Арстанбек Базаркулов, спортчу: “БАШЫНДА ЖАБДЫКТАР ЖОК БОЛЧУ, ТАШ МЕНЕН ТАЛААДА МАШЫКЧУБУЗ”

Арстанбек Базаркулов кыргызстандыктардын ичинен алгачкылардан болуп Токиодо өтүүчү Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Ал ядрону түртүү боюнча үч мелдеште паралимпиадалык нормативди аткарган. Спортчу тагдыры, спортко келиши, ийгиликтери тууралуу кеп салды.

“ЖЕТИ ЖАШКА ЧЕЙИН ТӨРТ АЯКТАП ЖӨРМӨЛӨП ЖҮРЧҮМҮН”

– Мен үй-бүлөдө он бир туугандын үчүнчүсүмүн. Үйдө иним (ред.: Канат Келдибеков) экөөбүз спортчубуз, ал эрежесиз эр урушка чыгып жүрөт. Мени ушул даражага жеткирип багып өстүргөн апама, ыраматылык атама ыраазымын. Алар мени кыштын кыраан чилдесинде жонуна көтөрүп сабакка алып барчу. Мен “минтип силерди кыйнап окубайм” деп 1-классты бүткөндөн кийин мектепке барбай койдум. Анан жатак лицейге алып барышты. Ал жак албай койду. Ошондо ого бетер намыстанып мектептен чыгып, үйдөн өз алдымча шар окуганга үйрөндүм. Орус тилин телевизордон “Санта Барбара”, “Просто Мария” деген кинолордон үйрөндүм. 7 жашка чейин төрт аяктап жөрмөлөп жүрчүмүн. Атам ал кезде жылкы кайтарчу. Бир жолу арыктын жээгинде суу менен ойноп отурган элем. Атам жылкы айдап келатыптыр, жакындап калганда коркуп кетип туруп тамтаңдап чуркап кеткенимди элес-булас билем. Тамтаңдасам да басып кеткениме Кудайга шүгүр кылам.

Өткөөл куракта “баарынын жашоосу сонун, мен жалгыз ушинтип каламбы?” деп аябай жаман болгом. Балдар менен ойноюн деп аларга эптеп жетип барсам, алар дагы башка жакка кетип калышат. Кайра ал жакка жете албай кыйналчумун. Кийин ден соолугума байланыштуу Нарындан Бишкекке келип жашап калдым.

“АЛГАЧ 5000 СОМ УТУП АЯБАЙ СҮЙҮНГӨМ”

– 2008-жылы колго жасаган велоколяскам бар эле. Ошого отуруп алып “Дордой” базарында тиричиликтин арбайын согуп жүргөм. Биринчи машыктыруучум Саламат Бекбоевге жолугуп калдым. Жердешпиз, унаасын токтотуп “мени тааныйсыңбы?” деди. “Ооба, тааныйм” десем, “спортко кызыгасыңбы? Мага чалчы” деп номерин берип кетти. Телефон чалсам, “эртең мен сени бир жерге алып барам” деди. Эртеси мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган иш-чарага бардык. Ал жактан кол күрөшкө чыгып биринчи орунду жеңип, 5000 сом алгам. Аябай сүйүнгөм. Акчаны апама берсем, ал дагы аябай кубанды. Ошондон баштап спортко кызыгуу пайда болду. Залга барып штанга түртүү менен машыгып, мелдештерге катыштым. Шарты боюнча согончок жерге тийиш керек экен. А меники согончогум жерге тийбейт да. Штанга түртүү чынында жаккан жок. 2010-жылдан баштап ядрону түртүү, найза ыргытуу менен профессионалдык түрдө машыга баштадым.

Саламат Бекбоев, Паралимпиадалык спорт комитетинин директору Бакыт Исаков агайлар мени спортко шыктандырышып, ошол кишилер аркылуу ядрону ыргытканды үйрөндүм, интернеттен көрдүм. Башында жабдыктар жок болчу, кадимки эле таштарды 10 килограммга чейин ченеп, бетине замазка менен салмагын жазып алып талаада машыкчубуз. Велоколяскама араба чегип, таштарды салып талаага алып барчумун. Ошентип эки жылдай машыктык. Анан Дубайга бардык. Башка жактын спортчуларын көрүп тажрыйба алдык. Ошол жактан Кыргызстанга ядрону түртүү боюнча спорттук жабдыктарды алып келишти. Ийгилик жаратам деген максат менен спорттун аркасынан түшүп алыстыгына карабай Кант шаарына барып машыгып келем. Айта кетчү нерсе, ошол Канттагы спорт мектебинин залы гана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ылайыкташтырылган.

“МАКСАТЫМ – ЧЕМПИОНДУК НААМДЫ БАГЫНДЫРУУ”

– Ядрону түртүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар станокко отуруп алып темирден жасалган тоголок оор ташты ыргытышат. Анын салмагы 4 килограммдан 10 килограммга чейин барат. Эч нерсеге таянбай, болгону колуңдун күчү менен түртөсүң. Бутуң байлануу болот, ыргытып жатканда ордуңдан көтөрүлбөшүң керек. Ядронун биринчи түшкөн жери эсептелет. 2016-жылы Германиядагы турнирден 3-орунду утуп, Рио-Де-Жанейродо өткөн Паралимпиада оюндарына жолдомо алгам. Анда, тилекке каршы, 9-орунду алып калгам. 7-18-май аралыгында Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн мелдеште найза ыргытуу боюнча алтын, ядрону түртүү боюнча (ред.: 7 метр 98 сантиметрге ыргытты. Ушул эле мелдештен кыргыз спортчусу Адилет Камчыбеков 10 метр 27 сантиметрге ыргытып, алтын медаль алды) коло медаль алдым. Буга чейин февралда Дубайда өткөн жолдомолук мелдеште 5-орунду, март айында Тунисте өткөн Гран-при мелдеште 4-орунду ээлегем.

Мунун баары машыктыруучубуз Алмазбек Абировдун эмгеги. Өлкөнүн атынан паралимпиадага жолдомо алып, ичимде толкундоо болуп жатат. Саясатчы президент болууну, спортчу Олимпиада чемпиону болууну каалайт эмеспи. Анын сыңарындай, менин максатым деле чемпиондук наамды багындыруу. Биринчи орунга илинем деген үмүтүм чоң. Швейцариядан келгени калыбыбызга келүү үчүн бир аптадай эс алдык. Буюрса, машыгуу башталды. Алдыда дагы 3 ай бар.

“КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ 1-ТОПТОГУ МАЙЫППЫЗ”

– Келинчегим менен 2017-жылы ден соолукту чыңдоочу борбордон таанышкам. Ошол жылы Ысык-Көлдө сбор өтмөкпүз. Каражат жагы маселе болуп, Бакыт Исаков “сбордун ордуна сени ден соолукту чыңдоочу борборго жөнөтөлү” деди. Ал жакка барсам бир кыз көзүмө жылуу учурады. Жакшы кыз экен деп, бирок жанына жакындай албай койдум. Бир күнү эшикте машыгып жатсам анын палатасындагылар сыртка чыгып калышты. Бир эже “сен эмне спортчусуңбу, кел сүрөткө түшөлү” деп таанышып калдык. Ал жерде болочоктогу келинчегим да бар эле. Ошентип бири-бирибиздин номерибизди алыштык. Анан ал кыз дарылануусу бүтүп кетмекчи болду. Эмне кылам дедим. Акыры ал кызга СМС жазып, сүйлөшүп калдык. Айылга кетерин айтты. Мен ага жолукканы бардым. 6 саат сыртка чыкпай койсо болобу. Ал ортодо Саламат машыктыруучума чалып “үйлөнгөнү жатам, машинаңыз тазабы?” дедим. “Чын элеби, ал кызың алдап кетпейби?” деп ишенбейт. Бирок мен айткан дарекке келди. Аңгыча тигил кыз таягын таянып чыгып калды. Учурашып эле “мен сага үйлөнөйүн деп чечтим” дедим. Ал ойлонуп калды. “Жок дебе” дедим. Ошентип Зулайка экөөбүз баш кошуп калдык. Дарылануум калып калды.

Келинчегим экөөбүз тең төрөлгөндөн ДЦПдан жабыркап келебиз, 1-топтогу майыппыз. Учурда 2 баланы тарбиялап жатабыз. Кудайга шүгүр, алардын дени сак. Азыр улуу агамдын үйүндө турабыз.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
KUMKA
2021-06-01 12:41:55
Азаматсыз!Ийгиликтерди багындырыныз!
+1
Aimani
2021-06-01 16:16:15
Азамат экенсиз.сизге жана уй булонузго ийгилик
+1
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан