Үч баланы жалгыз тарбиялаган ата: “ҮЧ БАЛАМДЫН ЭКӨӨСҮ АУТИСТ, АЯЛЫМ БИЗДИ ТАШТАП КЕТТИ”

Бул сандагы каарманыбыз Мирлан Базаркулов турмуш арабасын жалгыз тартып, 3 баланы тарбиялап келет. Эки баласы майып болуп төрөлгөндүктөн жубайы аларды таштап кеткен. Каарманыбыз өз тагдыры тууралуу кеп куруп берди.

СЫНООГО СЫНБАЙ 3 БАЛАНЫ БАККАН АТА

– 1978-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Чүйдүн кулунумун. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Жалгыз карындашым бар. Кесибим боюнча экономистмин. 27 жашымда өзүмдөн 4 жаш кичүү кызга үйлөнгөм. Жубайым экөөбүз бир жылдан соң Эмир аттуу уулдуу болдук. Башында уулубуз кадыресе балдар сыяктуу жакшы чоңоюп келе жаткан. 3-4 жашка чыккандан кийин түшүнүксүз аракеттеринен улам бир жери ооруйт окшойт деп кооптоно баштадык. Бир нерсени көпкө тиктеп, өзү менен өзү болуп калды. Дарыгерлердин эшигин тынымсыз каккылаганыбыз менен уулумдун аутист экенин дароо аныктай алышкан жок. Алгач акыл-эси артта калган, өспөй калган дешти. Арадан 6 ай өткөндөн кийин гана аутист деп диагноз коюшту, аны укканда эмне кылышты билбей отуруп калдык. Аялым экөөбүздүн тең тукумубузда бул илдет менен ооругандар жок. Дарыгерлерден сурасак, аялың кош бойлуу кезде гормондорунун тең салмактуулугу бузулган, же жатынына инфекция кирген деп түшүндүрүштү.

“ЖУБАЙЫМ КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КӨТӨРӨ АЛГАН ЖОК”

– Экинчи уулубуз алты саны аман, акыл-эси жайында төрөлдү. Ага Айдемир деген ысым ыйгардык. Жубайым экөөбүздө “кийинки балабыз да жакшы эле төрөлөт го” деген үмүт пайда болду. Үчүнчү наристебиз кыз болуп, төбөбүз көккө жете сүйүндүк. Ага Аминат деген ысым ыйгардык. Бирок ал 2 жаштан ашкандан кийин анын да аутист экенин билдик. Улуу балабыздан кийин анын диагнозун тактатуу кыйынга турган жок. Ошентип 3 балабыздын экөө оорукчан болуп калды. Мындан улам үйдөгү маанай өзгөрүлө баштады. Жубайымдын кесиби да экономист. Мен жакшы жумуштарда иштеп, үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай келе жаткан элем. Кайгынын айынан жубайым катуу стресске кабылып, өзүн таштап жиберди. Үй тиричилигине да көңүлү келбей калды. Балдар каралбай калгандыктан экөөбүз урушкан учурлар чыга баштады. Уруш көбөйүп, аягында ажырашып тындык. Көпчүлүк учурда эркек үй-бүлөсүн таштап чыгып кетет эмеспи, бизде тескерисинче болду. Жубайым мага үч баланы таштап кетип калды. Ошол убакта кичүүсү 4 жашта болчу.

“13 ЖАШАР БАЛАМ КАМЫР ЖУУРУП, НАН ЖАСАЙТ”

– 7 жылдан бери балдарым энесиз чоңоюп келе жатышат. Аялым менен көптөн бери кабарлаша элекмин, балдардан деле кабар албайт. Мага башында кыйын болду. Аргасыздан баарына көндүм, көп нерсени үйрөндүм. Балдарыма палоо, лагман сыяктуу тамактарды жасап берем. Оромо менен мантыны көп жасабайм, убакыт көп кетет, түйшүгү да көп. Ортончу балам 13 жашта. Ал камыр жууруп, нан жасайт. Үйлөрдү жыйнап, жеңил тамактарды жасайт. Кирлерди болсо кир жуучу машинага салабыз. Мурун бардык үй тиричилигин өзүм жасачумун, азыр уулум жардамдашат. Балдарды багуу үчүн мурунку жумушумдан чыгып, таксист болуп иштеп жатам. Анткени кызымдын талмасы бар, анысы кармап калса ортончу уулум ага керектүү жардамды көрсөтө албайт. Уулум чалса үйгө тез жетип барышым керек. Эгер иштеген болсом жумуштан суранып жүрмөкмүн, акыры бир күнү өздөрү деле бошотмок. Эки балам жеке реабилитациялык борборго барышат. Аларды бала бакчага алып баргандай эле эртең менен таштап, кечинде алып кетем. Ал жакка акча төлөйм. Бирок шарттары жакшы. Мен акча табуу үчүн аргасыз таксист болуп иштеп жатканым үчүн 2 баланы кароо, үй түйшүгү экинчи балама оордук келтирип жатат. Бирок жашоо ушундай экен, арга жок.

“КОШУМЧА АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК МЕНЕН АЛЕКТЕНЕМ”

– Балдарды багуу үчүн үйдөн да иштеп, кошумча акча табуу керек болду. Азыркы тапта кир жуучу машиналарды оңдойм. Мындан сырткары кайыштан капчык, сумка жана башка буюмдарды жасайм. Аларды жасоо сырларын интернеттен үйрөндүм. Батирдин бир бөлмөсүн устакана кылып алгам. Тиккен машинам деле бар, бирок колго жасалган буюмдар бааланат. Бир капчык же сумканы 2-7 күндө тигем. Көбүнчө тааныштар буйрутма беришет. Андан сырткары ишканаларга алып барам, алам дегендерге айлыкка деп таштап коём.

“КИЙИМГЕ, ДАРЫ ҮЧҮН КАРАЖАТКА МУКТАЖБЫЗ”

– Кудайга шүгүр, бизге кол сунуп, жардам берген адамдар жок эмес. Таанып-билгендердин арасында азык-түлүк таштап кеткендери бар. Уулум менен кызыма пенсия чыгат. Бирок пенсиялары экөөнүн дары-дармегине да жетпейт. Экөөнө дайыма кымбат дарыларды ичирип туруу керек. Эң арзаны 2000 сомдон ашык. Кээ бири өзүбүздүн дарыканалардан табылат, жокторун тааныштар аркылуу Германиядан алдырам. Андыктан дары-дармек үчүн каражатка муктажбыз. Элден кийим-кечек жагынан да жардам сурайт элем, балдарым чоңоюп кийимдери тар келип жатат. 13 жана 15 жаштагы эркек балама, 10 жаштагы кызыма кышкы, жайкы кийим болсо алмакпыз.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: Элсом 0771 36 70 55, 0550 36 70 55

Жолдубек Качкынбаев

 Кыстарылган видео 
Сыноого сынбай 3 баланы баккан ата
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kkkk3259780
2021-05-25 15:14:43
Прививкадан болду оору 100 пайыз.. сизге куч кубат берсин ага.
-1
cyrus
2021-05-27 23:31:01
Аллахым озун комокчу боло гор.
+1
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан