ЭКИ АЙЛЫК ЫМЫРКАЙДЫН БООРУ ӨСПӨЙ КАЛГАН

Кичинекей Шахриза болгону эки айга толду. Наристе төрөлгөндөн оору менен алпурушууда. Тез арада анын боорун алмаштыруу керек. Апасы Айнагүл Оморова элге кайрылып жардам суроого аргасыз экенин айтат.

“3 АЙДАН КИЙИН ЦИРРОЗГО АЙЛАНАТ ДЕШТИ”

– Жолдошум Таластан, өзүм Чаткалдан болом. 30 жаштамын. Шахриза биздин үчүнчү балабыз. Башында эч нерсе билген эмеспиз. Боюмда бар кезде доплерге, скринингге түшкөндө врачтар патологиясы бар деп айткан эмес. Төрөт үйүнөн жакшы эле чыкканбыз. 40 күндөн кийин салмагын өлчөтүүгө алып барганда педиатр “кызың саргайып баштаптыр, ичи да чоңоюп калыптыр” деп Эне жана баланы коргоо борборуна жөнөттү. УЗИге түшүрдүк, хирургдарга бардык, “өт жолунун атрезиясы” деп диагноз коюшту. Томографиядан өткөргөндө боордо өт жолдору жабылып, боор өспөй калганы билинди. “Кызыңа боорду алмаштыруу гана жардам берет, убактыңарды жөн эле кармабайлы” деп бизди ооруканага да алышкан жок. Диагнозду 9-февралда коюшкан. Дарыгерлер “бала 3 айга толгучакты боору бузулбай турат, 3 айдан кийин циррозга айланат” деп айтышты. Ошого 1 ай гана убактыбыз бар. Билирубинге анализ тапшырсак нормадан көп эселеп ашык чыкты.

“КЫЗЫМА ӨЗҮМ ДОНОР БОЛОМ”

– Дарыгерлер “баланын боору пайда болуп баштаганда сен ооругансың, ошондон боор өөрчүбөй калган” дешти. Боюмда бар кезде грипп болуп ооругам. Кызым учурда эки айга толду. Боордун шишигенинен кызымдын ичи чоң болуп турат. Кыйналып жатат, саргайганы да боорду алмаштырмайын кетпейт экен. Кызымдын тынчы кетип ыйлаганы көбөйдү. Гастроэнтерологдорго көрсөтсөк дары жазып беришкен, ошол дарыларды ичип көп ыйлабай калды.

Операцияны Түркияда жасатууга клиникалар менен сүйлөшүп, документтерибизди жөнөтүп кеңеш алып жатабыз. Врачтардын айтымында, операциясы, реабилитациялык кароосу биригип 50 миң доллардын тегерегин түзөт экен. “Негизги сумма чогулса келе бергиле, калганын операция бүткөндөн кийин берсеңер болот” дешти. Кызыма өзүм донор болом. 1 ай ичинде аталган сумманы табууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан элден жардам суроого аргасызбыз. Эрте билгенибизде эрте аракет кылат элек. Мындай нерсе болот деп оюбузга да келген эмес.

ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР:

Элсом: 0707 71 72 55

МBank: 0552 79 09 59

VISA: 4177 4901 0623 6112 Бердикожоева Гүлнара

Сбербанк: 4276 3801 2978 3432
Кызжибек Акылбекова

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Peri.usman1995
2021-03-01 14:50:08
Аллахым шыпаасын берсин наристелер оорубасын.
+5
Haanykeim
2021-03-22 12:46:29
Шыпаасын берсин Аллахым..
0
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан