Нурпери Мекен кызы, окурман: «ТУРМУШКА ЧЫКСАҢ ГЕЗИТТИ СЕБИҢЕ КОШУП БЕРЕБИЗ ДЕШЧҮ»

Гезитибиздин туруктуу окурмандарынын бири Нурпери Мекен кызы менен маектештик.

– Саламатсызбы, Нурпери? Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

– Мен Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айылында төрөлгөм. 28 жаштамын. Талас медициналык колледжин бүтүргөм. Учурда Бишкек шаарындагы №12 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп жатам.

– “Супер-Инфо” гезитин окуп, чогултуп жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

– Мен окуучу кезимден эле “Супер-Инфо” гезитинин бир дагы санын калтырбай окучумун. Студент кезде деле ар жума сайын гезит окумай “жумушум” болчу. Эч кимисине тийгизбей гезитти чогултуу адатым эле. Муну көргөн үйдөгүлөр “турмушка чыкканыңда гезитти себиңе кошуп беребиз” деп тамашалашчу. Чогулткан гезиттеримдин жарымы Таласта, ата-энемдин үйүндө, жарымы Бишкекте.

– Көп жылдык окурман экенсиз. Гезитке байланыштуу кызыктуу окуялар болсо керек?

– Гезитти үй-бүлөбүз менен окуйбуз. Мурун утушка ээ болбосом дагы сканвордду жума сайын толтуруп, жөнөтө берчүмүн. Атам “жыгылган күрөшкө тойбойт" деп күлүп калчу. Анткен сайын намыстанып болбой катыша бердим. Кийин гезиттин “Бешти чап” долбоорунун бардык оюндарына катышып, бир жолу жеңүүчү болдум. Ошондо сыйлыкка берилген акчаны банктан алып барып атама мактангам.

Менде 2008-жылдан берки гезиттер бар. Мурун ырчылардын сүрөтүн, ырларды кесип папкага чогултчумун. Кийин кеспей, гезиттин өзүн чогултканга өттүм.Үйдөгүлөргө керектегенге телепрограммалар чыккан бетин эле берчүмүн. “Гезиттин калган беттерин окуп бүтүп кайра бересиңер, бир дагы барагына тийбейсиңер” дечүмүн. 2014-жылы турмушка чыктым. Жаңы турмушка чыкканда кээде гезит сатып ала албай жаттым. Андай учурда апама “алганыңарды окуп бүтүп, эч кимге бербей катып койгула” деп телефон чалчумун. Окуп бүткөндөн кийин апам катып койчу. Мен аларды үйгө барганда чогултуп жаткан гезиттерге кошуп келчүмүн.

Бир жолу гезиттин бир санын Талас шаарынан да издеп таппай келгем. Жыл жаңыргандан кийин аз санда чыгат эмеспи. Ошондо апамдар конокко кетишкен. Барган үйүндө мен издеп жаткан гезит бар экен, мага алып келип берген. Мындай окуя студент кезде да болгон. Бир санын таппай калып, жатаканада чогуу жашаган кыздын айылдагы үйүнө барып алып келгем.

– Рахмат сизге. Гезитибиздин туруктуу окурманы болуп жүрө бериңиз.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
janym_balam
2021-03-29 12:01:49
Фанат экен да
+4
D.I.D.
2021-03-29 14:16:35
Ушундан көрө китеп окусаң болмок,мээңди өстүрүп
+2
i-bilim
2021-03-29 14:23:30
D.I.D., өзүңөр окуп жатканыңар менен иш жок го)))))
+6
D.I.D.
2021-04-01 01:35:42
i-bilim,Мен окубаган китеп калган жок,кызым
+2
ika8086
2021-03-29 19:54:08
супер инфону байыткан ушул кыз турбайбы.
+5
Erlan_95
2021-03-31 15:58:34
Менин дагы 2008-2014-жылдары чогулткан газеталарым бар болчу ар ким окуйм деп алып кетип жок болуп калды
0
D.I.D.
2021-04-01 01:37:23
Андан көрө сабагыңды окусаң боло.Гезиттен пайда жок.Болсо баарыбыз миллионер болуп жатып калбайт белек
+1
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан