Амантур Ильпеков, сейрек кездешүүчү оорудан жабыркаган жаран: “КОЛУ-БУТТАРЫМ СЫНА БЕРИП ӨСПӨЙ КАЛГАН”

Каарманыбыз Амантур Ильпеков наристе кезинде кырсыкка учурап, ошол бойдон майып болуп калган. Ал жашоонун ат көтөргүс сыноосуна сынган жок. Дагы да болсо жашоо үчүн күрөшүп келет. Эркинин күчтүүлүгүнөн үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болду.

“БУЛ ДАРТТЫН ДАБАСЫ ЖОК ЭКЕН”

– Мен 1978-жылы Сокулук районунун Жанкарач бий айылында туулгам. Үч бир тууганмын. Алардын ден соолугу чың. Мен жети айлык болуп төрөлүпмүн. Апамдын айтымы боюнча, 3 жашымда жыгылып жоон саным сынган экен. Анан күнөө дарыгерлерден кетиптир. Бутумду туура эмес дарылап, гипстеп берип коюшкан окшойт. Ошондонбу же башкабы билбейм, айтор, сөөгүм жумшак болуп, жыгылсам эле сына баштады. Дарыгерлер сөөктөрдүн сынма оорусу (ломкость костей) деген диагноз коюп, чанда кезигүүчү оору дешти. 3 жашымда майыптыкка чыгарышты. Ошол бойдон ооруканалардан башым чыккан жок. Ушул жашка келгиче жалпысынан 12 жолу операция болдум. 3-класска чейин ооруканага улам-улам жатып, эптеп окудум. Андан кийин мектеп да калды. Бул дарттын дабасы жок экен. Мурдум менен кулагымдан башка жеримдин баары сынды. Бир жерге катуу урунуп алсам, катуу жыгылсам эле бир жерим сынат. Сынганда ооруканага барсам гипстеп, дарыларды жазып берип “эми абайла” деп жөнөтүшөт. Ага болобу көр тирилик деген бар, кыймылдайсың, иш кыласың тырмалаңдап. Колдорум, буттарым сына берип толук өспөй калган. Колдорум кыйшык. Муундарым кошо ооруйт.

“БИР УУЛУМА МЕНИН ООРУМ ӨТТҮ”

– 2000-жылы үйлөнүп, ата-энемден өзүнчө бөлүнүп батирге чыгып кеттим. Келинчегим экөөбүз 1 уул, 1 кыздуу болгондон кийин эки ажырым жолго түштүк. Азыр эки балам колумда. 2005-жылы Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткам. Ошол жерден экинчи жубайым менен тааныштым. Мээрим пол жууп иштечү. Анын да эки баласы бар эле. Таанышып, жылдызыбыз келишип, баш коштук. Бир уулдуу болдук. Ал балама менин дартым тукум куучулук боюнча өттү. Ал дагы мен сыяктуу бул илдеттен жапа чегет. Ошондо жалпы жонунан 5 балам бар. Улуу балам 20 жашта. Мектепти аяктаган соң Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейге ашпозчунун окуусуна тапшырып, шарттары туура келбегендиктен 1 айдан соң кайра кайтып келди. Уулумдун айтымына караганда, ал жерден окутушпайт экен. Бишкекке келип куруучу болуп иштеп жүрөт. Бирок жумушу туруктуу эмес. Азыр токтоп калды. Кызым 2020-жылы 9-классты аяктап, Кыргыз улуттук университеттин колледжинин менеджмент бөлүмүнө тапшырган. Контрагы 1 жылга 36 000 сом. Жарым-жартылай төгүп, калганын төгө албай жатабыз. Бир уулум 18 жашта. Ал машина оңдоочунун үч айлык курсун аяктап, азыр ишсиз отурат. Төртүнчү балам 12 жашта. Жогоруда айткандай, ал мен сыяктуу майып. Баламдын азыр сөөгү ката элек. Дарылап алууга мүмкүндүк бар экен, бирок каражатыбыз жок. Кичүү кызым 11 жашта.

“ҮЙҮМДҮ БҮТҮРӨ АЛБАЙ ЖАТАМ”

– Учурда Сокулук районунун Белек деген айылындагы дачада батирде турам. Айына 1000 сом төлөп жашайбыз. Ага чейин батирден-батирге көчүп жүрдүм. Мен 4000 сом, майып уулум 4000 сом пенсия алабыз. Жубайым иштебейт. Буйрутма болсо үйдөн кийим-кечек тигип турат. Туугандар, кошуналар, жоро-жолдоштор тамак-ашка жардам берип турушат. Белек айылынын бир тургуну 2018-жылы мага “үй салып ал” деп 5 сотых жерин белекке берген. Ошо жерге былтыр элдин жардамы менен там тургузуп баштагам. Дубалдары туруп, үстү жабыла элек. Биз жашап жаткан үйдүн кожоюну ушу күздө үйдү бошоткула деп жатат. Ошого чейин үйүмдүн эки бөлмөсүн бүтүрүп киришим керек. Андыктан азыркы тапта акчага өтө муктаж болуп турам.

Мектепте толук окубасам да жоро-жолдош күтө алдым. Досторум мени жерип кетишкен жок. Менин көңүлүмдү карап, сыйлап турушат. Жараткан берген оор сыноону көтөрө албай кайгыга чөмүп кеткен жокмун.

“ЖОЛДОШУМДУ КӨТӨРҮП БАГЫП КЕЛЕМ ”

Каарманыбыздын жубайы Мээрим Кочобаева менен байланыштык:

– Мен ооруканада иштеп жүргөндө Амантур менен таанышкам. Ал мага болгон сезимин алгачкы жолу билдиргенде жүрөгүм түшкөн. Көңүлүн оорутпайын деп жүрүп кийин көнүп кеттим. Турмушка чыгарда тааныштарым “буту баспаса эмне кыласың башыңа балээни үйүп?!” дешти. Ага чейин буту-колу соо адам менен да жашап көрдүм. Ага караганда Амантур түшүнүктүү. Азыр шумдуктун баарын соо адамдардан күтсө болот. Бир балалуу болдук. 16 жылдан бери ынтымактуу жашап келе жатабыз. Мурун аны сыртка көтөрүп чыгаруу кыйын эле. Аны көтөрүп жүрүп белиме доо кеткен, азыр белим ооруйт. Азыр балдар чоңоюп кичине жеңилдик болду. Кичинекей коляскасы бар. Андан жыгылса эле буту-колу сынат. Ооруканаларга алып барсак жакшы көңүл бурушпайт. Муун оорусун басуучу дарыны колго карматып жолго салат. Машинабыз жок болгондуктан ооруканага машина жалдап алпарчумун. Бир жери сынса гипстеп беришет. Ага да акча кетет. Үйдөгү болгон акчаны көтөрүп барып врачтарга берген күндөрүм болду. Жолдошумду дарылатып жүрүп өзүм деле врач болуп калдым. Азыр бир жери сынса гипс коюп берем. 10 күндүн аралыгында жакшы болуп кетет. Ийнелерин да өзүм сайып берем. Курортко алпарып дарылаталы десек, бизге мүмкүнчүлүк жок экен. Эки буту баскан адамдар барышы керек дешти. Жашы өткөн сайын ден соолугу начарлап жатат. Үч жылдан бери тили булдуруктап жакшы сүйлөй албай калды. Ал сүйлөсө көпчүлүк түшүнбөйт. Жанына отуруп тилмеч болуп берем. Балдарыбыз да чоңоюп калды. Эртерээк үйүбүздү бүтүрүп кирип алсак жакшы болот эле.

Каарманыбызга жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерге каражат которсоңуздар болот: ЭЛСОМ – 0500 20 11 78


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Altynbekova.01
2021-03-09 02:00:56
Сбербанк картасы жок экенби?
0
Bakbai
2021-03-14 18:09:08
Жардам берели туугандар
0
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан