Назгүл Бекмуратова: “ГЕЗИТТЕГИ СЕРИАЛДЫ БИРИНЧИ ОКУЙМ”

– Мен “Супер-Инфо” гезитин 2006-жылдан бери бир да санын калтырбай окуп келем. Апта сайын жаңы санын күтүп, сатып алып окуйм. Айылга барып калган учурда райондон атайын шаарга каттаган таксисттерден алдыртчумун. Колума тиери менен гезиттин ар бир бетин үтүр-чекитине чейин окуп, өзүмчө сындан өткөрчүмүн. Азыр да гезиттин жаңы саны чыгары менен сатып алам.

Учурда “Дордой” базарында соода кылам. Эртең менен жумушка келерим менен дүкөнүмдү ачам да, эч нерсеге карабай гезиттеги сериалды биринчи окуп чыгам. Ушундай кызыктуу сериалдарды кайдан табасыңар, билбейм. Абдан кызыгып окуйм. Сериалды окугандан кийин гезитти жаап коюп, товарларымды жайгаштырам. Анан кайра отуруп алып “Жүрөк сырына” киришем. Андан кийин “бул жолу кандай кеңештер бар?” деп пайдалуу кеңештерди окуйм. Мага “Атактуулукка карай жол”, “Жан шерик”, “Апам жапкан нан” деген рубрикалар абдан жагат, кызыктуу. Саясатка көп кызыкпаганым менен, гезиттин “Саясат жана коом” деген бетине да сөзсүз түрдө көз жүгүртөм. Апта каарманын окуйм. Анан, албетте, шоу-бизнестеги жылдыздардын жашоосу кызыктырат. Кылмыштарды, адамдын оор тагдырын окуганда абдан кайгырам. Жардам сурагандарды окуп жүрөгүм ооруп, ыйлап алам.

Көп жылдан бери чогулткан гезиттеримдин жарымы айылда. Апама берсем катып коюптур. Жарымын өзүм менен алып жүрөм. Аларды бир жерден экинчи жерге көчкөндө өзүнчө бир баштыкка салып алчумун. Анан сурагандарга, кошуналарга китеп белек кылгандай таратчумун. Азыр туура эмес кылыптырмын, эч кимге бербей баарын чогултсам архив болуп калмак деп ойлоп кетем. Азыр базардан жаңы санын аларым менен өзүм биринчи окуп чыгып, сурап келгендерге сатып жиберем (күлүп).

Гүлдана Мамадали кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан