70 жаштагы эне: “ҮЙҮМ ӨРТТӨНҮП КЕТИП, ЭКИ МАЙЫП МЕНЕН БОЗ ҮЙДӨ КАЛДЫМ”

Кырсыктын адамга качан, кайдан келери белгисиз. 2021-жылдын 25-январында үйү өрттөнүп кетип, колундагы майып иниси жана уулу менен боз үйдө күн кечирген каарманыбыз Замиркүл Омуралиева жардамга муктаж экендигин айтып, тагдырын баяндап берди.

“КҮЙӨӨМ БАҢГИ БОЛУП КЕТТИ”

– Мен 1952-жылы Кант шаарында төрөлгөм. 7-класска чейин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп, андан соң Бишкектеги №5 орто мектептен билим алдым. 19 жашымда чүйлүк жигитке турмушка чыктым. 1973-жылы бир балалуу болдук. Бирок жолдошум ээнбаштыгынын айынан 2-3 ирет түрмөгө түшүп чыкты. Аягында баңги болуп кетти. Анын азабын тартып жүрүп, 45 жашымда ажыраштым. Андан соң башка адамга турмушка чыктым. Ал менин колумду сурап, той өткөрүп, фамилиямды өзүнүн фамилиясына өткөртүп салды. Үч ай жакшы эле жашадык. Ал спирт ичимдигин сүйгөн адам экен, тойдон кийин көнгөн ичкилигине кайра кирип кетти. Үйдө күйөөм, мен, балам болуп өп-чап жашоодо жашап жүрдүк. Бул күйөөм менен он жыл жашасам ошончо жыл ичкилиги менен алыштым. Акыры чыдай албай калганда ажыраштым.

“КЕЛИНДЕН ЖОЛУМ БОЛБОДУ”

– Өз оокатымды өзүм кылып, тытынып иштеп баламды чоңойттум. Орто жолдо Орусияга барып иштеп келдим. Жууркан-төшөк көктөп, кийим токуп сата коюп акча таап жүрдүм. Уулум бир эмес, эки жолу үйлөндү. Биринчи келинимдин жүрүш-турушу начар болгондуктан ажырашып кетишкен. Андан бир кыз неберем бар. Ал энеси менен жашачу, чоңоюп турмушка чыкты. Экинчи келинимдин ден соолугу начар болчу. Көрсө, ага турмушка чыгууга жана бала төрөөгө болбойт экен. Эптеп дары-дармегин ичип, өз жанын эле карай турган жан экен. Уулум экөөнүн биринчи баласы төрөлөрү менен чарчап калды. Экинчи жолкусунда кыз төрөдү. Бирок келинимдин жүрөк оорусу кармап, 21 жашында каза болду. Неберемди кудаларым бербей койгондуктан тайларынын колунда чоңойду. Аны элден кем кылбайын деп кийим-кечек менен камсыз кылып турдум. Бирок эс тартканда анын башын айлантып коюшту окшойт, бизди чанып, тескери карап калды. Кыскасы, келинден жолум болбоду.

“БАЛАМДЫН ЖАМБАШ СӨӨГҮ ЧИРИП БАРА ЖАТАТ”

– Уулум 8 жылдан бери төшөктө жатат. Ал 2013-жылы Москвага барып 3 жыл иштеп, бутун оорутуп келди. Көрсө, жамбаш сөөгүнө доо кетип, ал сууктан, кальций жетишпегендиктен, жакшы тамактанбагандыктан чирий баштаган экен. Мен суук тийген экен деп жүрө бериптирмин. Баламды 2014-жылы дарыгерлерге текшертсек, остеопороз деген диагноз коюшту. 2015-жылы 3-топтогу майыптыкка чыкты. Жакшы баса албагандыктан 2018-жылы кайрадан текшерүүдөн өткөрүп 2-топтогу майып кылып өзгөрттүм. Жамбаш сөөгү чиригенден-чирип бара жатат. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна бекер операцияга кезекке турганбыз. Убагы келгенде барсак, балам коркуп “кальций ичип эле айыгып кетем” деп операция жасатпай койду. Эми кальций эмес, андан башкасын ичсек да жардам бербей жатат. Айла жок бекер операцияга кайра баштан кезекке турдук.

“МАЙЫП БАЛАМДЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ САБАП КЕМ АКЫЛ КЫЛЫП КОЮШТУ”

– 2015-жылы мен Ысык-Ата курортунда майда-чүйдө сатып иштеп, ошол жерде жашап жаткам. Биздин көчөдөгү дүкөнгө балдар аракка ууруга киришиптир. Балам ошол күнү арак ичип алган болот. Эки аймактык тескөөчү баламды уурдады го деп шекшип, араң басып жүргөн уулумду салып кетип, катуу сабашкан экен. Андан соң сүйрөп келип үйгө жаткырып, эшиктин кулпусун чаптырып кетип калышыптыр. Балам эс-учун жоготуп үйдө 3 күн жатыптыр. Аны кошуна-колоң байкап калып, Кант шаарындагы ооруканага алып барып жаткырып, андан соң мага кабар беришти. Балам 3 ай дегенде жакшы болду. Бирок башына доо кеткен, жакшы сүйлөй албайт. Акыл-эси жайында эмес. Бул окуя мага өлгөндүн үстүнө көмгөн болду. Бутун айыктыра албай жатсам, акылы кем болуп калды. Эки милиция кызматкеринин үстүнөн Кант ШИИБине арыз жазгам. Иш 6 жылдан бери бүтпөй келе жатат. Жакында президентке кат жөнөткөм, каттын арты менен ишти кайра Чүй ОИИББи карап жатат.

“ҮЙҮБҮЗ ӨРТТӨНҮП КЕТТИ”

– Азыркы биз жашап жаткан үй-жай ата-энемден калган. Колумда кичүү иним бар. Ал тубаса талма оорусу менен төрөлгөн. Кулагы укпайт, тойгонун билбейт, акыл-эси кем. Апам былтыр 96 жашында каза болду. 2021-жылдын 25-январында үйүбүз өрттөндү. Ошол күнү конокко кеткем. Мага телефон чалышып, “үйүңүз өрттөнүп жатат” деп кабар беришти. Көрсө, уулум үйдөн тамеки күйгүзүп, ширеңкесин жерге таштап сыртка чыгып кетиптир. Ширеңкеден жерде жаткан гезиттер күйүп, ошодон өрт тутанган экен. Келсем үй жалындап күйүп, кошуна-колоңдор суу чачып өчүрүп жатышыптыр, күйүп кетти. Өрт өчүрүү кызматы кеч келип калды. Үйдү камсыздандырган эмес элек.

“ЧОҢДОРДОН 13 000 СОМ ЖАРДАМ БОЛДУ”

– Үйдүн чала күйгөн бир бөлмөсүндө уулум экөөбүз бир жума жашадык. Инимди күн жылыганча карап бергиле деп сиңдиме жөнөттүм. Бир жумадан кийин айылдык кеңештин өкүлүнө барып жардам сурадым. Келип боз үй тигип, свет коюп беришти. Кышында –18 градус суукта жылыткыч менен боз үйдө жашадык. Арадан эки жума өткөн соң жардамга 10 000 сом берди. Акимге жардам сурап барсам 3000 сом берди. Президентке жана Чүйдүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө жазсам, "10 000 сом жардам алыпсың" деп кат келди. 10 000 сом акча тамак-ашыбыздан, дарыбыздан артпай калды. Биздин айылдын эли учурда тамак-аштан жардам берип жатышат. Буга чейин 500 сомдук телефон көтөрчүмүн, жакында эле кредитке телефон менен муздаткыч алдым.

“ҮЙДҮ ТУРГУЗБАСАК БЫЙЫЛ ДА БОЗ ҮЙДӨ КАЛАБЫЗ”

– Үйүбүздүн дубалдары ажырап, таптакыр жарактан чыкты. Жок дегенде 2 бөлмөсүн куруп, кышка калбай үйгө киришибиз керек. Антпесе быйыл дагы кышты боз үйдө өткөрчүдөйбүз. Мен 3500, иним 3200, уулум 1500 сом пенсия алабыз. Пенсиябыз тамак-аш, дары-дармегибизге гана жетүүдө. Кайрымдуу элден үйүмдү тургузуп алууга жардам сурайм.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 1351 1213 0291

Телефон: 0502 13 05 52

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kkkk3259780
2021-05-14 08:02:18
срочно динге кайтышыныз керек эже.
0
anelya_kaparova
2021-05-17 08:52:10
телефонду кредитке алып эмне кылам?
элдин барын куноолуу кылган аял экен
0
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан