МАЙРАМЫҢ МЕНЕН, АЯЛЗАТ!

Аял – жазсың, аял – күзсүң,

Аял – жайсың, аял – гүлсүң.

Аял дебе, аял – эне,

Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың!

Урматтуу айымдар! 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз! Турмуш түйшүгүн өз моюнуңарга алып, кээде алсыз жан экениңерди унутуп каласыңар. Өз кесибиңердин майын чыгара иштеп, үйдө эне да, жубай да болууга жетишип келесиңер. Майрамды утурлай мырзалар менен тең тайлашып, оор кесипти аркалаган айымдар менен баарлаштык.

Махабат Назарбекова, Куткаруу кызматынын фельдшери: “4 КЫЗЫНАН АЙРЫЛЫП, ЧЫРЫЛДАГАН ЭНЕ ЭСИМДЕН КЕТПЕЙТ”

Бул айым жаштыгынын 7 жылын аскер, 13 жылын куткаруу кызматтарына арнады. Коркунучка кептелген адамдарды куткарып, азыр да талыкпай эмгектенип келаткан Махабат Назарбекова 46 жашта. 4 баланын мээримдүү энеси, жолдошунун сүйүктүү жары.

“Өзүмдү таба албай койдум”

– Медицина жаатынан болушунча качып, ал тармакка окууга тапшырбоого аракет кылгам. Бирок буйруктан качып кутула албайт окшойсуң. Турмуштук шарттан улам медициналык окуу жайда окуп калып, фельдшер-акушер бөлүмүн бүтүрдүм. Карьерамдын башатында төрөт үйүндө, “Тез жардам” кызматында иштедим. Бирок ал жактан өзүмдү таба албай койдум.

Кийин жолдошума Беловодскоенин Садовое айылындагы ӨКМ бөлүмүнө иштөөгө сунуш түштү. Ал кезде балалуу боло албай жүргөнбүз. “Курсагыңда бир нерсе барбы?” деген элдин сөзүнөн чүнчүй берет экенсиң. Ошол сөздөрдөн качып “алысыраак кетели” дедик. Ал жактан аскерлерге биринчи жардам көрсөтүп иштеп, өзүмдү таптым. Көрсө, мага аскердик дисциплина керек болуп жатыптыр.

2003-жылы Ошко которулдук. Бир жылдан кийин апа боло турганымды билдим. Бактылуу болгонубузду айтпа... 2005-жылы тун уулум төрөлүп, атын Самарбек деп койдук. Көптөн күтүп балалуу болгонго ал жер мен үчүн ыйык.

2006-жылы кайра Беловодскоеге көчүп келдик. 2007-жылы Бишкектин Куткаруу кызматында иштеп калдым.

“Дача-СУ окуясы жүрөктө калды”

– 2017-жылдын 16-январы. Каргашалуу таң. 4-баламды төрөп, 2 айлык кезинде эле жумушка чыккан кезим болчу. Себеби жолдошум менен батирде турабыз. 4 баланы камсыздап, батирдин акысын төлөш керек. Жолдошум ошол маалда Бишкектин Куткаруу кызматынын башчысынын орун басары болчу. Айлыгы эч нерсеге жетчү эмес. Турмуштун арабасын чогуу түртүшкөнгө туура келди. Ошол күнү таң атпай жумушка чыгып бара жатсак жолдошума “аэропорттон самолёт кулады” деп чалышты. Ишенген жокмун. Жумушка жакын жашачубуз. 2 мүнөттө жетип барсам, санитардык сумкамды берип Дача-СУга жөнөтүштү. Барсак, бир көчө тегизделип калыптыр. Көрүп 2-3 секунд дендароо болуп катып калдым. Эсиме келип эле жүгүрдүм. Баарыбыз колубуз тийген жерге жетип барып, бирибиз казып, бирибиз ташып чуркап жүрдүк. Биздин элден айланса болот. Жергиликтүү тургундар өмүрүн тобокелге салып жардам берип жүрүштү. Бир маалда бирөөнү чыгарганы жатышыптыр. “Тирүү болсо жардам берейин” деп туруп калсам, кичинекей 4 айлык кыздын денесин алып чыгышты. Ал ошол каргашада мерт кеткен эң кичинекей чүрпө болду. “Уйкуда бейкапар жаткандар эч нерсени сезбей эле кетишти болду бекен?” деп жүрөк сыздады (ыйлап).

Ошол окуяда жакындарын жоготкон адамдарга психологиялык жардам көрсөтүү эң оор болду. 4 кызынан айрылып, чырылдаган эненин абалы азыркыга чейин эсимден кетпейт (ыйлап).

“БЧК – биздин жүрөк оорубуз”

– Каргашалуу БЧК – биздин жүрөк оорубуз. Балдар сууга агып кеткенде зээнибиз кейийт. Бир жолу 12 жаштагы кыз боюн сууга таштаптыр. Энеси жок экен. Куткаруучулар денесин алып чыкканда согончогу жыртык байпак кийип жүрүптүр (ыйлап). Жетиштүү эмес турмушта жашап, эл балдарындай эркелеп чоңойбогонго өспүрүм кыз жашоосуна тоюп кеткен окшойт.

Кесибимди сүйөм. Бирок аскер кызматынын ичинен ӨКМ кызматкерлери эң аз айлык алышат. Үйлүү боло албай жатканда башка жумушка орношкум келет. Жок дегенде үйлөр арзан болгон элет жерине көчүп жашагым келет. Жолдошум жумушунун фанаты болгондуктан, ага көнбөйт. “Куткаруу кызматынын 20 жылдыгын өткөрүп алалы” дейт. Жолдошум бирөөнүн жерде жаткан буюмун да албайт. Материалдык жактан кыйналып турсак да, “уурдабайм, уурда дей көрбө” деп тамашалап калат (күлүп).

Сөз соңунда мени бул жашоого алып келген апамды, жан шеригимди төрөп берген жароокер кайненемди 8-Март майрамы менен куттуктайм. Алтындарым, биздин төрүбүздө сыйыбызды көрүп, аман болуңуздар!

Айкөкүл Кадырбек кызы, троллейбус айдоочусу: “ЭРКЕКТЕРДЕН СӨГҮШ УГУП, ЫЙЛАЙ БЕРЧҮМҮН”

Каарманыбыз Бишкек шаарында 10-троллейбустун айдоочусу. Жалаң мырзалардын арасында иштеген айдоочу башында сөгүнүү, уруштарга чыдабай ыза болуп ыйлачу экен. “Азыр жумушумду жакшы көрөм” дейт ал.

– Мен Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында 1991-жылы төрөлгөм. Орто мектепти ошол жакта окудум. 11-классты Бишкектен аяктап, мугалим болом деп ЖОЖго тапшырдым. 1-курсту бүткөндө ала качып кетип, окууну бүтпөй калгам. Азыр 2 балам бар. Мен мурда тигүү цехинде иштечүмүн. Бир күнү троллейбуска түшсөм, рулда айым экен. Эженин айдаганын көрүп, кызыгып калдым. Эжеден кантип троллейбус айдап иштеп калганын сурап, сүйлөшүп кеттик. Анда мен 24 жашта болчумун. Эже мага багыт берип, даректи, телефондорду берди. Ошентип “Бишкек троллейбус башкармалыгына” бардым. Кабыл алышты, 6 ай окуп, жумушка орноштум. Ага чейин айылда унаа айдап калчумун. Атам өмүр бою айдоочу болуп иштеди, маршруттук такси, “Тез жардам” унаасын айдады. Атамдын эрке кызы элем, жанында жүрө берчүмүн. Балким, айдоочулукка кызыгуу ошондон калгандыр.

Бул жумуштун да кыйынчылыгы бар. Мени менен окуп, экзамендерди өз күчү менен жакшы тапшырган айрым эркектер 1-2 жолу жол кырсыгын көргөндөн кийин коркуп, жумуштан кетип калышты. Башында мага да оор болду. Эркектерден сөгүү уктум, андайда бышактап ыйлап калчумун, ыза болчумун. Кесиптештерим “көпкө барбайт го” дешти. Бирок чыдадым. Азыр мага сүйлөгөндөргө жообун берип коём.

“Бул жумуштан кетким келбейт”

– Биринчи жолу линияга чыкканда бир унааны сүзүп алгам. Троллейбус аба жана ток менен жүрөт эмеспи. Тормоз аба менен иштейт. Ошондо компрессор иштебей калып, аба жок болуп, тормозду тепсем токтобой койду. Бирок ручникти тартып токтоттум. Алдымдагы унааны акырын эле сүзүп алдым. Ал байкеге “биринчи жолу линияга чыгып жатам” деп 500 сом бердим. Байке түшүнүү менен кабыл алды.

Жол кырсыгына көп күбө болобуз. Бир жолу көз алдымда бир кызды унаа сүзүп кетти. Аябай жаман болдум. Жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолдун алдында токтоп тургам. Кыз троллейбустун алдынан өтүп баратты. Унаа мени ашып өтүп келаткан, ага кыз көрүнгөн жок. Ошондо өзүмдү күнөөлүү сезип калдым. Анткени белги берип, унааны токтотуп калсам болмок, токтото албай калдым. Ал кыз унаа сүзгөндөн кийин туруп чуркап кетти, нес абалында болчу. Ошол кызды азыр да ойлой берем. Күндө жумушка чыгарда “жол кырсыгына кабылбай аман-эсен иштеп келейин” деп тиленип чыгам.

Башында баары эле “эркектин жумушу” деп айта беришчү. Азыр сыймыктанышат, “азаматсың” дешет. Жумушум кызыктуу, жакшы көрөм. Мурда мугалим болгум келчү. Азыр бул жумуштан кетким келбейт.

Күмүшай Орозкулова, милиция кызматкери: “КЫЗ БАЛАНЫН ЖУМУШУ КАЛБАЙ КАЛДЫБЫ ДЕГЕНДЕР БОЛДУ”

Күмүшай Орозкулова Ички иштер министрлигинин "Шумкар" отрядынын №3 батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын милиция кызматкери, милициянын сержанты. Каарманым башында тапанча кармап иштөө оор болгон дейт.

– Мен 12 жашымдан бери каратэ менен машыгам. Ар кандай турнирлер өтүп турчу, ошондон улам милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта болчубуз. 2017-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде юриспруденция факультетин аяктадым. Ошондо ротабыздын командири, подполковник Равшан Кожобековдун чакыруусу менен ушул жакта иштеп калдым. Өзүм кичинемден эле орган кызматкери болуп, мекенге кызмат өтөйм деп кыялданчумун. Форма кийип жүргөндөрдү көргөндө башкача таасирленчүмүн.

Үйдө атам баш болуп менин бул тандоомду колдошту. Досторумдун, туугандардын арасында “кыз баланын жумушу калбай калдыбы?” дегендер бар. Бирок мен бирөөлөрдүн сөзүнө көңүл бурбайм. Атам ушинтип үйрөткөн. “Эл бир сүйлөйт, эки сүйлөйт, анан калат” дейт. Негизгиси, адам эч нерсеге көңүл бурбай, максатына жетүүгө аракет кылышы керек.

Кесиптештерим жалаң эркектер. “Эркектер сөгүнүп катуу сүйлөйт, сага оор эмеспи?” деп сурап калышат. Кесиптештерим менин жанымда сөгүнүп же катуу сүйлөшпөйт. Командирибиз да “Күмүшайдын алдында жаман сүйлөбөгүлө” дейт. Баары мени сыйлап, эркелетип турушат. Көбү менден улуу болгондуктан “карындашыбыз” деп эркелетишет. Жумуштан эле эмес, көчөдөн көрүп калышса да “кел, өт” деп сыйлашат. Муну мен аял кишиге болгон сый-урмат деп билем.

Жумушка орношкондо тапанча менен мылтыкты колдонуу оор болду. Ага чейин аларды кармап да көргөн эмесмин. Куралды колдонуунун да өзүнчө эрежелери бар. Туура эмес кармап алсаң колуң көгөрөт. Ал эми ар кандай трюктарды мурда деле жасап жүрчүмүн.

“Жумушум катуу болууга үйрөттү”

– Мырзалар менен тең тайлашып иштеп жаткандыктан баары эле менин мүнөзүмдү да мырзалардыкындай деп ойлошот экен. Андай эмес. Назиктигим да бар. Бирок, албетте, жумушум чечкиндүү, күчтүү, керек жерден катуу болууга үйрөттү.

Бул кесипти тандап калганыма өкүнгөн учур болгон жок. Мурда ар кимден ар кандай сөз укканда “бекер эле ушул жумушка орношкон окшойм” деп калчумун. Бирок жумушка келгенде кайра эле кызыгуум арта берет. “Айрымдар сүйлөй берет, аларды укпаш керек” деп калам. Мен бул жакта сыймыктануу менен иштейм. Генерал болууну кыялданам. Азыр улук сержантмын.

Жеке жашоом тууралуу айтсам, бойдокмун, 25 жаштамын. Карьерада ийгилик жаратам деген адам үчүн сүйүү экинчи орунда турушу керек экен. Буюрса, мен максаттарыма жеттим. Эми турмуш курууга убакыт келди деп ойлойм. Активдүү издеп жатам (күлүп). Мага чечкиндүү, бир сырдуу, сөзү өтүмдүү мырзалар жагат. Айрым мырзалар мени “стерва” деп ойлошот экен. Анын үстүнө каратэден кара курдун ээси болгондуктан, коркуп сүйлөй албагандар бар. Чындыгында, андай деле эмесмин. Өзүмдү жарнамалап коёюн (күлүп).

Гүлнур Карыбекова, Генералдык штабдын кенже сержанты: “КЕСИБИМДИ АЛМАШТЫРУУ ООР БОЛГОН ЖОК”

36 жаштагы Гүлнур Карыбекова өз өмүрүн мекенди коргоого арнап, 10 жылдан бери эмгектенип келет. Ал аскердик кызматын түштүк жергесинен баштаган. Учурда Генералдык штабда кенже сержант. Үй-бүлөдө бактылуу жар, эки уулдун энеси.

– 2003-жылы орто мектепти аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз-Кувейт университетинин араб тили факультетинде окудум. Андан кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде англис тили боюнча магистр даражасын алдым. Аны аяктаган соң биринчи бүтүргөн окуу жайга жумушка орноштум. Турмушка чыккандан кийин кесибимди өзгөртүүгө туура келди. Жолдошум аскер адамы болгондуктан жумушуна байланыштуу 2010-жылы Ошко кызмат өтөөгө жөнөтүлдү. Биз үй-бүлөбүз менен көчүп кеттик.

Куралдуу күчтөрдүн катарына кошулуп калганыма жолдошум себеп. Улуу агам да чек ара кызматкери болгону чоң таасир тийгизди. Бала кезимден эле форма кийген адамдарга өтө кызыкчумун. Кудайдын буйругу менен кыялыма жеттим...

Ысык-суукка карабай Ош, Жалал-Абаддагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөдүм. 2011-жылы кызмат жолумду Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында жайгашкан аскер бөлүктөн баштагам. Андан кийин Ош шаарында, Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарчасындагы аскер бөлүгүндө кызматымды уладым. 2016-жылдан бери Чүй облусунун Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келе жатам.

“Биринчи аскер кызматкери, андан кийин аялсыңар дешет”

– Эркектер менен тең тайлашып иштөө кыйын. Бул кесипти абдан жакшы көргөндүктөн сүйүп иштейм. Бул кесипте ысык-суук күндөрдө аял, эркек деп бөлүнбөйт экен. Аскер адамы болгондон кийин бирдей деңгээлде кызмат өтөйбүз. Бизди “биринчи аскер кызматкери, андан кийин аялсыңар” дешет. Ушундай оор кызматты аркалап, мекениме аз да болсо кызмат өтөп жатканыма сыймыктанам.

Эркектер менен чогуу талаа машыгууларына, ок атуу көнүгүүлөрүнө, курал-жарактар менен машыгууга катышабыз. Жолдошум менен чогуу иштегендигиме байланыштуу жумушта кесиптеш катары аскердик этикет менен кайрылам. Тартип күчтүү болгондугуна байланыштуу жолдошумдун буйруктарын катардагы аскер адамындай кабыл алып, аткарам. Атын атабай “жолдош майор” деп кайрылам. Анын буйруктары канчалык кыйын болсо да аткарганга милдеттүүмүн. Бизди ушундай тарбиялаган.

“Аскердик кесип мени сергек жашоого үйрөттү”

– Назик, кичинекей кыз элем. Бул кызматка келип, биринчи жолу ок атууга барганда коркком. Мылтык кармап ок атып жатканда согуш талаасында жүргөндөй сезим болгон. Жаңы келгенде саптык даярдыкты күндүзү үйрөнгөндөн уялып, кечинде аянтта (плацта) басканды үйрөнгөм. Бара-бара патриоттук сезимдер ойгонуп, Ата Мекенге болгон сүйүү күчөйт экен. Азыр чымыр, чыйрак болуп, коркпой калдым. Жолдошумдун дагы колдоосу болду. Күч берип, “чыдамкай, күчтүү болуш керек” деп тарбиялады.

Ата-энем, бир туугандарым “баягы кичинекей, назик Гүлнур аскер адамы болду” дешип сыймыктанышат. Балдардын дагы көз карашы ата-эненин кесибине көз каранды болуп калат экен. Жолдошум экөөбүз тең аскер кызматкери болгондуктан балдарыбыздын патриоттук сезими күчтүү. Тандап алган оюнчуктары дагы аскердик унаалар. Мылтык, дүрбү, танктарды тандашат. “Чоңойгондо аскер болом” дешет.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан