АЗЫК-ТҮЛҮК КЫМБАТТООДО. ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Учурда өлкөдө негизги маселелердин бири – азык-түлүктүн баасынын күн санап кымбаттап жатканы болууда. Баалар асман чапчып баратат. Алдыда элдин жашоосун эмнелер күтөт? Каатчылыкты кантип жеңүү керек? Бул жаатта адистердин пикирин, сунуштарын сурап көрдүк.

БААЛАР БЫЛТЫРКЫГА САЛЫШТЫРМАЛУУ 18,5 ПАЙЫЗГА КӨТӨРҮЛДҮ

Жарым жылдан бери элди азык-түлүктүн бааларынын тездик менен кымбаттап баратканы түйшөлтүүдө. 22-февралда Улуттук статистика комитети 2021-жылдын январь айында, 2020-жылдын январына салыштырганда, азык-түлүк орто эсеп менен 18,5 пайызга жогорулады деп билдирди. Бул 18 пайыз расмий маалымат. Реалдуу жашоодо айрым азык-түлүктүн баалары 100 пайыздан ашык кымбаттап кеткени факт. Өсүмдүк майлары 54,6 пайыз, картошкага 46,3 пайыз, жумуртка 35,4 пайыз, кумшекер 33,1 пайыз жана эт 27,5 пайыз кымбаттады деп билдирет мекеме. Асман чапчып бараткан баалар ансыз да айлык-маянасы аз өлкөнүн жарандарын ойго салууда. Өзгөчө айлык акынын эсебинен гана жашагандар, тапкан кирешеси тамак-ашка жетип-жетпей, ал тургай карызга батып калышканын айтып, даттанышууда. Башканы айтпаганда эле, өсүмдүк майынын 1 литринин баасы 2 эсе кымбаттады. Кыргызстандын рыногунда сатылып жаткан өсүмдүк майынын 85 пайызы сырттан алынып келинет. Ишкерлер ушул жүйөнү айтышууда. Кыргызстан тышкы соода-сатыгын доллар менен гана жүргүзгөндүктөн доллардын кунунун өсүшү азык-түлүктүн бааларына кескин таасир этүүдө дешет сатуучулар.

Буудайдын баасы дүйнөлүк керектөөнүн өсүшүнөн жана Орусия тараптан сатуунун кыскарышынан улам 6,8 пайызга жогорулаган. Анткени аталган өлкөдө 2020-жылдын март айынан бери буудайды экспорттоого салыктар эки эсе өскөн. Азык-түлүктү чет өлкөдөн ташып келүүдө жолго кеткен чыгымдар, салык жана башкалар эске алынат, жыйынтыгында азык-түлүктүн баасы кымбаттайт. Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кайсы бир продукция бир айдын ичинде 20 пайызга кымбаттап кетсе гана бааны тескөө укугуна ээ.

Экономисттердин маалыматына таянсак, Кыргызстанда эң маанилүү делген азык-түлүктөрдүн тогуз түрү бар. Алар: эт, ун жана ун азыктары, сүт жана сүт азыктары, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы, күрүч, картошка, жашылча-жемиштер. Айтылгандардын ичинен өлкө өзүн сүт азыктары, картошка, жашылча-жемиштер менен гана камсыздай алат.

2020-жылы кант кызылчасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз айдалганы, андыктан жылдагыдан аны да көп импорттоо керек болуп жатканы айтылат.

Кубан Чороев, экономист: “АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТИШСИЗДИГИ БИЗДЕ ЭЛЕ ЭМЕС, ДҮЙНӨДӨ БОЛУП ЖАТАТ”

– Биринчиден, 2021-жылы дүйнөдө азык-түлүк кризиси болору күтүлүп жаткан. Муну Бириккен Улуттар Уюму божомолдогон. Анткени 2020-жылы пандемияга байланыштуу айыл чарба, азык-түлүк тармагында пайдаланылуучу ресурстар колдонулуп кеткен. Экинчиден, ошол эле пандемияга байланыштуу азык-түлүк чыгарган компаниялар толук иштебей, чектөөлөр болгондуктан, завод-фабрикалардын чыгарган продукциялары азайган. Учурда БУУ мындай азык-түлүк кризиси 75 жылдан бери болгон эмес деп белгилеп жатат. Дүйнөдөгү көп өлкөлөр бул маселени чечүү үчүн айыл чарба секторуна өзгөчө басым жасоону сунушташкан. Азык-түлүк жетишсиздиги бизде эле эмес, дүйнөдө болуп жаткандыктан, албетте, баалар дагы көтөрүлө баштады. Ошондуктан бул маселеге өкмөт ыкчам аракеттерди көрүүсү зарыл.

Эльдар Абакиров, экономика министринин мурдагы орун басары: “АЙЫЛ ЧАРБАНЫ БУТКА ТУРГУЗУУ КЕРЕК”

– Баалар кымбаттаганынын 2 чоң себеби бар. Биринчи себеп – Кыргызстандын экономикасынын абалы начарлагандыгына байланыштуу сомдун куну түштү. Ошон үчүн сом менен азык-түлүк кымбаттады. Өсүмдүк майы, кумшекер, дагы бир топ керектелүүчү азыктардын дүйнөлүк базарларда, Орусияда жана башка өлкөлөрдө баалары өстү. Алардан бизге импорт болгон үчүн бизде да баалар жогорулады.

Бул маселени кантип чечебиз дегенде кыска мөөнөттө 3-5-6 айга чейин спекуляцияга (пайда көрүү максатында өнүмдөрдү, эл керектөөчү товарларды, сатып алуу жана кайра сатуу) жол бербей, айыл чарба азыктарынын жарманкелерин уюштурса болот. Бирок, чындыгында, көйгөйдү чечүүнүн бир эле жолу бар. Буга инвестор керек. Айыл чарбаны бутка тургузуу зарыл. Ал үчүн өкмөт так план коюп, коррупцияга жол бербей, алсыз кадрдын баарын тазалап, жакшы инвестициялык климат түзүшү керек. Ишкерлерге, дыйкандарга эң жакшы колдоо көрсөтүүсү зарыл. Анан бул сөз жүзүндө калбай, иш жүзүнө ашырылышы шарт.

“ТАПКАНЫҢЫЗ АЗЫК-ТҮЛҮККӨ ЖЕТИП ЖАТАБЫ?”

Элбара Мухамедова, 24 жашта:

– Мен Ош шаарында жашайм. Бала менен үйдөмүн, жолдошумдун тапканы батирге, тамак-ашка жетпейт. Азык-түлүк кымбат. Ата-энелерибиз колдорунда болгондорун алып келип беришет. Баары ушинтип кымбаттай берсе жашообуз кандай болот, айта албайм.

Болот Абдыкадыров, 48 жашта:

– Кесибим боюнча мугалиммин, бирок башка жумушта иштейм. Анткени 8 миң, 10 миң айлык эч нерсеге жетпейт. Батирде турабыз. Күнүмдүк тапканымды үйгө алып барам. Инфляция болуп азык-түлүк күндөн-күнгө жогорулап жатат. Орусияга барып иштейли десек билет кымбат. Инфляцияны токтотуш керек.

Айсулуу Бакиева, 47 жашта:

– Мен “Ош базарында” мөмө-жемиш сатам. Иштегениме 30 жылдан ашты. Тапканыбыз азык-түлүк менен батирдин акысына араң жетет. Бала-чакам бар, неберем бар, аларды багыш керек. Баалар көтөрүлүп жатат. Былтыр 5 литр өсүмдүк майын 350 сомго алсак, азыр 650 сом.

Бахтияр Сагымбаев, 31 жашта:

– Кесибим – ширетүүчү. Туруктуу ишим жок. Батирде турабыз. Мисалы, азыр батирдин акысын төлөөдөн кыйналып жатам. 1990-жылдардагы кейипке келе жатабызбы деп ойлоп кетем. Эл кыйналды, аны менен чоңдоруңдун башы деле оорубайт. Кыскасын айтканда, тапканыбыз жетпейт.

Рахат Сулалиева, 35 жашта:

– Кеминден болом, 3 балам бар. Аларды жалгыз багам. Базарда кийим-кече сатам. Соода жакшы эмес. Бир айлык кирешем азык-түлүккө да жетпейт. Мисалы, банктан насыя алып, биринин шапкасын бирине кийгизип эле жашайбыз. Азык-түлүктүн баары кымбаттады. Эт, май алыш кыйын.

Бурмакан Жетибаева, 60 жашта:

– Мен Өзгөндөн болом. Шаарда жашаганыма көп жыл болду. Мурда азык-түлүк арзан болчу. Айлык эптеп жетчү. Азыр барган сайын кымбаттап, тапканыбыз жетпей жатат. Пенсияга чыга албай жатам. 2 миң сом менен чыгат экенмин. Ал эмнеге жетмек эле, 2 миңге эч нерсе келбейт азыр.

Талатбек Масылов, 70 жашта:

– Көлдөн болом, кесибим – ветврач. Үйдө бала-чака болуп 8 жан жашайбыз. Тапканыбыз жетишпейт. Эт, ун, май, кумшекер баары кымбат. Элде акча жок. Жазгы талаа иштери да башталганы турат. Күйүүчү май да кымбат. Өкмөт баалардын өсүшүн көзөмөлдөсө болот эле.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mubarak
2021-03-09 17:09:15
Май 650 емес 700
0
Zhainash
2021-03-09 20:37:59
Карантин учурунда доня 5литр майын 480 алып жегенбиз.Азыр 730 болуп болуп кетти Кызыл кыяда
0
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан