– Мен Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дѳң-Арык айылында жашайм. Азыр 70 жаштын тамагын ичип жатам. Абышкам экѳѳбүз аптадан-аптага силердин гезиттин жаңы санын күтүп калабыз. Ѳзүм гезитти алгачкы санынан бери окуп келем. Чогултууну 2017-жылдан тартып баштадым. Чогулган гезиттерди кыз кезимдеги чемоданыма салып сактачумун, ага батпай калганда илгерки китеп текчеме коё баштадым.
Мурун мугалим болуп иштегем. Айлыгым 60 сом болсо, жарымына гезит-журналга жазылып алчумун. Анда “Советтик Кыргызстан”, “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан пионери” аттуу гезиттерди, “Ала-Тоо”, “Кыргызстан аялдары”, “Чалкан”, “Ден соолук”, “Байчечекей” деген журналдарды калтырбай алчумун. Байлыгым ошолор болор эле. Балдарды багып, талаага жумушка чыгып, гезит-журналды да окуганга жетишчүбүз. Гезит-журналдардан пайдалуу материалдарды сабакка колдончу элек.
“Супер-Инфону” бейшемби күнү келиним Токмоктон алып келип берет. Окуп бүткѳндѳн кийин абышкам экѳѳбүз талкуулайбыз. Гезит бизге абдан жагат. Бизге ушундай кызыктуу маалыматтарды жеткирип жаткан гезиттин ѳмүрү узун болсун.
Динара Акимова