67 жаштагы эне Караматкан Токтосунова майып балдары менен бирѳѳнүн мал сарайында күн кечирүүдѳ. Жашоосу оор, аянычтуу. Ѳзүнѳ жаш курагы, ал эми балдарына майыптыгы боюнча мамлекеттен пенсия ала албай койгонун, учурда балдары менен бирге ар кимдин кара жумушун жасап жан багып келе жатканын айтат эне.
“МЕНИ ОКУТПАЙ КОЮШКАН”
– Аты-жѳнүм – Караматкан Токтосунова. 1954-жылы Ѳзгѳн районунун Шоро-Башат айылында туулгам. Жети бир туугандын эң улуусумун. 8-классты бүткѳндѳн кийин апам “балдарды карап, үй иштерине каралашасың” деп окутпай койгон. Кийин 30 жашымда Ѳзгѳндүн Кыргызстан деген айылына келин болдум. Бир жыл ѳтпѳй жолдошум жол кырсыгына кабылып, башынан катуу жаракат алды. Ошондон кийин психикалык жактан оорулуу болуп калды. Кош бойлуу экениме карабай мени сабап жүрдү. Ал кара жумушта иштеп бизди бакчу, бирок ден соолугуна байланыштуу эрте каза болуп калды. Экѳѳбүз 5 жыл аралыгында 3 балалуу болдук. Улуу балам кичинекей кезинде жыгылып, бир кѳзүнѳ доо кетип, врачтар оң кѳзүн алып салышкан. Ошодон кийин ал баламды ѳзүмдүн апам багып алган. Апамдын кѳзү ѳткѳндѳн кийин инимдин колунда калды.
Биз кайын атамдын үйүндѳ жашачубуз. Жолдошумдун башка да бир туугандары бар болгондуктан, үйдү бошотуп чыгып кетүүгѳ туура келди. Ошентип үй-жайсыз калдык.
“БАЛАНЫ ТАПКАН МЕНЕН БАГЫШ КЫЙЫН ЭКЕН”
– Балдарды багуу аргасын кылып 35 жашымда ѳзүмдѳн 20 жаш улуу кишиге турмушка чыктым. Ал Ѳзгѳндүн Алтын-Булак деген айылынан болчу. Ошол учурда ал пенсияда эле. Мурун милиция кызматкери болуп иштеген экен. Экѳѳбүз 6 балалуу болдук. Алардын ичинен экѳѳсү эгиз. Ошентсе да ээрчитип келген 2 баламды жерип, ѳгѳйсүнтүп жүрдү. Аларды батырбай кубалаганынан балдарым таякелеринин колунда жүрүштү. Экинчи жолдошум ичкиликти кѳп ичет эле. Кийин ичкиликтен каза болуп калды. Ошентип экинчи ирет жесир калдым. Экѳѳбүз 10 жылдан ашык убакыт жашадык. Анын үйү бар болчу, кайнилерим “үйдү күйѳѳң сага каттаткан эмес” деп бизди үйгѳ ээ кылбай коюшту. Кайнилерим бай жашашат, бирок балдарыма атасынан калган үйдү ыраа кѳрүшкѳн жок. Айла жок балдарым менен Жалал-Абадга барып, батирде жашадым. Базарда пирожки бышырып, сатып күн кѳрдүк. Баланы тапкан менен, багыш кыйын экен.
“БЕШ БАЛАМ ТЕҢ МАЙЫП”
– Жалпы жолунан 9 бала тѳрѳдүм. Улуусу 1979-жылы, ал эми кичүүсү 1998-жылы туулган. Бирок тѳртѳѳ түрдүү себептерден улам чарчап калышкан. Беш баламдын кѳзү тирүү, бирок бешѳѳ тең майып (үчѳѳсү 1-топтогу майып). Тун балам кѳзүнѳн майып болсо, бир кызым жол кырсыгына кабылып майып болуп калган. Калган үч балам тубаса майып болуп тѳрѳлүштү. Психикалык жактан жабыркашат.
Колумда азыр эки балам бар. Эгиздин түгѳйүн (кичүүсү) агалары уруп-согуп койгондуктан, учурда турмуштагы эжесинин колунда. Ал кызымдын бир баласы бар. Балдарымды алдап-соолап тиричилик жасатам. Элдин жумушун жасап акча таап келишет. Ошол акчага тамак-аш алабыз. Кыскасы, экинчи жолдошумдан тѳрѳгѳн балдарым соо тѳрѳлүшкѳн жок. Негизи экинчи жолдошум мага чейин балалуу боло албай жүргѳн экен.
“2000 СОМ АЙЛЫККА ИШТЕП ЖҮРДҮК”
– Акыркы 14 жылдан бери Ѳзгѳндүн борборунан 6 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде бирѳѳнүн мал сарайында балдарым менен жашайм. Кожоюндун малын эки балам биригип 2000 сом айлыкка бакты. Эки жыл мурун кожоюн каза болуп, уулу малдарынын баарын сатып жок кылды. Азыр мал бакпайбыз, бирок кара жумуштарын жасап беребиз. Экинчи жолдошум менен мыйзамдуу никем жок болгондуктан, балдарым туулганда күбѳлүк алган эмеспиз. Азыркыга чейин документтери жок жүрүшѳт. Ѳзүм жакында эле жаңы паспорт алдым. Ага чейин Союз кезиндеги паспорт менен жүргѳм. Алмаштырайын десем акча сурашканынан ошол бойдон калган. Балдарымдын документтери жок болгондуктан, пенсия чегерип беришкен эмес, ѳзүм да пенсия албайм. 14-февралда бирѳѳлѳр менин турмушумду видеого тартып кетишкен. Ал интернетке чыкканда райондук акимчиликтен кишилер келип, “президент Садыр Жапаровго чейин кайрылып жибериптирсиң” деп коркутуп, урушуп кетишти. “Сен антип арыз-муңуңду айтпа” дешип, жардам бергендин ордуна “бала-чакаң менен камап коёбуз” дешти.
“БАЛДАРЫМДЫ ҮЙЛҮҮ КЫЛСАМ ДЕЙМ”
– Жашым ѳткѳн сайын ден соолугум начарлап жатат. Кыш келгенде ѳтүм ооруп, жыландай сойлоп жатып калам. Акыркы жолкусунда чыдабай Ѳзгѳндүн ооруканасына барып укол алайын десем, доктур “документиң жок, акчаң да жок экен” деп урушуп кубалап жиберди. Ошол жерден ызамдан буркурап ыйладым.
Балдарым майып болгону менен, жаман жолго басышпайт. Кѳзүм ѳтүп кеткенче аларды үй-жайлуу кылсам экен дейм. Элден жардам суроого аргасызмын. Буга чейин деле бекер отурган жокмун. Далай жетекчилердин эшигин каккыладым. Бирок бирѳѳ дагы каралашып, жардам берген жок. Ѳзгѳн райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгынын башчысы мени азык-түлүк жагынан жардамдан куру калбайт деп айтыптыр. Бирок жадакалса пандемия учурунда да мамлекет тараптан эч кандай жардам болгон жок. Жергиликтүү тургундардан анча-мынча жардам болду. Президентке кат жазсам, андан жооп жок. Акыры кѳңүлүм сууп отуруп калдым, бирок үмүт деген ѳчпѳйт экен.
ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР:
ЭкоИсламикБанк: 9909064537775087001
ПАО СберБанк: 30101810400000000225
Телефон: 0990 79 39 59
Жолдубек Качкынбаев