– Мен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жоош айылынын тургунумун. 52 жаштамын. Ѳзүм Жоомарт Бѳкѳнбаев атындагы орто мектепте мугалиммин, башталгыч класстарга сабак берем. Сериалдарга кызыгып гезитти үзбѳй алып окуп калгам. Баш катырманы сандан-санга улап толтурам. Алгач мүмкүн болушунча ѳзүм толтурам, такыр толбой калганын кийинки жаңы сандан карап толуктайм. Аларым менен сериалды окуп, сканвордду карайм. Тамактардын рецепттерин, дарыгердин кеңештерин, айыл турмушуна, мал чарбачылыкка байланыштуу материалдарды кѳбүрѳѳк берип турсаңар жакшы болот эле.
Динара Акимова