АТАСЫНЫН БАЙЛЫГЫ КАРЬЕРАСЫНА ТОСКООЛ БОЛГОН ПАК ХЁН ШИК

“Маанайды көтөрө турган жарык адам” дешет аны тааныгандар. Тааныбагандар болсо “атасынын байлыгынын аркасы менен карьерасын баштаган” деген ойду айтышчу. Бул жаңылыш ой экенин далилдөө үчүн актёр, ырчы, модель Пак Хён Шик болгон аракетин жасады. Азыр анын талантын тааныган, баалаган, колдогон күйөрмандар дүйнөнүн ар тарабында бар. Корей маданиятынын таланттуу өкүлүнүн чыгармачылык жолундагы кызыктуу көз ирмемдерге орун бердик.

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы: 1991-жыл, 16-ноябрь

Бою: 183 сантиметр

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, агасы бар

Кесиби: актёр, ырчы, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Мураскерлер”, “Хваран: Башталыш”, “Жогорку коом”, “Күчтүү До Бон Сун” жана башка

МАЖОР...

Пак Хён Шик – мажор. Башкача айтканда, бай адамдардын уулу. Бул сөздү тасмалардан көп уксаңыз керек. Атасы атактуу автоунааларды чыгарган «BMW» компаниясынын Түштүк Кореядагы өкүлчүлүгүндө жогорку кызматты аркалайт. Апасы музыкант, фортепианодон сабак берет. Балалыгында эч нерседен кем болбой, барчылык жашоону башынан кечирди. Мектепте активдүү болуп, маданий иш-чараларга катышып ырдаар эле. Атасы болсо уулунун уруш өнөрлөрүн үйрөнүп, спортко жакын болуусун каалады. Күрөш, сууда сүзүү, фехтование боюнча кайсы бир деңгээлде ийгиликке жеткен жигит баары бир музыкага жакын болуп туруп алды. Балким, буга апасынын таасири күчтүү болгондур. Башында каршы болгон атасы анын ырдаганын угуп, шыгы бар экенин сезгенден кийин чыгармачылыгын колдоого алган.

АЛГАЧКЫ КАДАМ...

Кызыгы, Хён Шиктин карьерасы ырчылыктан эмес, моделдиктен башталган. Ананчы, 183 сантиметр бойлуу, спорттук дене түзүлүшкө ээ, келишимдүү жигитти байкабай коюу мүмкүн эмес эле. Кийим, аксессуарлардын көргөзмөлөрүндө суроо-талапка ээ модель болуп бир нече жыл иштеген жигит 2009-жылы “ZE:A” k-pop тобунун курамында дебют жасаган. Ийгиликтүү кадам шилтеген топ аз убакытта эле популярдуу болуп, Хён Шиктин популярдуу ырчы болуу кыялы орундалат. Топтун жигиттери менен 2010-жылы “Келишимдүү прокурор” тасмасында эпизоддук ролго тартылган Хён Шиктин актёрдук кесипке кызыгуусу ойгонот. Бирок ал ойлогондой жеңил болгон жок...

“ООЗУ КЫЙШЫК БОЛСО ДА, БАЙДЫН УУЛУ СҮЙЛӨСҮН”

“Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген кыргыздагы азыркыга чейин актуалдуулугун жоготпой келген накыл кеп корейлерде мааниге ээ эмеспи, же Хён Шикке эле жардамга келе алган жокпу, айтор, анын актёрдук карьерасына атасынын аброю, байлыгы тоскоол болгон. Эки-үч жыл аралыгында өзү каалаган тасмаларга кастингден өтпөй калып жатты. Айрым режиссёрлор эгер Хён Шикти башкы ролго бекитсе, коомчулуктун “атасынын байлыгынын аркасында башкы ролду алды” деген сындарынан улам тартуучу топ жабыркап, тасманын атына доо кетиши мүмкүн деп чочулап жүрүштү. Бул боюнча актёр өзү “режиссёрлорго талантымды көрсөтө албай жатсам керек. Алар тажрыйбалуу, андыктан кайсы актёр образды мыкты ачып берерин билишет. Мен дагы иштеп, тажрыйба топтошум керек” деп кыйынчылыктарга моюн сунган жок. Кедей үй-бүлөдө чоңоюп, кыйынчылык менен шоу-бизнеске аралашкан кесиптештери да “мажор” жигитке ич күйдүлүк менен карашчу. Андыктан ал бардыгына өз аракети, таланты менен жеткенин далилдеши керек эле. Далилдеди, далилдеп келе жатат. 2013-жылы чыккан “Сириус” сериалындагы ролу менен Хён Шик кино сынчылардын көзүнө таланттуу актёр катары илинип, эпизоддук ролдордон өтүп, башкы каарман катары сунуштарды кабыл ала баштаган.

АРАКЕТКЕ БЕРЕКЕТ

Ырчы катары 2015-жылдан баштап жеке карьерасын түптөп, бир нече альбом чыгарган жигит актёр катары дүйнө жүзүнө “Мураскерлер” сериалындагы ролу менен тааныла алды. Сериалда башкы каармандардын ролунда Ли Мин Хо, Пак Шин Хе, Ким У Бин эле. Ал эми биздин каарман экинчи пландагы актёр болсо да, өзгөчө жүрүм-туруму, юмору менен көзгө көрүнө алган. “Мураскерлерде” байдын баласымын го. Негизи жашоодо деле байдын баласымын да. Андыктан эч кандай кыйынчылык болгон жок, өзүмдүн мүнөзүмө окшош жактар каарманымда көп”,- дейт актёр. Хён Шик баш каарман катары “Хваран: Башталыш”, “Жогорку коом”, “Күчтүү До Бон Сун” сериалдарында ийине жеткире ойноп, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айлана алды. Учурда анын талантын, карьерасын атасы менен байланыштыргандар дээрлик жокко эсе.

Акыркы жаңылыктарга токтолсок, 2019-жылы аскерге кеткен актёр ушул жылдын январь айында кызматын өтөп бүтүп, кайрадан чыгармачылыкка кайтты. Жакында эле анын триллер жанрындагы “Бакыт” аттуу сериалга тартылары белгилүү болду. Буюрса, жаңы эмгегин жылдын экинчи жарымында көрүп калабыз.

ЭКРАНДАН СЫРТКАРЫ...

Хён Шик менен таанышып, сүйлөшүп, иштешип калган адамдардын баары анын кичипейил, ак көңүл, тамашакөй, жөнөкөй сапаттарын баалашат. Айымдардан болсо “жентльмен” деген комплименттерди көп угат. Айымдар демекчи, буга чейин жигиттин расмий түрдө бирөө менен сүйүү мамилесин кургандыгы жөнүндө маалымат жок. Бирок анын жүрөгүнөн орун алгысы келген кыздар көп.

Хён Шиктин достору да кызыктуу адамдар. 2016-жылы “Хваран: Башталыш” дорамасына чогуу тартылгандан кийин актёр Пак Со Жун, “BTS” тобунун ырчысы V менен жакын мамиледе. “V, Пак Со Жун жана Чве У Сик – менин баш калкалоочу жайым десем болот. Дос эле эмес, бир тууган болуп калдык. Жакшы адамдар. V’нин ата-энеси менен меникилер таанышып, алар да достошуп, катышып калышты”,- дейт актёр.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан