БИШКЕКТЕ АСКЕРЛЕР МАССАЛЫК ТҮРДӨ КУРГАК УЧУК ЖУКТУРУП АЛЫШТЫ. Ким күнөөлүү?

Аптанын башында Кыргызстандагы №97632 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүргөн аскерлердин кургак учук илдетине кабылышкандыгы тууралуу маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду. “Оорубай соо, таптаза кеткен балдарыбыз кайдан жүрүп бул илдетти илештирди?” деген ата-энелер учурда уулдарынын ден соолугуна тынчсызданып жатышат. Биз окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылып көрдүк.

«ООРУНУН ЖАЙЫЛЫШЫ АЛДЫН АЛЫНУУДА»

2021-жылдын 15-мартында Коргоо министрлиги жана Генералдык штаб аскерлердин массалык түрдө оору жуктуруп алышы боюнча төмөнкүдөй маалымат таратты:

"Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алды. Ооруну жугузуп алгандар Бишкек шаарындагы №97632 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокерлер. Учурда жоокерлер Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасында дарыланып жатышат. Оорунун жайылышын алдын алуу максатында өздүк курам рентгендик текшерилүүдөн өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, 17-мартка карата кургак учук жуктуруп алган жоокерлердин саны 13кө жетти.

“АСКЕРДИК БӨЛҮКТӨ ООРУ 2 АЙ МУРУН АНЫКТАЛГАН”

Аты-жөнүн атагысы келбеген ата-эне төмөнкүчө маалымат берди.

-№97632 аскердик бөлүктө кургак учук илдетин алгачкылардан болуп жуктуруп алган жоокер 2020-жылдын декабрь айында аныкталган экен. Ошол учурдан бери бул маалымат ачыкка чыкпай келген. Айрым ата-энелер балдарынын бул илдетти илештиргенин кечээ жакында эле угушту. Албетте, балдарын дени сак аскерге жөнөткөн ата-энелер бул кабарды укканда нес болдук. Ооруну жуктурган балдардын алды 2 күн мурун эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасына жаткырылыптыр.

“ЭКИ ЖОЛУ РЕНТГЕНДЕН ӨПКӨСҮ ТАЗА ЧЫККАН”

Аты-жөнүн ачыкка чыгаргысы келбеген ата-энелердин бири А.Н. буларга токтолду:

-Уулум 2020-жылдын аяк ченинде телефон аркылуу байланышып, өпкөсү ооруп жатканын билдирген. Биз кабатыр болуп дарыгери айткан дарыларды алып барып бергенбиз. Ошол учурда уулум коронавируска шектелип Кой-Таштагы аскердик бөлүккө которулган. Ал жерден коронавирус илдети аныкталган эмес. Кайра өзү кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүккө келген. Бирок анын оорусу басаңдаган эмес, рентгенге бир эмес, 2 жолу тартылганда өпкөсү таза чыккан. Качан үчүнчү жолу тартылганда андан кургак учук аныкталды. Дарыгерлери жакшы карашкан эмеспи же уулум чыдап жүрө бергенби билбейм, өпкөсүнө суу толуп кетиптир. Мен дагы катардагы ата-энелер сыяктуу уулумду Ата Мекенге кызмат кылсын деп жөнөткөм. Аягы ушундай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Азыркы тапта уулумдун айыгышын Кудайдан тилеп отурам. Ал эми буга ким күнөөлүү экенин тиешелүү орган аныктап чыгараттыр.

“БАРДЫК ЧЫГЫМДАРДЫ АСКЕРДИК БӨЛҮК КӨТӨРӨТ”

Жоокерлердин биринин ата-энеси С.М. алдыдагы иштер боюнча төмөнкүчө маалымат берди:

- Кургак учук илдетине кабылган аскерлердин ата-энелери 2021-жылы 15-мартта аскердик бөлүктүн жетекчилиги тарабынан жыйынга чакырылдык. Жетекчилик балдарыбыздын дары-дармегине кетчү чыгымдарды көтөрүп, эки ай Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасында дарылата тургандыктарын айтышты. Эки айдан соң жоокерлерди башка аскердик бөлүккө алып барып, башка жоокерлерден обочолоп, дагы 4 ай дарылашат экен. Кыскасы, дарыланууга кеткен бардык чыгымдарды аскердик бөлүк көтөрө тургандыгын айтышты. Кызмат мөөнөтү бүткөн соң аскердик күбөлүгүнө кургак учук менен ооругандыгы жазылат дешти. Мындай күбөлүктү алгандар кийин оор жумуштарга алынбайт экен. Менин уулум аскерге 2020-жылдын 3-ноябрында кеткен.

Арадан үч жыл өткөн соң кургак учук жуктуруп алган жоокерлер кайрадан текшерүүдөн өтүшөт экен. Эгер өпкөсүндө оорунун белгилери аныкталбай таза чыкса, аскердик күбөлүгүндөгү “кургак учук менен ооруган” дегенди жок кылып, билетин алмаштырып беришет дешти. Азырынча балдарды үйгө алып кетүүгө болбойт экен. Анткени жоокерлер ант бергендиктен аны бузууга болбой турганын кошумчалашты.

“УУЛУМДУ АСКЕРГЕ ДЕНИ САК ЖӨНӨТКӨМ”

Жоокерлердин ичинен биринчи болуп кургак учук илдети аныкталган жоокердин атасы Э.Э. менен байланыштык.

- Уулум ИИМге караштуу академияда 4 жыл окуган. 2020-жылдын июль айында окуусун бүтүрүп Казарманга келген. Ошондо коронавирустан коркуп рентгенге түшүргөм, жыйынтыгы таза чыккан. Кийин аскерге кетерде аскер комиссариаты бир эмес, эки жолу рентгенге түшүрүп, анализ да тапшырткан. Ошондо баары таза чыгыптыр. Уулум аскерде жүргөндө телефон аркылуу байланышканда “баары жакшы” деген. Ноябрь айында катуу суук болуп, жоокерлер жакшы каралбай калыптыр. Аны бардык жоокерлер айтып беришет. 18-ноябрда аскердик бөлүктөн уулумдун ооруп жаткандыгы тууралуу маалымат алдык. Кызым уулумдан кабар алуу үчүн аскердик бөлүккө барганда жоокерлердин баары жөтөлүп жатканына күбө болуптур. 23-ноябрда уулумдан кургак учук аныкталып ооруканага жаткырылды. Эгер уулум аскерге кетерге чейин кургак учук менен ооруп жүргөн болсо, ата катары жөнөтмөк эмесмин, аскерге да алышмак эмес.

“ЖУКТУРГАНДАРДЫН САНЫ ДАГЫ ӨСҮШҮ МҮМКҮН”

Аскерлердин ден соолугунан кабар алуу үчүн Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева менен байланыштык.

-Ооруканага жоокерлердин ичинен алгачкысы 2020-жылдын 21-декабрында келип түшкөн. Улам-улам түшүп отуруп, бүгүнкү күндө жалпы саны 13кө жетти. Жоокерлердин ичинен бирөө кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыктан башка ооруканада дарыланып жатат. Калган жоокерлер жабык түрү менен биздин ооруканада дарыланышууда. Азыркы учурда жоокерлердин абалы туруктуу. Аскер бөлүгү бир болгону менен, ич ара бөлүнүп башка жерлерде кызмат өтөшөт экен. Бирок аскерлер 2020-жылдын сентябрь айында бир жерге топтолуп, атайын курстан өтүшүптүр. Бул оору ошол учурда жоокерлерге жайылган болушу мүмкүн. Кургак учукту жуктуруп алган жоокерлердин саны өсүшү мүмкүн. Врачтар айрым жоокерлердеги ооруну дароо аныктай албай, башка диагноз коюп дарылай беришкен. Коронавирус менен кургак учуктун белгилери окшошуп кеткендиктен ортодо чаташуулар орун алган. Жоокерди рентгенге түшүрүп, бирок дартты аныктай алышкан эмес. Дарылоо аз дегенде 6 айдан баштап 20 айга чейин уланат. Бул ооруканада 2 ай дарыланган соң жоокерлерди башка аскер бөлүккө алып кетишет экен. Биздин ооруканага алгач келген бейтапка 2 ай болду. Анын ден соолугу туруксуз болгондуктан дагы 1 ай алып калууну чечтик. Учурда тийиштүү дары-дармектер менен дарыланып жатышат.

“ДАРЫГЕРЛЕР КҮНӨӨЛҮҮ”

Ата-энелер тарабынан түзүлгөн жоокерлерди коргоо комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатовага кайрылып көрдүк.

-Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ата-энелер таптаза балдарын аскерге жөнөткөн соң күнөөлүүлөрдү аныктоо зарыл. Ата-энелер өздөрүнүн доолорун коё башташты. Алардыкы туура. Аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттер күч кызматтарына жумушка орношо албайт деген мыйзамыбыз бар. Ушунун натыйжасында аскерге балдар көп келип жаткан учуру. Азыр аскерден качуу, "дедовщина" жок. Бирок бул жагы чоң кемчилик болду. Оору жуктуруп алган жоокерлердин ата-энелери менен тыгыз байланыштамын. Аскерлерге тийиштүү мекемелер менен керектүү иштерди жасап жатабыз. Биз бир нерсе болсо эле аскер комиссариаттарын күнөөлөп жатып калабыз, бирок бул жерде дарыгерлер күнөөлүү. Биз коом тарабынан аскерлерге көз сала турган орган болгондуктан, иштин аягына чейин ата-энелер менен бирге болобуз.

Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zhazgul8
2021-03-23 14:57:36
Бул нерсеге депутаттар кунолуу. Себеби жоокерлерге берилчу тамакты чондор жейт. Алардын тамагы сапатсыз деп ойлойм
0
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан