ОЧОККО БЫШКАН НАН, СҮТ ЖЫТТАНГАН КЫЗЫЛ-БЕЙИТ АЙЫЛЫ

Союз кезинде Кызыл-Бейит айылы менен сырт дүйнөнү автожол бириктирип турган. Күрп-Сай ГЭСи курулганда ал жолдун жарымы суунун алдында калган. Башка район, шаарларга баруу үчүн Нарын дарыясынан кайык, паром менен сүзүп өтүү керек. Чакан айыл тууралуу айыл башчысы Күлчоро Романов кеп салып берди.

Кызыл-Бейит – Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн курамындагы айыл.

Кожолуктун саны – 64

Калкынын саны – 342 (2021-жыл)

Айылдын жалпы аянты – 93 гектар

Айыл 4 көчөдөн турат: Чат, Кызыл-Таш, Кур-Кокту, Кара-Багыш

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗЫЛ-БЕЙИТ?

– Уламыш боюнча илгери Манас ата кыргыздарга кол салган калмактарды жоокерлери менен кубалап, ушул айылдын ордунда чоң салгылаш болгон экен. Ошондо кан суудай агып, көптөгөн адам каза болуптур. “Кызыл” деген сөз канды туюндурса, “бейит” деген кадимки мүрзө. Ошондо кандуу бейит деп чечмеленет.

АЙЫЛГА ӨТҮҮ ҮЧҮН ПАРОМ КОЛДОНУЛАТ

– Жазылыгы 700 метр келген Нарын дарыясын паром менен 10 мүнөттө сүзүп өтүүгө болот. Паром менен мал, чөп да ташылат. Паромчу болуп Сонунбек Кадыров иштейт, айлыгы – 4000 сом, аны айыл өкмөтү төлөп берет. Паром акысына бир жагына – 100 сом төлөнөт. Бул акча бензинге кетет. Кайык менен дарыядан өтөм деп буга чейин баш-аягы 28 адам чөгүп кеткен.

Дарыядан өткөндөн кийин айылга 8 чакырымдык жол. Ат, эшек менен токой аралап, суу кечип жүрүп отуруп 1 сааттай убакытта жетесиң.

АЙЫЛДЫ ЖАҢГАК ТОКОЮ КУРЧАП ТУРАТ

– Айылда электр жарыгы, бала бакча, мектеп, медициналык пункт, дүкөн жок. Азык-түлүктү Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарынан алып келишет. Союз кезиндеги эски чакан мектеп азыр мечит. Айылда иш жок болгондуктан элдин көбү шаарларга кетип калышкан. Андыктан ээн үйлөр бар. Үйлөрдүн көбү эски. Сентябрдан тартып айылдан окуучу балдарды көрбөйсүң.

Алар Кара-Көл, Таш-Көмүрдөгү же башка айылдагы туугандарыныкында жүрүп окушат. Балдарынын окуусуна карап аталган шаарларга убактылуу жашаганга барып, жайкы каникулда балдары менен кайра айылга келгендер бар. Айылда бир медайым иштейт, элдин ден соолугуна ошол кам көрөт. Өкмөт убагында айылдыктарга башка жакка көчүп кетүүнү сунуштаган. Бирок эл макул болгон эмес. Айдоо жер аз. Эл жүгөрү, жашылча айдап, мал багат. Тыбытын тарап сатканга тыбыттуу эчки баккандар көп. Бир ургаачы эчки бир күндө 1 литрге жакын сүт берет. Сүтүн ичишет, айран уютуп, сүзмө, сары май кылышат. Негизги кирешени эл мал сатуудан табат. Айылда 1 трактор, 1 жүк машина бар. Айылды жаңгак токою курчап турат. Анын ичинде жапайы жүзүм, алма, өрүк, жийде, долоно, бөрү карагат, бүлдүркөн жана башкалар бар. Аларды жегенге, кыямга колдонушат. Күзүндө эл жаңгак теримге чыгат. Кышында көмүр жагышпайт, отун менен чыгышат. Көмүрдү алып келүү кыйын.

Айыл Күрп-Сай ГЭСинен 10 чакырымдай аралыкта турганы менен, электр жарыгы келе элек. 50 күн панели менен өкмөт камсыз кылган. Күн панелдери жетпей калган үйлөр чырак, шам менен отурушат. 1 күн панелинин күчү 1 чакан муздаткыч, 1 телевизор, 6 лампочканы иштетүүгө жетет. Эл айдаган жүгөрүсүн суу тегирменге тарттырып, талканынан жарма жасашат.

Айылдын үстүртөн көрүнүшү.

Айылга баруу үчүн паром менен Нарын дарыясынан өтүү керек. Атты паромго байлап койсо сүзүп өтөт.

Суу тегирмени, буга жүгөрү тарттырып талкан даярдашат.

Дарыядан айылга чейин ат-эшектер менен жетүү керек.

Эчкинин сүтү – тамак, тыбыты – акча.

Үйлөрдү күн панелдери жарык кылат.

Айылда эски үйлөр көп.

Чөп жыйноо маалы.

Ноорузду белгилөө.

Күнүмдүк тиричилик. Сүт тартып, нан, тамак бышыруу.

Мал – жашоочулардын негизги киреше булагы.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Paprikafm
2021-05-10 13:07:06
Бизде ушундай да айыл барбы, биринчи угушум
0
Asel-91
2021-05-11 10:41:08
Жашоо шарты кыйын экен, бирок табияттын кооздугу, адамдардын жөнөкөйлүгү, тазалыгы сезилип турат экен.
0
Nursul
2021-05-11 12:32:49
Жаратылышы сонун жер экени көрүнүп турат буйруса жолдор салынып электр энергиясы барып калар сиздер жака да.
0
Egizderim-baktim
2021-05-11 20:55:41
Ушул айылга баргым келет да жашоосу жагат тынч таза аба.
0
amirrus
2021-05-12 21:04:22
Свет тартууга жакын эле экен тартып алышса болмок,же шарты бар жака кочуш керек..
0
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан