Астра Койчуман кызы: “АЖЫРАШЫП КЕТКЕН КҮЙӨӨМ МҮРЗӨГӨ АЛЫП БАРЫП САБАП, ЗОРДУКТАДЫ”

Каарманыбыз Астра Койчуман кызы жолдошунан кордук көргөндүгүн айтып бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок күйөөсү айып пул төлөп, жазадан жеңил кутулуп, Астрага кысым көрсөтүүнү уланта берген. 8 жыл зөөкүр жолдошунун кордугуна чыдаган Астра акырында коомчулукка өз көйгөйүн ачык айтып чыгууга аргасыз болгон.

“КҮЙӨӨМ КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕН ТАРТА САБАЙ БАШТАГАН”

– Мен 1993-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулгам. Апам Бишкекте кафе иштетчү. 2013-жылы апамдын кол алдында ашпозчу болуп иштеген 1992-жылкы жигитке турмушка чыктым. Башында дос катары мамиледе элек, кийин бири-бирибизди жактырып калдык. Ал кезде 19 жашта болчумун. Ал жигит Балыкчы шаарынан болот. Ата-энеси жок болгондуктан балдар үйүндө чоңойгон. Биз баш кошкондон көп өтпөй үйдө чыр чыга баштады. Шаарда батирде жашап кыйналдык. Жолдошум турмуштун кыйынчылыгына туруштук бере албай күчүн менден чыгара баштады. Уруш-талаш майда-чүйдө нерселерден эле чыкчу. Мен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окугам. Бирок турмушка чыгып кетип, окуумду бүтүрө алган жокмун. Үйдөн комуз чертип ырдап баштасам эле уруш чыгарчу. “Сахнага чыкканды кой, динде ырдаганга болбойт” деп үйдө да ырдоого тыюу салды. Кыскасы, шылтоо таап боюмда бар кезден тарта уруп-сого баштады. Анын кесепетинен тун балабыз майып болуп төрөлдү. Балам эки жарым жашында кырсык болуп, сууга агып чарчап калган. Андан кийин 2015, 2016-жылы удаасынан эки кыз төрөдүм.

“МИЛИЦИЯ НИКЕҢЕР БАР ДЕП ЧАРА КӨРГӨН ЭМЕС”

– Бирге жашаган учурда мени уруп-согуп, күн көрсөтчү эмес. Кетип калсам “сенсиз жашай албайт экенмин, кечирип кой” деп артымдан келчү. Балдарды ойлоп кайра жарашчумун. Бирок баягы адатын койгон жок. Ата-энем мени көк ала кылып сабаганын көрүп, ага “кой, балам” деп болгон акыл-насаатын айтышты. Бирок ал кулак салган жок. Бардык ийгиликсиз аракеттерине мени күнөөлөп, кулак-мээмди жей берди.

Негизи жолдошумдун чөйрөсү начар эле. Алардын тилине кирчү, акырында экөөбүз аял-күйөө катары акылдашпай да, сүйлөшпөй да калдык. Мени уруп-соккондо милиция кызматкерлерине кайрылчумун. Алар “никеңер бар экен, биз эч нерсе кыла албайбыз” деп коюшат. Күйөөм болгону 1500 сом айып төлөп чыгып кетип жүрдү. Анткени Кыргызстанда зомбулукка каршы катуу мыйзамдар жок экен. Ал айып пул төлөп бошонору менен кайра тепкилейт. 2017-жылы катуу уруп койгондон кийин соттук-медициналык экспертизадан өтүп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылгам. Ошонун негизинде мыйзамдуу түрдө ажыраштык.

“СЕНИ МЕНЕН ЖАШАЙМ, ӨЛТҮРБӨ” ДЕП АМАН КАЛДЫМ”

– Ажырашкан соң жолдошум Орусияга кетти. 2019-жылдын ноябрь айында Орусиядан келди. Үйдө жатсам кирип келип ызы-чуу салды. Балдарды коркутуп албоо үчүн сыртка чыктык. “Бизде баары бүтпөдү беле, эмнеге келдиң?” десем, чачымдан сүйрөп машинасына салды. Машинаны катуу ылдамдыкта айдап, Чүй облусундагы Кеңеш деген айылдагы мүрзөгө алып барды. “Бул мүрзөдөн сага жай камдап койдум. Мени менен жашабасаң өлтүрүп туруп, көмүп коём”,- деди. Экөөбүз урушуп кеткен соң ошол жерден мени катуу сабап, зордуктады. Алымдын келишинче каршылык көрсөттүм, бирок күчүм жетпей койду. Аягында “сени менен жашайм, өлтүрбө” деп жалынып жатып аман калдым. Ошентип күйөөм үйгө келди.

“ЖАШООМО НААРАЗЫ БОЛУП ӨЛГҮМ КЕЛДИ”

– Үйгө келгенден кийин бул окуя тууралуу эч кимге ооз ачкан жокмун. Анткени күйөөм билип калса атамды көзгө илбей чуу чыгармак. Эртеси жумуштары менен кеткенде эки кызымды алып, курбумдун үйүнө качып кеттим. Мурун арыз жазган күндө деле эч ким карабагандыктан бул жолу арыз жазган жокмун. Жашоомо нааразы болуп, өлгүм келди. Үй-бүлөмө коштошуу катын жаздым. Бирок кыздарымды ойлоп бул туңгуюктан чыгууга жол издедим. Милицияга телефон чалсам “эгер ажырашкан болсоңуз, окуяны далилдей алсаңыз арыз жазыңыз” деди. Арыз жазып, ооруканага жаттым. Милициялар муну чоң кылмыш катары көрбөй, күйөөңдү камабайбыз деп чыгышты. “Экөөң элдешип тарап кеткиле” дешти. “Бул мени өлтүрөм деп жатат” десем да камырабай коюшту. Мен “Сезим” кризистик борборуна келип, ал жердеги юристтердин жардамы менен ишти сотко өткөрдүм.

“ТҮРМӨДӨН ЧЫГЫП КОРКУТУУНУ УЛАНТТЫ”

– Ал 11 ай убактылуу кармоочу жайда жатып, иши 161-беренеден, 163-беренеге которулуп, 2 жылга кесилди да, мунапыска илинип бошонуп чыкты. Ошондон тарта кайра баягы жашоом башталды. Үйгө да, жумушка да келип коркутуп-үркүтүп кирди. 2021-жылдын 10-февралында мас абалында кыздарымды талашып, мени токмоктоду. Милиция чакыртып, арыз жаздым да, “Сезимге” келдим. Буга чейин бир нече жолу башымдан оор жаракат алгам. Бул жолу да ооруканага жатып дарыланып чыктым. Ошол учурда эки кызым атасынын колунда болчу. Күйөөм жүрүм-туруму, психикасы өзүнө окшош адамдар менен жүргөндүктөн кабатырланып кыздарымды социалдык кызматкерлердин жардамы менен колума алдым. Бүгүнкү күндө “Сезим” борборунда кыздарым менен биргемин. Сыртка чыгуудан коркобуз. Кыздарымдын да психикасы бузулду.

“ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЧЫГЫП КЕТПЕСЕМ ӨЛТҮРҮП КОЁТ”

– Учурда колдоого жана коргоого муктажмын. Атамдын ден соолугу начар, апам менен агам Орусияга кетип, 2017-жылы жасабаган кылмышты моюндарына алдырып, түрмөгө түшүп калышты. Чет өлкөгө чыгып кетейин десем, кыздарымды алып кетүү үчүн жолдошумдан уруксат керек. Ал уруксат бербей жатат. Мыйзам чегинде аны аталык укуктан ажыратып, чет өлкөгө чыгып кетпесем бир күнү бул мени өлтүрүп коёт. Зөөкүрлөргө катуу чара көрүлүшү керек. Биздикилер качан адам өлүп калганда чара көрүшөт. Күйөөмдүн мени ур-токмокко алгандыгы боюнча чара көрүүсүн суранган арызым азыркы күндө Чүй облустук, Аламүдүн райондук жана Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Соттордон акыйкат чечим күтөм жана чет өлкөгө чыгып кетүүгө жардам сурайм. Жашагым келет, кыздарым менен коопсуз жашоодо жашагым келет.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
esimdesin
2021-04-26 09:31:19
Үй бүлөдөгү зордук зомбулуктун болушу бала кезден болгон ар түрдүү психологиялык жагдайдын кесепети деп ойлойм. Турмуш куруп жатканда өзгөчө кыздар жакшылап ойлонуу керек. Бир жолу зордук зомбулук болдубу ал адамга кайра кайтуунун кажети жок. Бизде эл эмне дейт же балдар үчүн деген эскирип тамтыгы чыккан түшүнүктөр ушуга жеткирип атат. Коомдо айланабызда күчтүү өзүнө ишенген билимдүү аялзатын көргүбүз келет!!
Аялзатына болгон зордук-зомбулукка каршы туралы!!!!!
+7
esimdesin
2021-04-26 09:44:01
Урматтуу ата энелер кыздарды зордук зомбулуктан коргоп алар үчүн азап тартып калбаш үчүн үйдөгү ЭРКЕК балдарыңарга жакшы таалим тарбия бергиле аялзатына туура мамиле кылганды үйрөкүлө дегим келет. Баары үйдөн башталат.
+3
Isikkolumkeremet
2021-04-26 10:53:15
Ооо эл журт.!!!милициядан бир тыйын пайда жок.алар пайда чыккан жердин шакалдары.озубузго тын бололу.милицияга кун тушкулук кылбасын.алар ошо зоокур куйоодон айырмасы барбы.
+6
XATSAN125
2021-04-26 11:07:34
Атадан же эненден тарбия албаган ИТКЕ кантип турмушка чыктын экен деп ойлонуп жатам.
+3
zhazgul98
2021-04-26 11:14:10
Аялдарды тепкилешет, сабашат, кысымга алышат, анткени алар аялдар алсыз. Баардыгы эркектин сабатсыздыгынан чыгып жатат. Коомдук сабатсыздыкты жоюуу керек. Бизде кыздарды буюм катары көрүшөт. Кыздарды ойго келбеген диний, ж.б. эрежелерге мажбурлап, баш ийдирмей практиканы токтотолук. Үй-бүлөлүк аялдык зомбулук, куугунтуктоо - бул аялдарга карата жашоодо көп кездешет.
+5
zhazgul98
2021-04-26 11:14:55
Кыздарга карата зомбулук муундардын көйгөйү. Ата-эненин агрессиясы кыз өзүнүн үй-бүлөсүндө башталган көнүмүш адат. Ата энелер өз кызынын мүнөөзүн кичинесинен эле чүнчүтүп коюшат.
+7
AykaMer
2021-04-30 20:19:48
Биздин мыйзамга П...й, милиция кызматкерлери вообще карабайт үй бүлө экенсиңер деп. Качан өлүп калганда гана бир аз кыймылдаган киши болуп көрүнөт
0
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан