БАТКЕН АПААТЫНДА ЖАБЫРКАГАН ЭЛДИН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Баткенге Тажик аскерлери куралдуу кол салган окуянын табы кайта элек. Кандуу апаатта жакындарынан, үй-жайынан ажыраган жергиликтүү тургундардын абалы түшүнүктүү. Көз жаштар агып, оор үшкүрүктөр дале угулат. Бул макалада кандуу окуядан кийинки Баткендин абалына, анда жашаган баатыр элдин тиричилигине, үмүт-тилектерине орун бердик.

“ДАҢ ДЕГЕН ҮН ЧЫГЫП, ҮЙҮБҮЗ ЖАРЫЛЫП КЕТТИ”

Халила Турдубаева, 59 жашта. Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Сада айылынын тургуну. Куралдуу кол салууда үйү жарылып, учурда сыртта күн кечирип жатышканын айтат:

– Үйдө жолдошум экөөбүз жашап жатканбыз. Неберелеримди жакында эле эне-атасына жөнөткөн элем. Ошол күнү бирөө ооз ачуу тамагына чакырып, ошол жакка бара жатканбыз. Максат айылына жетип калганда унаабызга ок атылды. Унааны айдаган бойдон Маргун жакка качып жөнөдүк. Кулунду айылынын үстүндө короолор бар, ошол жакка бардык. Айылдын эли ошол жерде корголоп турушуптур. Үйдө Орусияда иштеп жаткан кызымдын акчасы бар эле, аны ойлоп өзүмдү мажбурлап үйгө кайтып бардым. Жарыкты күйгүзбөй эле үйгө жатып алдым. Балдар “үйдөн чыгып кетиңиз, эч нерсенин кереги жок” деп телефон чалып жатышты. Карыган кемпирди эмне кылмак эле деп үйдө жүрө бердим. Бир убакта аскердик кийимчен 5-6 киши келип короодогу малыбызды жетелеп чыга баштады. 2 уй музоосу менен, кой, сатабыз деп 120 миң сомго соодалашып койгон букаларыбыз бар эле. Ал букаларды жетелей албай коюшту, ошондо атып өлтүрүп, Портерге жүктөп кетишти. Жашырынып, үйдүн ичинде ичим ачышып карап турдум. Саарлыкта ооз бекитип алып сыртка чыгарым менен үйгө бир нерсе келип катуу тийди. "Даң" деген үн чыгып, үйүбүз жарылып кетти. Мен үйдөн алысыраакка ыргып кетипмин. Бир убакта азан айтылып, ошол маалда тажиктер айылды аткылап башташты. Үйдүн артында өскөн гүл бар, мен ошого жашынып качканга аракет кылдым. Колум иштебей, кулагым чуулдап жатты. Андан аркысын билбейм, ооруканага алып кетишиптир.

Сада айылында Кыргызстанга караштуу 15 чакты үй бар. Алардын тогузу күйүп кетти. Жыйган-тергендерибиздин баары күйүп күл болду. Азыр айрымдар бул жактан кетип калышты. Биз эшиктин алдындагы бастырмада баш калкалап жатабыз. Күн суук учур болсо эмне кылат элек? Чатыр берет дешти эле, берилген жок. Кудайга шүгүр, жардам деп азык-түлүк, кийим-кече келип жатат. Орозо бүтсө үй куруп башташат дешти. Болору болду, бул дагы Кудайдын сыноосудур.

“АЗЫРКЫ УЧУРДА АБАЛ ТЫНЧ. КУРУЛУШ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ”

Баткен районуна караштуу Көк-Терек айылында жашаган Улукбек Кенжеев азыркы абал тууралуу буларды билдирди:

– Окуя болгон күнү үйдө болчубуз. “Тезинен чыккыла!” деп ызы-чуу түшө баштаганда биз үй-жайды таштап Орто-Боз айылына жөнөдүк. Каргашалуу окуяда атамдан калган үйдү өрттөп салышты. Үйдө балдар, уул-келин болуп жалпы 10 киши жашачубуз. Азыр “Кызыл жарым ай” коому тигип берген чатырда баш калкалап жатабыз. Учурда абал тынч. Үйлөрдүн курулуш иштери башталды. Мамлекет бардыгын өз моюнуна алды. Президент Садыр Жапаров келип “2 айдын ичинде тургузуп беребиз” деп сөз берди. Андан тышкары Камчыбек Ташиев, губернатор, район акими келип кабар алышты. Дарыгерлер келип ден соолугубузду текшерүүдө. Бир жыл акысыз дарыланууга жана балдарыбызга Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилди. Элибиз, мамлекетибиз тынымсыз жардам көрсөтүп жатышат, ыраазыбыз.

“ЧЕК АРАНЫ ЗЫМ МЕНЕН ТОСУП БЕРСЕ БОЛДУ ЭЛЕ”

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылынын тургуну Тойлугүл Гайназарова “кооптонуу менен жашап келе жатканыбызга 30 жылдан ашты” дейт:

– Үйдө 6 киши жашайбыз. Ок атыла баштаганда үйдүн арты менен качып жөнөдүк. Балам артта калган эле. Үйдөн чыгып келе жатканда атышыптыр. Ок башына тийиптир, Бишкекке алып барып операция жасалды. Буюрса, кечээтен бери баса баштаптыр, жанына келинимди жибердим. Биз качып жүрүп үйгө кайтып келгенибизге эки күн болду. Үйдү да аткылашыптыр.

Мындай чырдын болуп келе жатканына 30 жылдан ашты. Жылда бир тополоң кылат булар. Качып эле жүрөбүз. Бизден “Төрткүл” суу сактагычын, Головнойду талашып келе жатышат. Четинен элди жок кылып, жерлерди алууну көздөп турушат. Эл тырышып, сактап турат жерлерди. Жаңжал жылдан жылга күчөп жатат. Башында жөн гана таш менен урушчу, акыркы жылдары ок атканга өтүштү. Кайсы күнү эмне болуп кетет деп коркуп жашайбыз.

2019-жылы февралда улуу баламды көчөдө кетип бара жаткан жеринен көптөп сабап салышкан. Башынан жаракат алып, ооруканага жатып чыкты. Эми минтип кичүү баламды атып кетишти. Садыр Жапаров бизге чек араны чечип, зым менен тосуп берсе болду эле. Эки жактан жардам келип жатат. Биздин көңүлүбүздү сураган жалпы эл-журтка, тууган-урукка рахмат айтам.

“ЧЫР ЫРБАП БАШТАГАНДА БИР КҮН ЖЕР ТӨЛӨДӨ ЖАТТЫК”

Лейлек районунун Арка айылынын тургуну, жалгыз бой эне Максуда Кахарова:

– Биздин үйдө 9 киши жашачубуз. Үйүбүз дүкөнгө жакын болчу, дүкөндөрдү өрттөшкөндө биздин үй да күйүп кетиптир. Өзүм жалгыз бой эне болгондуктан апамдын үйүндө турчумун. Чыр ырбап баштаганда бир күн жер төлөдө жаттык. Эртеси бизди машина менен Маргунга алып кетишти. Үйүбүз, документтерибиз, оокат-кечебиздин баары күйүп кетти. Эч нерсебиз калган жок. Уулум Москвада иштейт. Мен ооруканада апамды карап жатам. Кызым, иним үй-бүлөсү менен учурда туугандардын үйүндө жашап жатат. Азыркы учурда курулуш иштери баштала элек. Бийликтен келгендер үй тургузуп беребиз дешти. Эки-үч күндө жерди түздөп, иш башталарын айтышты. Окуя болгондон бери ар кайсы облустардан келип абалыбызды сурап, тамак-аш, акчалай жардам көрсөтүп кетип жатышат.

“ҮЙСҮЗ КАЛГАНДАР БОЗ ҮЙ, ЧАТЫРЛАРДА ЖАШАП ЖАТАБЫЗ”

Лейлек районундагы Максат айылындагы өрттөнгөн балдар бакчасынын башчысы Гүлмира Халилова 37 жашта. Ал 3 баласы менен боз үйдө жашап жатканын айтат:

– 2015-жылдан бери иштеп келген, бардык шарты бар 80 орундуу бала бакча толук күйүп кетти, эч нерсеси калган жок. Окуя башталган күнү иштеп жатканбыз. Биринчи мектепке кабар келди. Анан биз балдардын ата-энелерин чакыртып, “балдарды алып кеткиле” дедик. Андан кийин айыл өкмөт “чыккыла тезинен!” деди. Биз документтерибизди алып Маргун айылына кеттик. Айылда үй, мекемелерди кошкондо жалпы 94 турак жай жарактан чыкты. Өзүбүздүн үйүбүз да толугу менен күйүп кетти. Бизге келтирилген чыгымды 3 миллион сомго баалашты. Үйсүз калгандар боз үй, чатырларда жашап жатабыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sunai87
2021-05-19 11:46:16
ушунча азапка салган тажиктерге неге чондорубуз Ворух анклабына жол биргелешип салууга макул болуп жатат. тажиктер жол салынган сон Лейлек менен сулуктуну жон эле анклабка айлантып алат алданбагылачыыыы азыр макул макул деп кийин билгенин жасайт алар. ээ Алла озун ошолорго ыйман. ынсап акыл бере кор
+2
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан