Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы берген маалымат боюнча, быйыл орозо айы 13-апрелде башталат. Айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн.
Рамазан айы кут болсун!
ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
Навайту ан асуума саума шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тъаала.
Кыргызча мааниси:
Алланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.
ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ:
Аллахумма лака сумту, ва алаа ризкика афтарту.
Кыргызча мааниси:
Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын.
Рамазан айынын 26сынан 27-күнүнө караган түнү – Кадыр түн.
Аймактарда күндүн чыгышына жана батышына жараша ооз бекитүү-ооз ачуу убактысында айырмачылыктар болот. Мусулмандар дин башкармалыгы ар бир аймакка өзүнчө календарь түзгөн.
Аймактарга карата түзүлгөн календарлар боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот.
Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмү:
0706 00 77 77, 0778 33 27 22