Биринчи топтогу майып аял: “19 ЖЫЛДАН БЕРИ ТҮТҮК МЕНЕН ТАМАКТАНАМ”

Айлап, жылдап оору менен алпурушуунун азабын ошол бейтап, анан аны караган адам жакшы билет. Бул жолку каарманыбыз Таалайгүл Жапарова 30 жылдан бери илдет менен алышып келе жатат. Жолдошу, балдары жок, жалгыз жашайт. Бизге оор күндөрүн айтып, коомчулуктан жардам сурады.

“30 ЖЫЛДАН БЕРИ МАЙЫПМЫН”

– Мен, Таалайгүл Жапарова, 1972-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулгам. 11 бир туугандын ортончусумун. Учурда 1-топтогу майыпмын. Бишкекте батирде жалгыз турам. Жолдошум каза болуп калган, балдарым жок. Мектепти аяктаган соң ата-энеме каралашайын деп жогорку окуу жайга тапшырбай, Бишкекте нан чыгарган заводдо иштедим. 19 жашымда тамагым сезгенип, безге окшош шишик пайда болду. Аны алып салса, кайра эле ошол тегеректе жаңысы чыга берет экен. Ошентип төрт жолу операция болдум. Аягында 30 жашымда тамагыма түтүк коюшту. Ошол учурда катуу депрессияга кабылып, түтүк менен тамактангым келбей абдан жаман болгом. Өзүм негизи тамакты аз иччүмүн. Жыл айланбай организмиме витамин жетишпей, кан жүгүрбөй тамырларым ичкерип, буттарым ооруй баштады. Азыр таяк таянып басам. Жашым элүүгө таяп калды, ошонун 30 жылын азап менен өткөрүп келе жатам.

“ҮЙ ДА, ПОЛ ДА НЫМ, КӨК ТАРТЫП ТУРАТ”

– Ден соолугума байланыштуу эч жерде иштей алган жокмун. Кудайым бир мүмкүнчүлүк берип, турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз бир жыл жашадык. Эмне болгонун билбейм, күйөөм мен ооруканада жаткан учурда Кочкордо ата-энесинин үйүндө каза болуп калган. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт эмеспи. Бир туугандарым өз жашоолору менен алек. Убагында жакшы жардам беришти.

Айлам кеткенде жардам сурап түрдүү фонддорго кайрылам. Арасында тамак-ашыма жардам бергендер бар. 30 жылдан бери Бишкекте батирде турам, акысын төлөбөйм. Батир ээси өздөрү жашабаган эски үйүнүн 2 бөлмөсүн берген. Үйдө жашоого шарт жок. Мага окшоп ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга ал үйдө жашоо кыйын. Үй да, пол да ным, көк тартып турат. Үйгө суу киргизилбегендиктен кошунанын балдары чакалап суу ташып беришет. Пенсиям көбөйүп отуруп 5000 сомго жетти. Ал дары-дармегиме гана кетип, тамак-ашыма артпайт. Көп жерим ооругандыктан бир алганда толтура дары алууга аргасызмын.

“АКЫРКЫ ЖЫЛДАРЫ ТЕРИМ СЫЙРЫЛА БАШТАДЫ”

– Акыркы эки жылдан бери терим сыйрылып жатат. Дарыгерлерге кайрылып, анализ тапшырсам “витамин жетишпегендиктен” деп, дары жазып беришти. Кыргызстанда чыгарылган дарылар жардам бербегендиктен, бирөөдөн угуп Кытайдан бир дары алдырып көрдүм. Ал жакшы жардам бергени менен, баасы кымбат экен. Үч-төрт ай аралыгында акча чогултуп 5000 сомго 20 даана дары майды почта аркылуу буюртма берип алдыртам. Ал бир айга жетпейт. Тамактануу үчүн тамагыма салынчу түтүктүн бир даанасы Бишкекте 600 сом турат. Аны бир айда эки жолу алмаштырышым керек. Түтүк Орусияда арзаныраак болгондуктан ошол жактан алдырып жатам. Орусияда иштеген туугандарым бар, Бишкекке келип-кеткендерден берип жиберишет. Дары-дармек, азык-түлүк тараптан жардамга муктажмын. Кожоюнум бүгүн болбосо эртең үйдөн чык деши мүмкүн. Бир бөлмөлүү болсо да үйгө жетсем деп Кудайдан тилейм.

Жардам берүү үчүн реквизит: Элсом: 0550 96 66 21

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан