«НЕФТИЧИЛЕРДИН» РЕВОЛЮЦИЯСЫ

Кочкор-Атадан нефть гана эмес, чемпион да чыгат

24-октябрда футбол боюнча КРнын кезектеги 19-чемпиондугу аяктады. Болгондо да сенсация менен! Кочкор-Аталык “Нефтичи” 6 жылдан бери үстөмдүгүн орнотуп алган “Дордойду” токтотту. Ооба, сиз жаңылышкан жоксуз. Айтылуу “Дордой” быйыл чемпион эмес. Кочкор-Атанын футболчулары кыялдарын ишке ашырып, тарыхта калышты.

“ДОРДОЙ” БИР ДА ЖОЛУ ЖЕҢЕ АЛБАЙ...
КРнын 19-чемпиондугун акыркы 20-тур беттештери аныктап берди. 6 жылдан бери чемпиондукту эч кимге бербей келаткан “дордойчулар” кайрадан чемпион болуу үчүн Бишкекте “Абдыш-Атаны” жеңип, ал эми Кочкор-Атада “Нефтичи”–“Шер” оюнунда жергиликтүү команда упай жоготуусу керек болчу. “Дордой” канттык атаандаштарын жеңерин жеңди, бирок кочкор-аталыктар тарыхый мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан жок.
“Нефтичи” “Шерди” 4:0 эсебинде жеңип, “Дордойдон” 1 упайга озуп кетти жана бул оюн иш жүзүндө алтын оюнга айланды. Анткени “Нефтичи” өз тарыхында биринчи жолу (буга чейинки эң чоң жетишкендиги 2008-жылы 4-орунду ээлегендиги болгон) алтын медалдарга татыды. Алардын акыркы оюндардагы урааны – “Максатыбыз – жеңиш! Алдыда Москва, артта Кочкор-Ата!” болду. Себеби КРнын чемпиону январда Москвада өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондорунун кубогуна жолдомо алары белгилүү.
Жыл сайын соңку турда 1-орунду талашып келген дөөлөр “Дордой” менен “Абдыш-Ата” быйыл да акыркы турда кезигишип, күмүш медаль үчүн күрөшүштү. Бул бир чети шылдың десек болчудай. Айта кетчү нерсе, өлкөбүздүн көп жолку чемпиону “Дордойду” “Нефтичинин” токтотушу да бекеринен эмес. Экөө беттешкен 4 оюнда “дордойчулар” “нефтичилерди” жеңүүнүн айласын таба алышкан жок. 2 жолу тең чыгуу катталса, 2 оюнда “дордойчулар” атаандаштарына баш ийип беришти. Андыктан “Нефтичинин” жеңишинин сыры эмнеде?” деген суроо туулбай койбойт.

ЧЕБЕРЧИЛИКТИН ЭМЕС, ТАРТИПТИН ТРИУМФУ
“Нефтичинин” ийгилигинин сырын билүү үчүн, албетте, команданын курамына көз жүгүртүү абзел. Алардын башкы көзүрлөрү буга чейин КРнын чемпиондугун жеңип, өзүндө чемпиондук духту алып жүргөн дарбазачы Закир Жалилов менен жарым коргоочу Евгений Пилипас болушту. Аталган футболчулар командалаштарына зор дем-күч берип, алга жетелешсе, чабуулчу Талай Жуматаевдин гол киргизүү жөндөмдүүлүгү да командага чоң пайда алып келди.
Анан, албетте, орусиялык, украиналык жана өзбекстандык легионерлердин умтулуусу да четте калган жок. Мындан тышкары командага ийгилик алып келген дагы бир жагдай бар. Ал – бекем тартип. Сезондун жүрүшүндө командадан тартипти сактабагандыгы үчүн бир топ футболчулар айдалышкан. Алсак, “Дордой” менен “Абдыш-Ата” тажрыйбалуу жана чебер команда болсо, “Нефтичи” ошол темирдей тартипти так сактаган жагынан алардан ашып түштү көрүнөт. Бир сөз менен бул сезондо тартип чеберчиликти жеңди.

МЕДЕР СЫДЫКОВ “НЕФТИЧИНИН” КУТКАРУУЧУСУБУ?
Ар бир ийгиликтин артында көмүскөдө калган каармандар болот. Ошондой адамдардын катарына команданын курамын, жалпы эле саясатын аныктаган Медер Сыдыковду кошсок болот. КРнын жаңы чемпиону “Нефтичинин” сезон башында мелдешке катышпай калуу коркунучу алдында калганын баары биле беришпесе керек.
Апрель окуяларынан кийин чемпиондукка катышуудан баш тарткан Оштун “Алай” жана Кара-Суунун “Жаштык-Ак-Алтын” командаларынын катарында “Нефтичи” да бар болчу. Мына ошондо команданын менеджери, Кочкор-Атанын футбол мектебинин тарбиялануучусу, команданын экс-капитаны Медер Сыдыков “Нефтичинин” башкы демөөрчүсү «Кыргызнефтегаз» ААКсынын жаңы жетекчилигине команданы сактап калуу зарылдыгын айтып чыгат. Аларды көндүрүү үчүн көп күч жумшайт. Ошондуктан болсо керек, “Нефтичинин” футболчулары “Шер” менен болгон оюндан кийин Медер мырзаны ортого алышып, көккө ыргытууга шашышты. Ошондо “Нефтичи” жоюлуп кеткенде түштүк зонадан бир да команда болбой, эл аралык мелдештерде КРнын түндүк аймагын гана камтыган биринчиликтин чемпионун тоготушат беле же жокпу, ким билет...

ТҮШТҮКТӨН ЧЫККАН 3-ЧЕМПИОН ЖЕ 7 САНЫНЫН СЫЙКЫРЫ
Кызыгы, КРнын чемпиондугунда 7 жыл сайын түштүк аймактын өкүлү болгон команда жеңишке жетүүдө. Бул нерсе быйыл 3-ирет кайталанып отурат. Алсак, 1996-жылы Кадамжайдын “Металлург” командасы чемпион болсо, 2003-жылы кара-суулук “Жаштык-Ак-Алтын” алардын ийгилигин кайталаган. Ал эми быйыл кочкор-аталык “Нефтичи” КРнын футболдук чокусун багынтты. Эгер ушул табышмактуу көрүнүш кайталанып отурса, түштүктөн кезектеги чемпион 2017-жылы чыгат.
Анан дагы теманы улай айта кетчү нерсе, “Дордойдун” катары менен 7 жолу чемпион болуу аракети таш капса, бул сезондо “Нефтичинин” 7 оюну тең чыгуу менен аяктады.

КУРУЛУШЧУДАН БОМБАРДИРГЕ
Мелдештин башкы бомбардири Талай Жуматаев футболдук карьерасын Жалал-Абаддын «Динамо-ИИБ» командасында баштап, ортодо мини-футболдо да күчүн сынап көргөн. 2004-жылы кайрадан чоң футболго кайтып, алгач “Шер”, кийинчерээк “Камбар-Ата” командаларында ойноп калат. “Нефтичиге” дал ошол Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда иштеп, анын командасында ойноп жүргөн кезинде чакырышкан. Кочкор-Атага келгенде машыктыруучулар Талайга чоң үмүт артышкан эмес. Баарын убакыт өзү тастыктап койгондой, Талай ишеничти толугу менен актап, чемпиондук наамга кошо КРнын 19-биринчилигинин бомбардири да аталды. Учурда ал КРнын олимпиадалык курама командасына чакыруу алып, “Гуанчжоу-2010го” кызуу даярдык көрүп жаткан кези.
“Сезондун башында эле бомбардир болууну кааладың беле? Маанилүү деп кайсы голуңду эсептейсиң?” деген сурообузга ал төмөнкүдөй жооп узатты: “Ооба, мен башынан эле бомбардир болууну максат кылгам. Ал үчүн бүт күч-аракетимди жумшадым. Ал эми маанилүү деп Кочкор-Атада “Дордойдун” дарбазасына киргизген жеңиш голумду айтам”.

ТАЛАЙ ЖУМАТАЕВ
Туулган жылы – 1983-жыл, 19-март
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары
Бою – 180 см, салмагы – 77 кг
Жактырган командасы – “Барселона” (Испания)
Жактырган чабуулчусу – Златан Ибрагимович (Швеция)
Билими – Курулуш багыты боюнча Кара-Көл Политехникалык окуу жайын бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү. 1 кыз жана 1 уулдун атасы.
Учурда Кара-Көлдө жашайт.

«ИЙГИЛИГИБИЗДИН СЫРЫ ЖӨНӨКӨЙ...»

“Нефтичинин” ийгилигинин сыры эмнеде? Команданын орусиялык башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бул тууралуу ой бөлүштү.

– Александр Сергеевич, айтсаңыз, атаандаштары­ңыздан кимиси биринчи болуп куттуктады?
– “Абдыш-Атадан” куттукташты. Команданын спорттук директору Александр Калашников өзү чалды.
– “Дордойдончу”?
– А “Дордойдон” жеке мага эч ким чалган жок.
– Сезондун жүрүшүндө башкы атаандашыңар ким болду?
– Биринчи кезекте башкы атаандашыбыз өзүбүз болдук. Биз өз оюнубузду таап, майданда мыкты аракеттенгенибизде бизге жеңилгис атаандаш болгон жок.
– Ийгилигиңиздердин сыры эмнеде?
– Ийгилигибиздин формуласы жөпжөнөкөй. Аны бизге чейин мурда эле ойлоп таап коюшкан. Велосипедди кайра ойлоп таба албайсың дегендей. Ал – өжөрлүк менен машыгуу, темирдей тартип жана бир аз ийгиликтин жылмаюусу.
– Эң оор деп кайсы беттешти айтасыз?
– Эң оор эмес, бурулуш оюну десем туура болот го. Буга талашсыз түрдө 10-сентябрда Бишкекте өткөн “Дордой” менен тирешүүбүздү мисал кыла алам. Ошол оюндан 10 күн мурда КРнын Кубогунун финалында “Дордойго” ири 3:0 эсебинде жеңилген элек. Аларды 2:1 эсебинде жеңип, чемпиондук күрөшкө катуу кириштик. Мындайча айтканда, ошол беттеште кулап калган жерибизден туруп кеттик.
– “Дордойдун” башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков “Нефтичинин” чемпион болушуна кокустук деген таризде баа берди. Мындай пикирге эмне дей аласыз?
– Чынында, “Дордой” өзүнүн инфраструктурасы, мүмкүнчүлүгү жана эл аралык тажрыйбасы менен чемпион боло албады. Бул алардын быйылкы сезондо начар ойногондугунан кабар берет. Жана мында оюнчулардын күнөөсү азыраак. Кантип эле эл аралык мелдештерде ойноп жүргөн, КРнын чемпиондугун бир нече жолу уткан оюнчулар бир сезондо футбол ойноону унутуп калышсын?..

“НЕФТИЧИ”
Негизделген жылы – 2003
Ээси – «Кыргызнефтегаз» ААКсы
Президенти – Каныбек Масиров
Менеджери – Медер Сыдыков
Машыктыруучусу – Александр Крестинин (Орусия)
Капитаны – Евгений Пилипас
Жетишкендиктери – КРнын кубогунун күмүш медалынын ээси (2010), Кыргызстандын чемпиону (2010). «Нефтичи» – Кыргызстандын 2010-жылкы чемпиону!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
pyeon hwa
2010-10-30 21:07:14
Azamatsynar!!
birok Dordoi silerden alda kancha kychtyy komanda.. oshentse da kokystyk menen chempion boldunar!!kyttyktaim!
0
TEADOR
2010-10-31 02:30:21
RESPECT!!!!!!!!!! молодцы "Кочкор-Ата" так держать , надеюсь вы порвете москвичей, ведь вы сделали большой шаг вперед 3D! а дордой в течении столько времени играл за KG и никаких результатов не показали:((( так что УДАЧИ!!!
0
SabaFromKG
2010-11-02 11:16:58
Если Дордой сильнее Нефтчи, тогда почему он не смог ни разу за весь чемпионат не смог выиграть у него. 2 ничьи и 2 поражения. Так что Нефтчи-чемпион Forever. А случайностью можно назвать поражение в финале Кубка от того же Дордоя.
0
Kagan
2010-11-03 21:06:03
Алга!!!!!!!!!!!!!
0
UvE
2010-11-04 12:12:44
Дордой Долдой да! Молодцы, Нефтчи вперед!
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан