүрүп эле, кийин кабарлашпай калды. Айылдагылар “аял алып алыптыр” дешсе, “кантип эле? Мени таштаса дагы,
6 баласын таштабайт”
деп ишенбей жүрдүм. Кийин ачыкка чыкты. Кайын журтум күнөөнү мага койду. Мектепти бүткөндө ала качып кеткен. Ошого окуп, кесип ээси боло албай калгам. Эч нерсебиз жок отуруп калганда ашканада идиш жууп балдарды бактым. Ошентип арадан
15 жылдай өтүп кетти. Бир жолу да байланышпадык, балдарды дагы сурабады. Кийин балдар чоңоюп паспорт алышы керек болгондо мыйзамдуу түрдө ажыраштык. Балдар үчүн бир сом алимент алган жокмун. Турмуш толгоп-толгоп күүгө салат экен, тымызын, балдарың үчүн алга умтулуп жашай берет экенбиз ушинтип.

Күйөөмдүн башка үй-бүлөсү бар. Бирок кызым ушундай абалда турганы үчүн атасынын телефон номерин издеп байланышка чыктык. Кыздар “Марал ооруп калды, келиңиз” десе, “барам” деди, келеби-келбейби, билбейм. Кайын журтума “келе берсин, кызынын жанында турса да дем болот” деп жатам. Кайын журтум менен бир айылда турам. Мурун учурашып коюп өтүп кетчү элек, азыр катташып калдык. Алар дагы жардам беребиз деп жатышат.

“БАШЫМДАН ООР ТУРМУШ ӨТТҮ”

– Мен бир туугандардын улуусумун. Убагында атам каралашып, ага таянчумун. Кийин атам каза болуп калды. Андан бир жыл өтпөй бир тууган иним жол кырсыгына кабылып, ага операция жасаттык. Анда да айыл элинен жардам сураганбыз. 4 айдан кийин иним өтүп кетти. Апам, анан өзүм ооруп калдым. “Кой, өзүмдү колго алайын” деп жатсам апам дүйнө салды. Апама кейип жүргөнүмдө кызым минтип отурат.

Кызыма донор табышыбыз керек. Өзүмдүн да, мен тараптагы туугандардын да кан тобу туура келбегендиктен эми донорду кайын журтум тараптан табышыбыз керек болууда. Аларга айттык. Донор өзүбүздөн болсо акча аз кетет эле, такыр болбосо донор боорду сатып алганга туура келет. Элден айланса болот, тааныганы да, тааныбаганы да байланышып колунан келген акчасын которуп, айрымдары кеңешин берип жатышат.

ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР:

Элсом: 0776 51 52 74

Сбербанк: 4817 7601 8177 1555 Акылбек уулу Абдулвал

Оптима Банк: 4169 5853 4807 6653 Акылбек кызы Канымгүл

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kkkk3259780
2021-03-03 08:21:53
эмне учун хашим зайналиевге барбайсынар...
0
nurka_85
2021-03-07 15:46:33
Сабыр кылыныз эже, баары жакшы болот. Аллах шыпаасын берсин
0
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан