АЛА КАЧУУ САЛТ ЭМЕС, КЫЛМЫШ!

27 жаштагы Айзада Канатбекованын ала качуунун курмандыгы болушу өлкө боюнча чуу жаратып, ала качуу темасын кайрадан талкуу чордонуна чыгарды. Ала качуунун айынан өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн тагдырлар талкаланып жатса да көпчүлүк жектеген бул жосун тыйылбай келе жатат. "Ала качуу – салт" деп талашкандар да бар. Бул макала менен ала качуу жат көрүнүш, мыйзамдарга ылайык, кылмыш экенин дагы бир жолу эскерткибиз келди.

“АЛА КАЧУУ КЫРГЫЗГА ЖАТ КӨРҮНҮШ”

Кыргыз тарыхында ала качуу кандай каралары тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов айтып берди:

– Илгери кыз ала качуу болгон эмес. Жигит менен кыз бири-бирин жактырып калса, жигиттин ата-энеси сөйкө салып кудалашкан. Мындай учурда көбүнчө жеңелер ортомчу болгон. Эгер кыз ала качуу күтүлсө, эки уруунун ортосунда жаңжал чыгып, айып төлөгөн учурлар кездешкен. Ала качууга мыйзам жол бербеши зарыл. Мектептен эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мисалы, кыз ала качуу катталса, анын көпчүлүгүнүн иши сотко жетпейт экен. Бул мыйзамдын иштебегенинен кабар берет.

Ала качуу алсыз жигиттердин жасаган аракети.

“КЫЗДЫН МАКУЛДУГУ МЕНЕН АЛА КАЧКАН”

Түрколог Нурдин Усеев түрк элдеринде кыздын көңүлү жок аны ала качуу болгон эмес дейт:

– Айрымдар ала качуу кавказ элинен тараган деп туура эмес айтышат. Анткени бул көрүнүш түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда башкача болгон. Муну Абрамзондун “Кыргыздар” деген китебиндеги маалымат тастыктайт. Ал жерде кыз ала качуу мындай учурда болот деп жазылган: эгер жигиттин ата-энеси кедей болуп, калың бергенге мүмкүнчүлүгү жок болсо кыздын макулдугу менен ала качылган. Кыз отуруп калган соң ачуу басар барат да, кыздын ата-энеси менен калың бычылып, маселе чечилген. Эгер кыздын макулдугусуз ала качылып, жакындары кубалап келишсе жигит тарап бериле турган калыңды үч эсе көп төлөп айыпка жыгылган. Же болбосо жазага тартылган. Кыргызда кыздын көңүлү жок ала качуу деген болгон эмес. Бул маалыматты тастыктай турган булактар көп.

“ДИНДЕ АЛА КАЧУУ ТҮШҮНҮГҮ ЖОК”

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу шариятта ала качуу деген түшүнүк жок экенин айтат:

– Ислам дининде ала качуу деген түшүнүк жок. Ала качуу күнөө болуп эсептелет. Кыздын ата-энеси менен кудалашып, кыздын макулдугун алуу зарыл. Учурда кызды ала качкан соң үйдөн чыгарбай коркутуп-үркүтүп, апалар босогого жатып алган учурлар кездешет. Кыз каргыштан коркпошу керек, макул болбой коюуга толук акысы бар. Аны эч ким мажбурлай албайт. Ала качуунун туура эмес экендигин коомчулукка мектептен баштап түшүндүрүү кажет. Антпесе мындай иш-аракеттер токтобойт.

“АЛСЫЗ ЭРКЕКТЕР АЛА КАЧЫШАТ”

Психолог Асел Байымбетова алсыз, өзүнө ишенбеген эркектер гана кызды ала качат деген пикирде:

– Ала качууга барган айрым жигиттер өзүнө ишенбеген, алсыз болсо, кээ бирлери досторунун “ала качууга жардам берем” деген сөзүнө киргендер. Кыз баш кошууга макул болбосо ызасына чыдабай ага жетүү максатында ала качкандар да бар. Булар өз максатына жетүү үчүн башка жарандардын укугун тебелеп, мыйзамды бузат. Кыз ала качуу бир эле убакта кыздарга болгон физикалык, психологиялык, сексуалдык зомбулук болуп саналат. Ала качууга кабылган кыздар психологдун жардамын алуу үчүн кризистик борборлорго кайрылышы керек. Кыз катуу стресске кабылгандыктан бул жагдай анын тагдырын, психикасын талкалашы мүмкүн.

Кыздардын мындай кырдаалга туш болушун эч ким каалабайт, бирок кызды ала качып кетишсе мындай кыл деген так эреже жок. Бул процесске көп адам катышкандыктан топтун таасири менен ал жерде жүргөн адамдар өз жоопкерчилигин унутуп, толкунданып, эмоцияга алдырышат. Алар бул салт деп эсептеп, кыз каршылык көрсөткөн сайын эки эсе басым жасашат. Кыз айланасындагы адамдар менен урушуп-талашпай, тынчтанышы зарыл. Качан баары тынчтанган убакта арасынан түшүнүктүү бирөөсүнө жардам сурап кайрылып, ага бул иштин жоопкерчилиги бар экендигин түшүндүрүшү кажет. Акырындык менен ал адамдардын оюн өзгөртүүсү керек. Кээ бир кыздар эч нерсе болбогонсуп түр көрсөтүп, түн ичинде качып жөнөшөт. Кыз кандай болгон учурда да этият болушу шарт.

Кыздарды ала качуу, зордук, зомбулуктан сактап калуу максатында элге аялдардын укугун коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ала качуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип, анын так аткарылышына көзөмөл жүргүзүү кажет.

“КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР 10 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛАТ”

ИИМ кыз ала качуу кылмыш экенин, ага айыпталгандарды айып пул же абак күтөрүн эскертет:

– Ала качуу боюнча Кыргызстандын Жазык кодексинин "Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жете электердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар" бөлүгүндө каралган.

Адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдагандар 3-категория менен 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

18 жашка жете элек адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдагандар 4-категория менен 7,5 жылдан 10 жылга чейин кесилет. Кылмышка жашы жете электер барса 80-100 миң сом, чоңдорго 180-220 миң сом айып салынары көрсөтүлгөн.

Никеге турууга мажбурлагандар ири суммадагы айыпка жыгылат.

177-беренеде адамды никеге турууга мажбурлоо, никеге турбастан чогуу жашоого кыйноо, ошондой эле адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылгандар 5-категория менен айып пул төлөп же 1-категория боюнча эркинен ажыратылышат. Башкача айтканда, 2 жыл 6 айга чейин кесилишет. Болбосо жашы жете электер 100-120 миң сом, чоңдор 220-260 миң сом айып пул төлөшөт.

176-берене боюнча, 18 жашка чыга электерди никеге турууга мажбурлагандар 6-категория боюнча айып төлөп, же 2-категория менен эркинен ажыратылат.

Тагыраагы, жашы жете электер 120-140 миң сом, чоңдор 260-300 миң сом төлөмөр болушат, же 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышат.

НИКЕ МЫЙЗАМ БОЮНЧА

Никеге туруу үчүн эркек менен аялдын макулдугу жана алардын нике куракка жетиши (18 жаш) зарыл экени баса белгиленет.

Статистикалык маалыматка таянсак, кызды ала качуу фактысы менен 2020-жылы 212, ал эми быйыл 64 кылмыш иши катталган.

Макалада айтылган пикирлер деле ала качуу эч кандай кыргыздын салты эмес экенин айгинелеп турат. Жигиттер, кызды ала качпагыла, адамдын тагдыры менен ойнобогула, бирөөнүн өмүрүнө так түшүрбөгүлө дегибиз келет. Ал эми милиция кызматкерлери да бул көрүнүшкө кайдыгер карабай, ала качуу кылмышына олуттуу мамиле жасашса деген тилек.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан