Динара Руслан, IT адиси: “ЧЕТ ЖЕРДЕ КАНДАЙ ИЙГИЛИК ЖАРАТПА, БААРЫ БИР МИГРАНТСЫҢ”

Техника, интернет тармагы күндөн-күнгө өнүгүүдө. Ага жараша заманбап кесиптерге суроо-талап жогору. Бул жолку каарманым Динара Руслан – IT тармагынын адиси, АКШда окуп, иштеп, топтогон тажрыйбасын өлкөбүздө колдонуп жаткан кыргыз кызы. Ал IT тармагын кантип багынтты?

“ООГАНСТАНДА АМЕРИКАНЫН АСКЕРДИК БАЗАСЫНДА БИР ЖЫЛ ИШТЕП КЕЛДИМ”

– Мен Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Биринчи Май айылынан болом. Учурда 30 жаштамын. 9-классты бүткөндөн кийин КЭУнун алдындагы политехникалык колледжге тапшыргам. Андан соң программалоо боюнча аналитик адистигине тапшырып, окууну кызыл диплом менен аяктадым. IT тармагына университеттен кызыктым, бирок программист болорума көзүм жетчү эмес. Билим деңгээлим жетпейт деп ойлой берчүмүн. 3-курста IT тармагында окуган студенттер арасында сынак болуп, кафелерге Wi-Fi киргизүү боюнча долбоор түзгөнбүз. Мен документтер кандай болуш керектигин, программа кантип ишке ашырыларын изилдеп жаттым. Ошондо IT анализдөөчү, дизайнер же долбоорлоо менеджери болуп иштей алат экенмин деген ишеним пайда болду. Бул жаатта магистратураны чет өлкөдө окууну кыялданчумун. Бирок чет өлкөгө окууга жөнөтүүгө үй-бүлөмдүн шарты жок болчу.

Бир күнү байкем “Ооганстанга барып иштеп келбейсиңби” деп калды. Ата-энем “кыз кишиге эмне бар, барбайсың” дешти. Компаниялардын бирине жөн эле резюме таштап койгон элем, бир күнү баарлашууга чакырып, англис тилин кандай билеримди текшеришти. Бир жылдан бери ал жакка барууга даярданып жаткан кыздын документтеринде маселе жаралып, ордуна мени жөнөтүштү. Өзүм деле түшүнбөй калдым. Ооганстанда АКШнын аскердик базасында бир жыл иштедим, бир жыл бою базадан эч жакка чыккан жокпуз. Ал жактан англис тилин мурункудан жакшы өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Андан тышкары окууга каражат топтоп келдим. Бир жыл ар кайсы китептерди окуп, өз алдымча болгонго үйрөндүм. Мисалы, бизге ата-энебиз "жакшы кыз бол, жакшы оку, кызыл диплом ал" деп айтат. Мен кызыл диплом алганым менен, эмне кылууну билбеген бир боштукту сезгем. Келгенде мен магистратураны Америкадан же Англиядан окуйм, IT тармагында иштейм, ошол жактан карьера курам деп так максат койдум.

"6 МИҢ ДОЛЛАРДЫН ОРДУНА 600 ДОЛЛАР АЛЫП..."

– Ооганстандан келгенден кийин жарым жыл даярданып Англия, АКШдагы 2 университетке документ тапшырдым. Англиядагы университеттен 70 пайыздык жеңилдетүү беришти, бирок миграциялык талаптар абдан күчтүү экен. Анын үстүнө ал жакта окуудан тышкары иштөөгө болбой тургандыктан барбай калдым. АКШдагы университеттердин бирине тапшырып, окуу менен бирге IT жаатында иштеп жаттым. Өзүм каалаган жумушту Айова штатынын Де-Мойн шаарынан таптым. Ал убакта акыркы семестрди окуп жаткам. Калифорниядан Айовага Техас, Чикаго аркылуу каттап жаттым, тапкан акчам ары-бери учканга эле кетип калчу. Акчага деле кайыл элем. Башкысы IT жаатында тажрыйба топтошум керек болчу. Окуумду бүткөн соң Айовада жумушчу виза алып, иштеп калдым.

Үч жарым жыл окуп-иштегенден кийин Кыргызстанга каникулга келдим. Айовадан топтогон акчама Бишкектен 2 бөлмөлүү батир сатып алдым. АКШга кайра кетер алдында мага бирөө “бир IT компания долбоорлоо менеджерин издеп жатыптыр, барып көрбөйсүңбү” деп сунуштап калды. Кыргызстанда каяктагы IT компания дедим, себеби мен окуп жүргөндө жок болчу да. Кызыгып ал жакка бардым, пикир алышуу болду. Кийинки күнү Америкадан ал компаниянын негиздөөчүлөрү скайп аркылуу байланышка чыгышып, "АКШга келбей эле кой, биз дүйнөлүк компания түзгөнү жатабыз. Бизге долбоорлоо менеджери бол” деп сунушташты. Компанияны нөлдөн баштап куруу кызыктуу болду. Макул болдум. Бирок айлык акым 600 доллар болорун угуп иштебейм дедим. Америкада 6-7 миң доллар алчумун да. Компаниянын негиздөөчүсү “1-2 айда Бишкекке учуп барам, айлыгыңды сүйлөшөбүз” деди. 600 долларлык маянага иштеп баштадым. Айткандай эле кийин айлыгымды 1500 долларга көтөрдү. Жарым жылдан кийин компаниядагы долбоорлоо менеджерлерин жетектеп калдым. Ошентип Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиядагы чоң IT компания Zensoft`ту түздүк.

“АКАДЕМИЯ АЧЫП, АДИСТЕРДИ ДАЯРДАП ЖАТАМ”

– Кыргыз-Герман университетинде долбоордук менеджмент боюнча магистранттарга сабак өтүп калдым. 2019-жылы көп адам Фейсбуктан “мен да үйрөнгүм келип жатат, мага устат болбойсуңбу?” деп жаза башташты. Окугусу келгендер дагы барбы десем, 2-3 сааттын ичинде эле 15 чакты адам болуп кетти. Алар акча төлөйбүз дешти. Акча алгандан кийин салык төлөш керек да. Ошентип мыйзамдаштырып Codify академиясын ачтым. Башында чоңдорду кайра даярдоо багытында ачылган. Кийин ата-энелер балдарын алып келип суранышканынан, балдарды да окута баштадык. Биз программалоо, долбоордук менеджмент, тестирлөө, оюндарды, тиркемелерди түзүүчү жана башка IT тармагын нөлдөн баштап үйрөтөбүз. 6 ай окутабыз. Мейли, көп убакыт окуталы, кымбат акы алалы, бирок сапаттуу билим берели дейм. Жакшы адис болуп чыкса окууга кеткен чыгымын 1-2 айда табууга мүмкүн. Сынактарды жакшы тапшырган студенттерди биз компанияларга жумушка жөнөтөбүз. Себеби студенттин окуганы бекерге кетпеши керек. Кыргызстандагы IT компаниялар ассоциациясында төрайыммын. Ал жакта 50дөн ашык компания бар. Алар IT кызматкерлерине муктаж. Ал эми мамлекетте канчалаган адамдар жумушсуз отурушат?!

“ЧЕТ ЖАКТА СИЗДИ ЖЫРГАЛ ЖАШОО КҮТҮП ЖАТКАН ЖОК”

– Мага “Америкадан эмнеге келдиң?” дешет. Инстаграмдан кооз сүрөттөрдү көрүп, ал жакта баары жыргап жүрүшөт деп ойлошот. Эч ким кыйналган жашоосун көрсөтпөйт да. Кандай ийгиликтүү адам болбо, баары бир сен мигрантсың. Бири сөзсүз кимсиң, кайдан келдиң деп сурайт. Өз жериңде өзүңдү эркин сезесиң, өз өлкөң үчүн жакшы нерсе жасагың келет. Ошон үчүн мен кыйынмын деп IT тармагында өзүм иштеп кала бербестен, билгенимди жайылтууга өттүм. IT десе бир гана программалоону түшүнбөш керек, бул жаатта көп кесиптин ээси болууга болот.

Кыргызстанда жашап, чет элдик компанияларда аралыктан иштеп, 2 миңден 5 миң долларга чейин айлык алган кесиптештерим бар. Кыргызстандан кетсем эле баары жакшы болот деп чет өлкөгө кетүүгө ашыкпаш керек. Сизди Европада да, Америкада да эч ким күтүп жаткан жок. Бөтөн өлкөдө ар кайсы жерде иштегендин эмнеси жакшы?

“КЕСИБИҢДИ, ЖАН ШЕРИГИҢДИ ТУУРА ТАНДА”

– 16-17 жашында эч ким кесип тандай албайт. Мектепти аяктаары менен ЖОЖго тапшыртып салбай, балдарды ар кандай курстарга жиберүү керек. Бала өзүнө кайсы кесип жагарын түшүнүп, билиши керек да. Америкада мектепти бүтөрү менен окууга тапшырышпайт, керек болсо Барак Обаманын улуу кызы дароо окууга тапшырбастан, өзүн кайсы жаатта көрө аларын түшүнүш үчүн ар кайсы жакта иштеп жатат. Бизде 5-6 жылдык окууга тапшырып алып, таштап коё албай убакыт коротуп жүрө беребиз. Натыйжада алган дипломуң керекке жарабай бир жерде калат.

Үй-бүлө куруу да кесип тандагандай өтө маанилүү чечим. 18-20 жашыңда өмүр бою бирге жашай турган адамды тандай албайсың. Америкада 30 жашка чейин үй-бүлө куруу жөнүндө такыр ойлонушпайт. Окуусун бүтүрүшөт, карьерасын курушат, дүйнөгө саякат жасашат. Мүнөзү токтолуп өзүнө кандай адам жагар-жакпасын билгенден кийин анан үй-бүлө курушат. Балдарды уруп, талаага таштап салбай, аларга убакыт бөлүп, билимине көңүл бурушат. Мисалы, биздин үй-бүлө мен бала кезде бирибиз чоң ата, бирибиз таененин колунда болдук. Себеби ата-энем иштеши керек эле. Карьераң, үйүң болсо сен кайда жашаарыңды, балдарга эмне бере аларыңды билесиң. Мисалы, мен азыр үй-бүлө күтүүгө, балага тарбия берүүгө даярмын. Психикасы калыптанып, эмоциясы токтолуп калган адам эч качан балага кол көтөрбөйт. Токтоло элек, айта турганын сөз менен жеткире албаган адамда агрессия пайда болот. Ал эми экинчиси – каржылык жактан камсыз болуу. Эгер үйүңүз, акчаңыз, тамак-ашыңыз жок болсо, ар кайсы жакта кечке иштеп кечинде келсеңиз үйдөгү маселелер, албетте, эмоционалдык чыңалууну жаратат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aizireshka1998
2021-03-23 01:57:53
Кантип байланышсак болот эжеге?
+2
ZhanMM
2021-03-23 12:39:51
A great interview turned out with the best motivation.
0
ZhanMM
2021-03-23 12:42:06
Жакшы маек болуптур, жаштарга, жалпы эле билгендерге мыкты мотивациясы менен.
+1
Ainurjan
2021-03-28 12:05:06
Менин балам да ушул тармакка кызыгат 7-класста азырынча, жакшы маек болуптур.
0
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан